• Русский
  • Кыргызча
  • English
Menu

  

    

 

Бишкек шаары, 1994-жылдын 15-апрели N 1485-XII

Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу

(КР 1999-жылдын 2-июнундагы N 44 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2012-жылдын 1-июнундагы N 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(КР Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 15-апрелиндеги N 1486-XII токтому менен колдонууга киргизилген)

Бул Мыйзам республикада илимдин жана илимий-техникалык иштин (мындан ары - илимий-техникалык саясат) милдет аткарышын камсыз кылуучу негизги укуктук, экономикалык жана социалдык шарттарды жана гарантияларды бекемдейт.

Мамлекет экономикалык өнүгүүнүн аныктоочу булагы жана улуттук маданият менен билим берүүнүн ажырагыс бөлүгү катарында болгон илимди өнүктүрүүгө артыкчылык берүү менен колдоо көрсөтүп, илимий-техникалык иш чөйрөсүндөгү граждандардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүп, социалдык, экономикалык, маданий жана башка проблемаларды чечүү үчүн ата мекендик жана дүйнөлүк илимдин жана техниканын жетишкендиктерин пайдаланууну камсыз кылат.

Мыйзамда:

илим менен техниканы өнүктүрүүдөгү мамлекеттин ролун, коомдук өндүрүштү кайра түзүү жана адамдардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн илимий-техникалык жетишкендиктерди пайдаланууну;

мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги максаттарын, багыттарын жана принциптерин;

илимий-техникалык чөйрөдө мамлекеттик жөнгө салуунун түрлөрүн жана ыкмаларын;

илимий-техникалык саясатты жүзөгө ашыруудагы мамлекеттик органдардын бийлик-укуктарын;

илимий-техникалык ишти өнүктүрүүнүн экономикалык жана укуктук гарантияларын;

илимий кызматкерлердин жана илимий жамааттардын укуктук негиздерин аныктайт.

I бөлүм
Жалпы жоболор

1-статья. Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын ага ылайык чыгарылуучу башка мыйзам актыларынан турат.

2-статья. Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу Мыйзамдын негизги максаттары жана багыттары

Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу Мыйзам:

илимдин ролун жана республиканын экономикалык, социалдык жана маданий проблемаларын чечүү үчүн анын кайтарымынын натыйжалуулугун олуттуу жогорулатууга;

илимий, илимий-техникалык жана долбоорлоо-технологиялык уюмдардын иштешин оптималдаштыруу жана турукташтыруу, илимий жана илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү сактоого;

илимий мекемелердин өнүгүшү жана иш жүргүзүшү үчүн жагымдуу уюштуруучулук жана материалдык-техникалык шарттарды түзүүгө;

илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин туруктуу иштеши үчүн социалдык гарантияларды камсыз кылууга багытталган.

Мамлекет гарантиялуу көмөк көрсөтүүнүн негизинде илим менен техниканын коомдун турмушундагы ролун жогорулатууну, илимий чыгармачылыктын эркин өнүгүшүн, илимий-техникалык ишти активдештирүүнү, интеллектуалдык иштин натыйжасы болуп эсептелген интеллектуалдык менчикти коргоону камсыз кылат.

3-статья. Илимий-техникалык ишти жөнгө салуунун тартиби

Ушул Мыйзамдын негизинде илимий-техникалык иш процессинде пайда болгон мамилелер жөнгө салынат, буга изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды, тажрыйба иштерин жүргүзүү, жаңы техниканы жана технологияны өздөштүрүү жана жайылтуу, ошондой эле жаңы илимий-техникалык продукцияларды пайдаланууга жана аны керектөөчүлөргө байланыштуу иштер кирет.

Илимий-техникалык иштин катышуучуларынын ортосундагы мамилелер ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары, ошондой эле түзүлгөн келишимдер тарабынан жөнгө салынат.

Кыргыз Республикасынын ведомстволоруна же башка мамлекеттик органдарына түздөн-түз баш ийдирилген мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишинин тартиби ушул Мыйзамдын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды өз алдынча изилдөө жана илимий-техникалык уюмдарда (фирмаларда, ишканаларда) жүргүзүп жаткандардын санын кошуп алганда бул иштин тартиби жана масштабдары алар тарабынан ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уюмдун ишинин максаттарына ылайык аныкталат. Мында коммерциялык натыйжа алуу менен прикладдык изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү негизги иши болуп эсептелген илимий-техникалык уюмдар өз ишинин тартибин жана масштабдарын рыноктук мамилелердин негизинде илимий-техникалык продукцияга болгон талаптын конъюнктурасына негизденип аныкташат.

Өз алдынча илимий-техникалык уюмдардын (фирмалардын, ишканалардын) иши аларга максаттуу кредиттерди жана субсидияларды, өкмөттүк заказдарды жана контракттарды (келишимдер) берүү менен мыйзамдарда белгиленген салыктардын, жеңилдиктердин, кредиттик ставкалардын жана экономикалык жөнгө салуунун башка ыкмаларынын жардамы менен жөнгө салынат.

II бөлүм
Илимий-техникалык саясатты мамлекеттик жөнгө салуу

4-статья. Мамлекеттик илимий-техникалык саясатты аныктоо

Мамлекеттик илимий-техникалык саясат илимий-техникалык чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттин негизги максаттарын, багыттарын, принциптерин, ишинин түрлөрүн жана ыкмаларын аныктай турган социалдык-экономикалык саясатынын курамдык бөлүгү.

Мамлекет илимий-техникалык саясатты калыптандырат, мамлекеттер аралык жана эл аралык маанидеги илимий-техникалык иштерге өзүнүн катышышынын чараларын, түрлөрүн жана каражаттарын өз таламдарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө негизденип аныктайт, илимий-техникалык чөйрөдөгү өзүнүн укуктарын жана таламдарын сактай турган структураларды түзөт.

Мамлекет:

- илимий-техникалык иштин бардык субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү менен кошо алганда илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү калыптандыруу жана аларды натыйжалуу пайдалануу үчүн социалдык-экономикалык, уюштуруучулук, укуктук шарттарды;

- илимдин азыркы кездеги инфраструктурасын түзүүнү, илимий-техникалык кадрларды даярдоону, алардын укуктук жана социалдык жактан корголушун;

- илим менен өндүрүштөрдү түзүүнү интеграциялоону;

- фундаменталдуу изилдөөлөрдү, мамлекеттик илимий-техникалык программаларды мамлекет тарабынан финансылоону жана аларды материалдык-техникалык жактан артыкчылык берип камсыз кылууну, мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын натыйжалуу жана сарамжал пайдаланылышына контролдук жүргүзүүнү;

- илим менен техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылык берилген багыттарына жана аларды ишке ашыруу үчүн ресурстарды топтоого колдоо көрсөтүүнү;

- илимий-техникалык продукциянын рыногун түзүүнү жана илим менен техниканын жетишкендиктерин өндүрүштүк жана социалдык чөйрөгө жайылтууну;

- илимий-техникалык чөйрөдө статистиканы уюштурууну;

- илим менен техника чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алууну маалымат менен камсыз кылууну;

- изилдөөлөрдүн, жаңы технологиялар менен техникалардын илимий-техникалык деңгээлине баа берүүнү, маанилүү илимий-техникалык долбоорлорду экспертизадан өткөрүүнү;

- ата мекендик жана дүйнөлүк илим менен техниканын жетишкендиктерин эл чарбасында пайдалануу үчүн башка мамлекеттер менен байланыштарды түзүүнү камсыз кылат.

5-статья. Мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги принциптери

Төмөндөгүлөр:

- илимий-техникалык прогресстин коомдун экономикалык, социалдык жана рухий өнүгүшү менен органикалык биримдиги;

- башкарууну демократиялаштыруу (коомдук талкуунун ар кандай түрлөрү, компетенттүү жана объективдүү экспертиза, конкурстук башталыштар);

- экологиялык коопсуздуктун талаптарын эске алуу;

- илимий-техникалык артыкчылыктарды тандап алуу жана аларды ишке ашыруу үчүн ресурстарды топтоо жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн эң маанилүү проблемаларын чечүүнү камсыз кылуучу илим-изилдөө иштерине биринчи кезекте мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

- илимий жана ойлоп табуу ишине, техникалык чыгармачылыкка колдоо көрсөтүү, интеллектуалдык менчикти коргоо;

- илимий-техникалык чөйрөдөгү атаандаштыкка жана ээлик кылуучулукка колдоо көрсөтүү;

- илимий-техникалык ишти уюштуруунун бардык түрлөрүнүн тең укуктуулугу, коллективдүү жана жеке илимий-техникалык чыгармачылыкты айкалыштыруу;

- илимий, билим берүүчү жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктү өнүктүрүүнүн биримдиги;

- илимий-техникалык коомчулуктун мамлекеттик илимий-техникалык саясатты калыптандырууга жана ишке ашырууга катышуусу;

- илимий-техникалык прогрессти камсыз кылуу үчүн дүйнөлүк илимдин жана эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдалануу;

- илимий-техникалык маалыматты жайылтуунун эркин болушу жана илимий-техникалык жетишкендиктерди пропагандалоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик илимий-техникалык саясатынын негизги принциптери болуп эсептелет.

6-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик илимий-техникалык саясат жагындагы бийлик-укугу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көрсөтүүсү боюнча илимий изилдөөлөрдү бюджеттик финансылоонун аткарылышы жөнүндө отчетту жана улуттук кирешенин жалпы көлөмүнөн илим менен техниканы өнүктүрүүгө кетүүчү чыгашалардын кийинки мезгилге үлүшүн бекитет.

7-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекеттик илимий-техникалык саясатты башкаруу жагындагы бийлик-укугу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги максаттарын, багыттарын, принциптерин аныктайт;

- мамлекеттик илимий-техникалык саясатты турмушка ашырууну камсыз кылат;

- илим менен техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылык берилген багыттарын, улуттук жана мамлекеттик илимий-техникалык программалардын тизмесин макулдашат жана бекитет;

- мамлекеттик илим-изилдөө мекемелерин, жогорку окуу жайларын, республикалык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди жана комплекстерди, илимий борборлорду, эгерде алар республиканын бюджетинен финансыланса, башка мамлекеттер жана чет өлкөлүк фирмалар менен биргелешип түзүлгөн илимий мекемелерди түзөт жана жоет;

- илимий изилдөөлөрдү мамлекеттик бюджеттен камсыздоону жүзөгө ашырат, илимий мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча чараларды көрөт;

- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын натыйжалуу чыгымдалышына, материалдык-техникалык базанын сарамжал пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашырат;

- илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу жана ага колдоо көрсөтүү үчүн бюджеттен тышкаркы фондуларды түзүүгө колдоо көрсөтөт жана ага түрткү берет;

- республиканын мамлекеттик бюджетинен финансылануучу илим-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди координациялайт;

- колдонуудагы мыйзамдардын негизинде илимий-техникалык прогрессти тездетүү боюнча иш жүргүзгөн ишканалардын, бирикмелердин жана уюмдардын ишине түрткү берүүчү экономикалык, укуктук жана уюштуруучулук механизмдерди түзөт;

- илимий-техникалык чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларды, келишимдерди түзөт, эл аралык илимий-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын ишин координациялайт.

Мамлекеттик илимий-техникалык саясатты Өкмөт өзүнүн атайын түзүлгөн органы (же органдары) аркылуу жүзөгө ашырат, бул орган Өкмөт тарабынан бекитилген Жобого ылайык иш жүргүзөт.

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун башка борбордук органдары, мамлекеттик бийлик жана башкаруунун жергиликтүү органдары мамлекеттик илимий-техникалык саясатты жүзөгө ашырууга колдонуудагы мыйзамдарда каралган өз бийлик-укуктарынын чектеринде катышышат.

III бөлүм
Илимдин системасы жана илимий, илимий-техникалык мекемелер

8-статья. Илимий жана илимий-техникалык мекемелер

Улуттук илимдер академиясы жана академиялык институттар, жогорку окуу жайларынын илимий кичи бөлүмдөрү, тармактык жана тармактар аралык илим-изилдөө институттары илимий борборлор жана технологиялык бюролор, инженердик борборлор, илимий-өндүрүштүк бирикмелер, тажрыйба станциялары, илимий базалар, фирмалар, илимий станциялар илимий мекемелерге таандык кылынат.

Илимий жана илимий-техникалык мекемелер бул - юридикалык жактар болуп эсептелип, илим-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана башка илимий-техникалык иштерди, ошондой эле илимий ишти камсыз кылуучу көмөкчү иштерди өткөрүү алардын милдетине кирет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, жамааттык жана жеке илимий мекемелер иштеши мүмкүн. Мыйзамдарда тыюу салынбаган ар кандай түрдөгү аралаш менчикте болгон илимий мекемелерди түзүүгө жол берилет.

9-статья. Илимий жана илимий-техникалык мекемелердин укуктук абалы

Эгерде илимий-изилдөө иши аталган мекеменин уставында каралган максаттарга жана милдеттерге ылайык келсе жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына карама-каршы келбесе илим-изилдөө иштерин жүзөгө ашырышат.

Илимий жана илимий-техникалык мекемелер:

- илимий ишинин негизги багыттарын өз алдынча аныктоого;

- илимий изилдөөлөрдү финансылоо боюнча конкурстарга катышууга;

- башка илимий мекемелер жана ишканалар менен тикелей байланыштарды өнүктүрүүгө;

- бирикмелерге кирүүгө, белгиленген тартипте филиалдарды, ошондой эле өндүрүштүк жана башка чарбалык ишканаларды (илимий-техникалык, технологиялык жана башка продукцияларды алуу үчүн менчигинин түрү ар кандай болгон ишканаларды), эгерде бул илимий уюмдун уставында каралса, илим-изилдөө боюнча тектеш биргелешкен кичи бөлүмдөрдү түзүүгө;

- илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялуу басмаларды бастырып чыгарууга;

- илимий-техникалык маалыматтардын банктарын калыптандырууга, илимий конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө;

- илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантура жана докторантура аркылуу даярдоону жүзөгө ашырууга;

- белгиленген тартипте илимий даражаларды берүү жана илимий наамдарды ыйгаруу боюнча кеңештерди түзүүгө;

- мамлекеттер аралык илимий-техникалык программаларга катышууга, чт өлкөлүк уюмдар менен контракттар түзүүгө;

- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе граждандарга жана тышкары турган уюмдарга, мекемелерге кошумча акы алып кызмат көрсөтүүгө укуктуу.

Мамлекеттик илимий мекемелерге алардын ишинин бүткүл мөөнөтүнө мамлекет алардын уставында каралган иш үчүн пайдаланыла турган негизги жана жүгүртмө фондуларды, жерди жана башка мамлекеттик мүлктү акысыз пайдаланууга берет.

Мамлекеттик илимий мекемелерге алардын ишинин бүткүл мөөнөтүнө илимий, сыноо полигондору үчүн жер участоктору (геоэкологиялык, физикалык, химиялык жана башка) акысыз пайдаланууга берилиши мүмкүн.

Негизги жана жүгүртмө каражаттар, жер участоктору жана башка мамлекеттик мүлк алынып коюлбайт.

Кыргыз Республикасынын илимий мекемелери зарыл болгон учурда белгиленген тартипте тармактык жана регионалдык бөлүмдөрдү, илим-изилдөө институттарын, илимий, окуу-илимий инженердик борборлорду, илимий-окуу-дарылоо комплекстерин, инновациялык борборлорду, чакан жана биргелешкен ишканаларды түзө алышат.

10-статья. Илимий-техникалык иш чөйрөсүндөгү атаандашуунун жана ээлик кылуунун эркиндиги

Мамлекет илим жана техника чөйрөсүндө рыноктук мамилелерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп, атаандашууну, ар кандай илимий мектептерди түзүүнү жана өнүктүрүүнү, альтернативалуу идеяларды жана долбоорлорду кубаттап, максатка багытталган кредиттик-финансылык, баа, салык жана монополияга каршы саясат жана илимий-техникалык иштин ар кандай түрлөрүн түзүү аркылуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын натыйжаларын ишке ашыруу боюнча көз карандысыз илимий-техникалык демилгени, ээлик кылуу ишин колдойт жана ага түрткү берет.

11-статья. Илимий мекемени түзүүнүн жана каттоонун тартиби

Мамлекеттик бюджеттен финансылануучу илимий мекемелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлөт.

Илимий мекемелер ишканаларды же мекемелерди каттоо үчүн белгиленген тартипте ылайык катталууга тийиш.

Илимий мекеме Уставы катталган учурдан тартып юридикалык жактан укугуна ээ болот.

12-статья. Илимий мекемеге жетекчилик

Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчиси эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда, тиешелүү багыттагы жана квалификациядагы илимдин доктору деген окумуштуулук даражасы бар же тиешелүү тармактагы жетекчилик тажрыйбасы бар илимдин доктору даражасына ээ адистердин ичинен альтернативалык негизде жашыруун добуш менен 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлануусу мүмкүн эмес.

Илимий мекемелердин жетекчилерин кызмат орундарынан бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

(КР 2012-жылдын 1-июнундагы N 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-статья. Илимий-техникалык саясатты жүргүзүүгө катышуучу уюмдар, мекемелер жана ишканалар

Иши илимий-техникалык чөйрөнү колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган илимий-техникалык экспертиза, маалымат органдары, аккредиттелген кызматтар, республикалык жана жергиликтүү фондулар да илимий-техникалык саясатты жүргүзүүгө катышкан уюмдарга таандык кылынат. Бул кызматтар экспертиза, лицензиялоо жана аккредиттөө жагынан көз карандысыз болуп эсептелет.

14-статья. Коомдук илимий жана илимий-техникалык бирикмелер

Тиешелүү тармактагы окумуштуулар менен адистерди ыктыярдуу башталыштарда бириктирип турган жеке, жамааттык, коомдук жана башка илимий уюмдар толук өз алдынчалыктын, өзүн-өзү финансылоонун, өзүн-өзү камсыз кылуунун принциптеринде аракеттенишет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана өздөрүнүн уставдарынын же жоболорунун негизинде иш жүргүзүшөт.

Жеке, жамааттык, коомдук жана башка илимий уюмдардын өз фондулары болушу мүмкүн.

Жеке, жамааттык, коомдук жана башка илимий уюмдар мамлекеттик органдар тарабынан катталат.

15-статья. Мамлекеттик органдардын жана коомдук илимий жана илимий-техникалык бирикмелердин илимий-техникалык саясатты жүзөгө ашыруудагы өз ара мамилелери

Мамлекеттик органдар илимий-техникалык саясатты мамлекеттик, коомдук илимий жана илимий-техникалык бирикмелердин катышуусу менен жүзөгө ашырышат.

Мамлекет коомдук илимий жана илимий-техникалык бирикмелерди түзүүгө тоскоолдук кылбайт жана аларды илимий-техникалык чөйрөдө даярдоо, негизги чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу үчүн тарта алат, алардын мамлекеттик илимий-техникалык саясатты түзүүгө жана жүргүзүүгө катышуусу үчүн шарттарды камсыз кылат.

16-статья. Илимий-техникалык продукцияга болгон укукту мамлекет тарабынан коргоо

Мамлекет илимий жана илимий-техникалык продукцияга болгон интеллектуалдык менчик укугун коргойт. Бул чөйрөдө келип чыккан мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат.

Мамлекет илимий жана илимий-техникалык иштин субъектилерине илимий-техникалык продукцияга болгон укугун коргоонун бирдей шарттарын сот тартибинде камсыз кылат.

IV бөлүм
Илимий жана илимий-техникалык иштин субъектилери

17-статья. Илимий кызматкерлер жана алардын жамааттары илимий-техникалык иштин негизги субъектилери

Илим изилдөө процессине, илимий жана илимий-техникалык продукцияларды жана технологияларды түзүүгө жана жайылтууга түздөн-түз катышкан жеке адамдар жана юридикалык жактар илимий жана илимий-техникалык иштин субъектилери болуп саналат.

Илимий жана илимий-техникалык кызматкер илимий жана илимий-техникалык иштин негизги субъектиси болуп эсептелет.

Жогорку билимдүү же жогорку билимге ылайык келген даярдыгы бар, кесиби боюнча табигый, техникалык же коомдук илимдер, теориялык же прикладдык изилдөөлөр жагында өз алдынча же илимий-техникалык иштин колдонулуп жаткан уюштуруу түрлөрүндө (илим-изилдөө, иликтөө же башка илимий иш) иштеп жаткан адам илимий жана илимий-техникалык кызматкер болуп эсептелет.

Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерди бириктирип турган илимий-техникалык жамаат илимий жана илимий-техникалык чөйрөдөгү негизги уюштуруучу звено болуп саналат. Илимий-техникалык жамааттардын туруктуу бирикмелери илимий уюмдарды түзүшөт.

Инновациялык ишканалар жана уюмдар илимий-техникалык иштеп чыгууларды өндүрүшкө жайылтуу боюнча уюштуруу структурасы болуп саналат.

18-статья. Илимий кызматкерлердин укуктук абалы

Илимий кызматкер:

- өзүнүн илимий көз караштарын эркин билдирүүгө өзүнүн чыгармачылыгынын эркиндигине кол салгандардан аны коргоого, интеллектуалдык менчигин коргоого, илимий-изилдөөлөрүнүн натыйжаларын көз карандысыз экспертизадан өткөрүүгө, мыйзамга карама-каршы келбеген түрдө ар кандай илим-изилдөө ишинин натыйжаларын ишке ашырууга;

- алдыңкы илим-изилдөө мекемелеринде үйрөнүүдөн өтүү, аспирантурада жана докторантурада окуу, илимий конференцияларга катышуу аркылуу илимий квалификациясын жогорулатууга;

- чет өлкөлүк кесиптештер менен илимий маалыматтарды алмашууга жана биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, иштерин башка өлкөлөрдө жарыялоого, чет өлкөдөгү илимий уюмдарда үйрөнүүдөн өтүүгө жана иштөөгө;

- республикалык жана чет өлкөлүк илимий коомдорго кирүүгө жана шайланууга;

- илим-изилдөө ишинин максаттарына жетишүү үчүн мыйзамдарда тыюу салынбаган башка аракеттерди жасоого укуктуу.

Илимий уюмдардын уставдарында илимий кызматкерлер үчүн башка укуктар да аныкталышы мүмкүн.

Илимий кызматкерлердин милдеттери илимий уюмдун Уставы же контракттын (эмгек келишиминин) шарттары тарабынан регламенттелет.

Илимий кызматкердин укуктарын бузууга же анын мыйзамдарда же келишимде каралган өз милдеттерин аткарбашына байланыштуу келип чыккан талаштар сот тарабынан каралат.

19-статья. Изилдөөчүнүн көз карандысыздыгы

Изилдөөчү өзү изилдеп жаткан нерсенин багытын, темасын жана ыкмаларын эркин тандап алат жана өзүнүн илимий таламдарын жана илимди гумандаштыруунун талаптарын жетекчиликке алат, буга анын жетишкендиктеринин мүнөзү жана багыты да кирет.

Изилдөөчүнү жана илимий коомчулукту илимди идеологиялаштыруудан, илимий чөйрөгө кандай гана болбосун партиялык жана таптык таламдардын таасиринен, бюрократтык кысым көрсөтүүдөн, изилдөө процессине иштин көзүн билбей туруп кийлигишүүдөн коргоо гарантияланат.

Ар бир изилдөөчү өзү кызматтык мамилелерде болгон администрацияга көз карандысыз, ага мамлекеттик, коомдук же башка фондулар тарабынан субсидиялар (гранттар) түрүндө, конкурстук иштер же долбоорлор тартибинде берилген иштерди финансылоого укуктуу.

Изилдөөчү алынган илимий жана техникалык натыйжаларга өзүнүн автордугун таанууну талап кылууга, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда каралган учурларда аны тескөөгө укуктуу.

Мамлекет изилдөөлөрдүн натыйжаларын республикада жана чет өлкөдө эркин жана өз убагында жарыяланышына көмөк көрсөтүп, изилдөөчүнүн эл аралык илимий коомчулук менен ачык жана эркин байланыш түзүшүнө көмөк көрсөтөт.

Изилдөөчү өзүнүн илимий таламдарына негизденип өзү каалаган мөөнөткө каалаган мамлекетте өз иш ордун тандап алууга укуктуу.

Изилдөөчүлөр жамааттарга ассоциацияларга, бирликтерге жана башка ыктыярдуу илимий бирикмелерге эркин жана өз алдынча бириге алышат, мыйзамдарда тыюу салынбаган ар кандай түрдөгү коммерциялык натыйжа алууга багытталган көз карандысыз уюмдарды (фирмаларды, ишканаларды, акционердик компанияларды, корпорацияларды) түзө алышат.

20-статья. Илимий-техникалык чөйрөдө контракттарды пайдалануу

Илимий кызматкерлер өз кызматтарын конкурстук же контракттык тартипте ээлешет.

Мамлекет контрактты (келишимди) илимий-техникалык чөйрөдөгү коомдук мамилелерди натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуучу каражат катары тааныйт.

Изилдөө жамааты же айрым изилдөөчү тарабынан айкын проблеманы белгилүү мөөнөттүн ичинде чечүүдө тиешелүү натыйжа алууну караган илим жана техника чөйрөсүндөгү изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар басымдуу түрдө контракттар боюнча уюштурулат.

Мамлекеттин муктаждыктары үчүн илимий жетишкендиктер жана иштеп чыгуулар да контракттык негизде аткарылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мамлекеттер аралык макулдашууларга жана келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин юридикалык жактары жана жеке адамдары контракттардын субъектилери болушу мүмкүн.

Илимий-техникалык уюмдар чет өлкөлүк адистер менен кошо алганда кызматкерлерди жумушка контракт боюнча чакыра алышат жана эмгегин уюштуруунун жана акы төлөөнүн шарттарын өз алдынча аныктай алышат.

21-статья. Илимий кызматкерлерге акы төлөө

Илимий уюмдарда илимий кызматкерлерге акы төлөө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат жана анын эң жогорку өлчөмү чектелбейт.

Убактылуу изилдөө топторунун мүчөлөрүнө акы төлөө келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.

Илимий кызматкердин кошумча акы алуу менен убактылуу чыгармачыл жамааттарга катышуусу, ошондой эле башка бир ишти аткарышы негизги иштеген жери боюнча өз милдеттерин аткаруу учурунда кошумча шарттар менен чектелбейт.

22-статья. Жогорку квалификациялуу илимий кызматкерлердин жетишкендиктерине мамлекеттик түрткү берүү

Мамлекеттик илимий уюмдарда иштеген жогорку квалификациялуу илимий кызматкерлердин жетишкендиктерине түрткү берүү моралдык түрткү берүүлөрдү колдонуу, акы төлөө системасы жана социалдык, турмуш-тиричилик чөйрөсүндөгү жеңилдиктер системасы аркылуу камсыз кылынат.

23-статья. Илимий кызматкерлерди социалдык жактан коргоо

Мамлекет илимий кызматкерлерге шарт түзөт жана анын татыктуу статусун гарантиялайт жана аны:

илимдин докторлорун (профессорлорун) жана кандидаттарын мамлекеттик кызматкерлердин жогорку кызматтык категорияларына теңештирүү;

мамлекеттик мекемелерде иштеп жаткан илимдин докторлорунун (профессорлорунун) жана кандидаттарынын жеңилдиктерин колдонуудагы мыйзамдарга ылайык сактоо;

мамлекеттик мекемелерге иштеп жактан илимдин докторлоруна (профессорлоруна) жана кандидаттарына эмгек отпускасын тиешелүү түрдө: 48 жана 36 жумуш күнү өлчөмүндө берүү;

эгерде илимий кызматкер илимий мекемелерде кеминде 10 жыл иштесе, ага мамлекеттик квартираны акысыз приватташтыруу укугу менен берүү;

илимдин докторлоруна (профессорлоруна) жана кандидаттарына квартира алган учурда болгон турак жай аянтынын нормасынан ашык тиешелүү түрдө кеминде 20 чарчы метр жана 15 чарчы метр өлчөмүндө кошумча турак жай аянтын бөлүп берүү;

илимдин докторлоруна (профессорлоруна) жана кандидаттарына өзүмдүк үй куруу, квартираны сатып алуу, багбанчылык-дача участокторун өздөштүрүүгө жана башка социалдык, турмуш-тиричилик муктаждыктарына жеңилдик берүүчү кредиттерди берүү;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында регламенттештириле турган башка шарттарды түзүү аркылуу коргойт.

24-статья. Илимий кызматкердин жоопкерчилиги

Илимий кызматкер жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн багыттуулугу, ыкмалары жана аныктыгы, алардын натыйжалары жана бул натыйжаларды илимий-техникалык прогрессти өнүктүрүүнүн, гумандуулукту, акыйкаттуулукту, экологиялык коопсуздукту, турмушту сактоонун таламдарында пайдалануу үчүн башка илимий кызматкерлердин, коомдун, мамлекеттин, адамзаттын алдында жоопкерчиликте болот.

Өзүнүн эмгектик (кызматтык) милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарбаган илимий кызматкер мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Илимий кызматкер ошондой эле:

кесиптик этиканын нормаларын жана адеп-ахлактын эрежелерин бузгандыгы үчүн;

ушул Мыйзамда каралган башка милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жооп берет.

Эгерде илимий жамааттын түзүүчү документтеринде башкача аныкталбаса, илимий жамаатка колдонуучу жоопкерчилик чарасы бир эле мезгилде анын мүчөсүнө колдонулуучу жоопкерчилик чарасы болуп эсептелет.

25-статья. Илимий-техникалык кадрларды калыптандыруу жана аны кубаттоо боюнча мамлекеттик саясат

Мамлекеттик илимий-техникалык саясатты түзүүчү илимий-техникалык кадрларды калыптандыруудагы мамлекеттик саясат коомдун интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн көбөйтүүгө, илимий жана техникалык маданиятты өнүктүрүүгө жана жайылтууга, илимий-техникалык кызматкерлерди жаңычылдыкка жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөргө тарбиялоого багытталган.

Мамлекет илимий эмгектин артыкчылыгын жогорулатууну, илимий-техникалык кызматкерлердин жана илимий-педагогикалык кадрлардын социалдык, экономикалык жана адеп-ахлак жагынан корголушун камсыз кылат.

Мамлекет илимий-техникалык кадрларды мамлекеттик илимий мекемелерде жана окуу жайларында даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылып, бул үчүн зарыл болгон каражаттарды жана материалдык ресурстарды бөлүп берет, мыйзамга ылайык тиешелүү жеңилдиктерди берет. Мамлекет кадрларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашырып жаткан менчиктин ар кандай түрүндө болгон уюштуруу структураларынын иш жүргүзүшү үчүн бирдей укуктук шарттарды түзөт.

Мамлекет таланттуу жаштарды издеп табуунун жана тандап алуунун, жогорку окуу жайларынын, илимий уюмдар менен ишканалардын базасында адистештирилген илимий-изилдөө жана окуу-өндүрүштүк мекемелерди калыптандыруу системасын түзүүнү камсыз кылат, жаштарды үйрөтүүгө, илимий кызматкерлердин окутуучулардын, адистердин окутуучулук жана илим-изилдөө иштеринде, илим менен билим берүүнү интеграциялоонун башка түрлөрүндө да иштешине көмөк көрсөтөт.

Мамлекет Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде илимий-техникалык жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого көмөк көрсөтөт.

Мамлекет кадрларды аттестациялоонун системасын жайылтат жана ага колдоо көрсөтөт, жогорку билим жөнүндө дипломдордун жана илимий даражалардын эл аралык деңгээлде эквиваленттүүлүгүнүн таанылышына көмөктөшөт.

Мамлекет билим берүүнүн ар бир деңгээли үчүн билим берүү программалары аркылуу ишке ашырылуучу илимий-техникалык илимдердин милдеттүү минимумун белгилейт.

Мамлекет илим жана техника жагындагы эң жогорку жетишкендиктер үчүн мамлекеттик сыйлыктарды, өтө көрүнүктүү кыргыз окумуштууларынын атындагы сыйлыктарды, илимди, технологияны өнүктүрүүгө, аларды өндүрүшкө киргизүүгө олуттуу салым кошкон, илимий-техникалык кадрларды даярдоодо артыкчылык көрсөткөн адамдар үчүн ардак наамдарды белгилейт.

Мамлекеттик эмес жана коомдук илимий-техникалык бирикмелер өздөрүнүн уставдарына ылайык бул үчүн бюджеттик каражаттарды пайдаланбастан атайын сыйлыктарды жана наамдарды белгилеши мүмкүн.

26-статья. Илимий квалификациясын жогорулатуунун түрлөрү

Квалификациялуу илимий кадрлары жана материалдык базасы бар Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана жогорку окуу жайлары жана башка илимий мекемелери белгиленген тартипте кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жактоо боюнча аспирантураларды, докторантураларды, адистештирилген кеңештерди түзүүгө, илимий кызматкерлерди үйрөтүүдөн өткөрүүнү уюштурууга жана квалификациясын жогорулатуунун башка түрлөрүн пайдаланууга укуктуу.

27-статья. Улуттук аттестациялоо комиссиясы

Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялоо комиссиясы илимий жана жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жана илимий даражаларды берүүнү, илимий наамдарды ыйгарууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик борбордук илимий-эксперттик орган болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялоо комиссиясы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Улуттук аттестациялоо комиссиясы жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык жүзөгө ашырат.

(КР 1999-жылдын 2-июнундагы N 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

V бөлүм
Илим менен техниканын артыкчылык берилүүчү багыттары

28-статья. Илим менен техниканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик артыкчылыктарын аныктоо

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана илимий-техникалык жактан өнүгүшүнүн анын ар кандай варианттарына милдеттүү түрдө талдоо берилген мамлекеттик экспертизанын, көз карандысыз эксперттердин жана коомдук талкуунун корутундулары пайдаланылган комплекстүү божомол илим менен техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылык берилүүчү багыттарын аныктоо үчүн негиз болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү илим менен техниканы өнүктүрүүнүн ар бир артыкчылык берилген багыты боюнча максаты, күтүлгөн экономикалык жана социалдык натыйжалары, аны ишке ашыруунун натыйжасында өндүрүштө келип чыгуучу структуралык өзгөрүүлөрү буга кетүүчү чыгашалар үчүн негиздүү маалыматтары аныкталган илим менен техниканы өнүктүрүүнү тиешелүү багытынын концепциясынын иштеп чыгуучу мамлекеттик органдары жана илимий мекемелерди аныктайт. Концепция Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралат жана ал тарабынан жактырылгандан кийин илимий-изилдөөлөрдү өткөрүү, техника менен технологиянын жаңы түрлөрүн түзүү жана өздөштүрүү боюнча мамлекеттик илимий-техникалык программаларды калыптандыруу үчүн негиз болуп эсептелет.

29-статья. Улуттук, мамлекеттик жана мамлекеттер аралык илимий-техникалык программалар

Улуттук илимий-техникалык программалар Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү таламдарына негизденип калыптандырылат жана эң маанилүү социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүгө багытталган.

Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес, коомдук илимий-техникалык программалар илим менен техниканы өнүктүрүүнүн улуттук программаларын жана артыкчылык берилген багыттарын ишке ашыруунун негизги каражаты болуп эсептелет.

Мамлекеттик илимий-техникалык программалар конкурстук негизде тандалып алынган максаттуу долбоорлордун жана иштеп чыгуулардын негизинде калыптандырылат жана ишке ашырылат.

Мамлекеттик илимий-техникалык программалардын ар бири боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү программаны өнүктүрүү жана ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон башкаруу органын аныктап, программанын жетекчилерин дайындап, аларга зарыл болгон бийлик-укуктарын, анын ичинде ресурстарды тескөө боюнча укуктарды берет.

Илимий-техникалык программаны башкаруу органынын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасы көп тараптуу же кош тараптуу келишимдердин негизинде бул максаттар үчүн бюджеттик каражаттарды бөлүп берүүнү эске алуу менен мамлекеттер аралык илимий-техникалык программаларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат.

30-статья. Илимий-техникалык чөйрөдөгү мамлекеттик заказ

Илимий-техникалык чөйрөдөгү мамлекеттик заказ илимий-техникалык иштин субъектилеринин фундаменталдуу изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө, эреже катары, мамлекеттик органдардын конкурстук долбоорлору боюнча мамлекеттик илимий-техникалык программаларга, ошондой эле илимий-техникалык ишке колдоо көрсөтүп жаткан мамлекеттик фондуларга ылайык принцибинде жаңы технологияларды, илимий-техникалык продукцияларды иштеп чыгышы жана өнүктүрүшү үчүн экономикалык жактан пайдалуу шарттарды камсыз кылат. Мамлекет мамлекеттик заказды алууга болгон конкурстарды өткөрүүдө маалымдуулукту камсыз кылат.

Мамлекеттик заказ финансылоо менен камсыз кылынат жана материалдык-техникалык ресурстар менен колдоо көрсөтүлөт жана аларды аткаруучуларга конкурстук негизде берилет.

31-статья. Көз карандысыз илимий-техникалык экспертиза

Көз карандысыз илимий-техникалык экспертиза илимий-техникалык иштин ажырагыс элементи болуп саналат жана илим менен техниканы өнүктүрүү, тиешелүү илимий-техникалык программалар менен долбоорлордун жана артыкчылык берилген багыттарынын структурасынын жана мазмунунун илимий жактан негизделишин камсыз кылуу, илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруунун социалдык-экономикалык жана экологиялык натыйжаларын аныктоо, илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү, изилдөөлөрдүн жана алардын натыйжаларынын деңгээлин аныктоо максатында жүргүзүлөт.

Көз карандысыз илимий-техникалык экспертиза мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, мекемелердин, окуу жайларынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле айрым адистердин, анын ичинде чет өлкөлүк адистердин катышуусу менен киргизилет.

Илимий кызматкерлерди, адистерди, ошондой эле илимий уюмдар менен мекемелерди экспертиза өткөрүүгө тартуу контракттын (келишимдин) негизинде жүзөгө ашырылып, анда экспертиза өткөрүүгө байланыштуу аракеттер шартталат.

Экспертиза өткөрүүгө кетүүчү каражаттар илимий-техникалык ишти финансылоого кетүүчү жалпы чыгашалардын көлөмүндө каралат.

Көз карандысыз илимий-техникалык экспертиза органдарын уюштуруунун жана анын ишинин тартиби жана алардын структурасы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Өкмөт тарабынан аныкталат.

VI бөлүм
Материалдык-техникалык жана маалымат менен камсыз кылуу

32-статья. Илимий изилдөөлөрдү материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун тартиби

Илимий изилдөөлөрдү мамлекеттик бюджеттен финансылоо маселесин чечүү учурунда, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана өнүктүрүүгө каражаттарды бөлүү жөнүндө маселе бир эле мезгилде каралат.

Материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу илимий мекемелер тарабынан келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.

33-статья. Илимий-техникалык маалымат системасы

Мамлекет илимий-техникалык маалымат системасын түзүү максатында илимий-техникалык маалыматтардын бардык түрлөрүн алгачкы жыйноонун жана иштеп чыгуунун борбордук жана аймактык тармактарын өнүктүрүүнү камсыз кылып, информациялык продукцияны жайылтуу жана анын сапаттык деңгээлин жогорулатуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат.

Мамлекет маалыматтын, адабияттардын, мезгилдүү басма сөздүн мамлекеттик маалымат борборлоруна, илимий китепканаларга келип түшүшүнө зарыл болгон финансылык, анын ичинде валюталык колдоо көрсөтүүнү камсыз кылып, алардын тармагын түзөт.

Мамлекет илимий-техникалык маалыматтын ачык болушуна, жалпы пайдаланылышына жана сакталышына көмөк көрсөтөт. Мамлекеттик, кызматтык же коммерциялык сыр болуп эсептелген маалыматты жайылтууга жана аны алууга чек коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.

Маалымат системасынын иш жүргүзүшү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат.

34-статья. Патенттик-лицензиялык иш

Өндүрүштүк менчикти жана ойлоп табууларды түзүүгө, коргоого жана пайдаланууга байланыштуу укуктук жана экономикалык мамилелердин бүткүл комплексин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын патенттик мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын катышкан мамлекеттер аралык көп тараптуу же кош тараптуу келишимдер жана макулдашуулар тарабынан жүзөгө ашырылат.

35-статья. Илимий-техникалык чөйрөдөгү продукциянын метрологиясы, стандартталышы жана сертификацияланышы

Илимий-техникалык чөйрөдөгү продукцияны стандартташтыруу, метрологиялык жактан камсыз кылуу жана сертификациялоо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышкан мамлекеттер аралык көп тараптуу же кош тараптуу келишимдерге жана макулдашууларга ылайык жүзөгө ашырылат.

VII бөлүм
Илимди финансылоо

36-статья. Илимий-техникалык ишти финансылоо

Төмөндөгүлөр:

республикалык бюджет;

бюджеттен тышкаркы фондулар;

ишканалардын, уюмдардын, коомдук бирикмелердин жана фондулардын, чет мамлекеттердин жана граждандардын, жеке адамдардын каражаттары;

мамлекеттик жана коммерциялык банктардын кредиттери;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган илим-изилдөө, басма, консультативдик жана башка иштен алынган өз каражаттары;

чет өлкөлүк инвестициялар илимий-техникалык ишти финансылоо булактары болушу мүмкүн.

Мамлекет жалпы мамлекеттик маанидеги илимий-техникалык ишти бюджеттин жана бул үчүн түзүлгөн мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фондулардын эсебинен финансылайт, ошондой эле илимий-техникалык чөйрөнүн бардык субъектилеринин инновациялык иши үчүн өз каражаттарынын жана тартылган каражаттардын пайдаланылышына түрткү берет.

Илимий-техникалык иштин финансылык жактан камсыз кылуу башка булактардан да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Илимий-техникалык мүмкүнчүлүктү сактоо, аны андан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, илимдин, техниканын жана жаңы технологиялардын өнүгүшүн камсыз кылуу максатында мамлекет рыноктук конъюнктуранын термелүүлөрүн, илимий-техникалык ишти бюджеттен финансылоонун туруктуу өсүп жаткан көлөмдөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча ар бир мезгилге (1 жыл) улуттук кирешенин көлөмүнө карата 3 процентке чейин төмөнкү деңгээл белгиленет.

Мамлекет илимий-техникалык иштин кайрымдуулук же келишимдик башталыштарда жеке адамдардын же юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен финансыланышынын жеңилдик берүүчү шарттарын түзөт.

Мамлекет илимий инновациялык иште камсыз кылуу үчүн кредиттик ресурстардын көлөмүн жана кредиттер боюнча жеңилдик берүүнүн тартибин жалпы же жеңилдик берүүчү шарттарда аныктайт.

37-статья. Илимий-техникалык ишти бюджеттен финансылоо

Төмөндөгүлөр:

фундаменталдуу изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар;

илим менен техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылык берилген багыттарынын чектеринде аткарылган иштер;

натыйжалары жалпы мамлекеттик мааниге ээ болгон прикладдык илимий-техникалык иштеп чыгуулар;

мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизиндеги илимий-техникалык кызматташтыкка байланыштуу иштеп басымдуу түрдө бюджеттик каражаттардын эсебинен финансыланат.

Илимий-техникалык иштерди бюджеттик финансылоо:

илимий мекемелерде жана жогорку окуу жайларында өткөрүлүүчү фундаменталдык изилдөөлөргө колдоо көрсөтүүчү каражат катарындагы базалык финансылоо;

артыкчылык берилген багыттар, илимий-техникалык программалар боюнча илим изилдөөлөрдү иштеп чыгууларды максаттуу финансылоо;

гранттар системасы боюнча айрым изилдөөлөрдү иштеп чыгууларды контракттык финансылоо аркылуу жүзөгө ашырылат.

Илимий-техникалык ишти бюджеттен финансылоонун базалык, максаттуу жана контракттык жалпы тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, же болбосо Өкмөт тарабынан бийлик-укугу берилген мамлекеттик орган тарабынан көз карандысыз эксперттик кеңештердин корутундуларынын негизинде аныкталат.

Гранттар боюнча алынган илим-изилдөө иштерине кетүүчү финансы каражаттарын тескөө теманын, программанын, долбоордун илимий жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттер аралык жана тармактар аралык илимий-техникалык макулдашуулардын негизинде калыптандырылган жана ишке ашырылып жаткан илимий-изилдөөлөрдү жана илимий-техникалык программаларды финансылоо үлүштүк катышуу тартибинде ишке тиешеси бар тараптардын ортосунда келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.

38-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер фондусу

Илим менен техниканын артыкчылык берилген жана жаңы багыттарын өнүктүрүүнү камсыз кылуу, келечектүү иштеп чыгууларды өндүрүшкө жайылтуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында, же Өкмөт тарабынан бийлик укугу берилген органдын алдында Улуттук илимдер фондусу түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер фондусунун каражаттары:

фундаменталдуу, иликтенүүчү (кооптуу) прикладдык илимий изилдөөлөрдү жана республикалык максаттуу илимий-техникалык программаларды финансылоого;

республиканын регионалдык илимий борборлоруна илимий-техникалык мүмкүнчүлүктү өнүктүрүүгө жана айрым окумуштууларга жардам көрсөтүүгө;

илим менен техниканын келечектүү жана жаңы багыттары боюнча илимий кадрларды даярдоо программаларын ишке ашырууга багытталат, буга кадрларды чет өлкөлөрдө даярдоо жана кайра даярдоо кирет.

Улуттук илимдер фондусунан каражаттарды алууда фундаменталдуу илимий изилдөөлөргө артыкчылык берилип, аларды финансылоого Фондунун каражаттарынын басымдуу көпчүлүгү жумшалат.

Менчигинин түрүнө карабастан илим-изилдөө мекемелерине, жогорку окуу жайларына жана башка уюмдарга, ошондой эле айрым изилдөөлөргө конкурс тартибинде, көз карандысыз экспертизанын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер фондусунун каражаттарын алууга бирдей жол берилет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер фондусу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук илимдер фонду жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы N 787 токтому менен бекитилген)

39-статья. Илим менен техниканын борбордоштурулган бюджеттен тышкаркы фондусу

Тармактар аралык илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн Өкмөт тарабынан бийлик укугу берилген орган Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча борбордоштурулган бюджеттен тышкаркы фондусун түзөт.

Тиешелүү тармактык министрликтердин, жана административдик ведомстволордун ишканалары менен уюмдарынын чегерүүлөрү, маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн, маалымат берүү бастырып чыгаруу ишинин эсебинен алынган каражаттар, акчалай каражаттардын башка булактары илим менен техниканын борбордоштурулган бюджеттен тышкаркы фондусун түзүүнүн булагы болуп эсептелет.

Фонду жогорку технологияларды, тажрыйбалык өндүрүштөрдү түзүүгө байланыштуу иштерди финансылайт.

40-статья. Илимий изилдөөлөрдүн регионалдык жана тармактык фондулары

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар зарыл болгон учурда илимий изилдөөлөрдүн регионалдык фондуларын түзүшөт.

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор зарыл болгон учурда илимий изилдөөлөрдүн тармактык фондуларын түзүшөт.

41-статья. Жамааттык жана кайрымдуулук фондулары

Мамлекеттик органдар, менчиктин бардык түрүндөгү ишканалар, бирикмелер, уюмдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жеке адамдар ыктыярдуу негизде илимди өнүктүрүү жана илимий кызматкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн жамааттык же кайрымдуулук фондуларын түзө алышат.

42-статья. Мамлекеттик илимий-техникалык саясатты жүзөгө ашыруунун финансы-кредиттик таянычтары

(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Мамлекет илимий-техникалык ишти натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн экономикалык ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында финансы-кредиттик таянычтарды:

инновациялык фондуларды түзүү, менчиктин ар кандай түрүнө негизделген коммерциялык инновациялык банктарды, илимий-техникалык ишти камсыздандыруу системасын уюштурууга жана алардын ишине көмөк көрсөтүү;

жеңилдик берүүчү кредит берүүнү, илимий-техникалык прогресстин артыкчылык берилген багыттары боюнча иш жүргүзүп жаткан, ошондой эле каражаттарын инновациялык фондуларга жөнөтүп жаткан ишканалардын, бирикмелердин жана уюмдардын негизги фондуларынын тездик менен амортизацияланышын жүзөгө ашыруу;

окуу жайларын илимий-техникалык уюмдарды жана мекемелерди өздөрүнүн илимий-техникалык ишинен түшкөн валюталык каражаттарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик валюталык фондусуна жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын валюталык фондуларына чегерүүдөн бошотуу аркылуу колдонот.

Илимий-техникалык иштин субъектилери үчүн салыктык жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан белгиленет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

43-статья. Прикладдык илимий-изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө, долбоорлоо-конструкторлук жана технологиялык иштерге жана алардын натыйжаларын өндүрүштө өздөштүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү

Өндүрүштө реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу үчүн жаңы техниканы жана технологияларды түзүүгө, өздөштүрүүгө жана кеңири жайылтууга багытталган прикладдык изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар рыноктук механизмдерди жана мамлекеттик түрткү берүүчү таасирин пайдалануу аркылуу айкын заказчы менен басымдуу түрдө келишимдик негизде жүргүзүлөт.

Мамлекет илимий-техникалык прогресстин артыкчылык берилген багыттары боюнча жүргүзүлүп жаткан прикладдык изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга финансылык колдоо көрсөтүп, ишке тиешеси бар ишканалар жана уюмдар менен пайлык негизде бюджеттик каражаттардын эсебинен экологиялык коопсуздуктун маселелерин чечет.

Ишканалар, бирикмелер жана уюмдар толук чарбалык эсепте болгон учурда мамлекет алардын өз пайдасын илимий-техникалык иштерди финансылоого пайдаланышына, алардын ички жана тышкы рыноктун керектөөлөрүнө ылайык өндүрүштүн техникалык деңгээлин жана продукциянын сапатын жогорулатуу боюнча активдүү иштешине, техниканын принцибинде жаңы түрлөрүн жана ресурстарды сактоочу экологиялык жактан коопсуз технологияларды түзүшүнө жана өздөштүрүшүнө, ойлоп табууларды пайдаланышына көмөк көрсөтөт. Бул ишке түрткү берүү максатында менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, бирикмелерге жана уюмдарга белгиленген тартипте жеңилдиктер берилет.

Илимий-техникалык мүмкүнчүлүгү өнүккөн жана өндүрүштүн маданияты жогору болгон ишканалар, бирикмелер жана уюмдар илимий-техникалык прогресстин артыкчылык берилген багыттарын ишке ашырууга байланыштуу мамлекеттик заказды алууда артыкчылык укугунан пайдаланышат. Бул контракттарды (келишимдерди) аткаруу үчүн чакан инновациялык уюмдар жана ишканалар тартылат.

Мамлекет өндүрүштүн техникалык деңгээлин жогорулатуудагы жана техника менен технологиялардын жаңы муундарын түзүүдөгү инженерлердин, технологдордун, жогорку квалификациялуу жумушчулардын өзгөчө ролун эске алып, бул кесиптердин артыкчылыгынын коом тарабынан таанылышына, эмгектин сапатына жана квалификациясына ылайык моралдык жана материалдык түрткү берүү системасын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт.

44-статья. Инновациялык ишти мамлекеттик колдоо

Кыргыз Республикасы илим жана техника чөйрөсүндө өзүнүн ишин жүзөгө ашырып жаткан менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканаларга жана уюмдарга бирдей шарттарды камсыз кылуу аркылуу инновациялык ишти мамлекеттик коргоону; ишканалар тарабынан алынуучу мамлекеттик заказдардын бир бөлүгүн чакан инновациялык ишканалардын ортосунда бөлүштүрүүнү; инновациялык ишти республикалык, регионалдык жана башка инновациялык фондулар аркылуу финансылоону гарантиялайт.

45-статья. Мамлекеттик инновациялык фонду

Кыргыз Республикасында илим менен техниканы өнүктүрүүнү жана анын жетишкендиктерин пайдалануу камсыз кылуу боюнча иш-чараларды финансылоо жана материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөтүү үчүн мамлекеттик инновациялык фонду түзүлөт.

Мамлекеттик инновациялык фонд мамлекет тарабынан илимий-техникалык ишке колдоо көрсөтүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын, юридикалык жактардын жана жеке адамдарынын төлөмдөрүнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлөт.

Мамлекеттик инновациялык фондуга ишканалар менен уюмдардын төлөмдөрүнүн суммалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү ушул фонду жөнүндөгү Жобого ылайык өлчөмдөрдө эсептелип чыгарылат жана продукциялардын өздүк наркына таандык кылынат.

Илим менен техниканы өнүктүрүүнү материалдык жактан камсыз кылуу жана анын жетишкендиктерин пайдалануу маселелерин оперативдүү чечүү үчүн Кыргыз Республикасында Материалдык-техникалык жана сырьелук ресурстардын мамлекеттик резерви түзүлүп, ал Мамлекеттик инновациялык фондунун ажырагыс курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Аталган резервдин ресурстарынын көлөмү мамлекет тарабынан илимди жана техниканы өнүктүрүү муктаждыктарына бөлүнүүчү материалдык-техникалык жана сырьелук ресурстардын 10 процентинен кем болбоого тийиш.

Бул фонду жөнүндө Жобого ылайык илимий-техникалык чөйрөдөгү мамлекеттик башкаруунун борбордук жана жергиликтүү органдары мамлекеттик инновациялык фондунун каражаттарын жана материалдык-техникалык ресурстарды бөлүштүрүүчүлөр болуп эсептелет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

46-статья. Инновациялык банктар

Инновациялык ишти финансылык жактан камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, уюмдар жана граждандар инновациялык банктарды түзө алышат.

VIII бөлүм
Эл аралык кызматташтык

47-статья. Мамлекет жана эл аралык илимий-техникалык кызматташтык

Мамлекет эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкка колдоо көрсөтүп, зарыл болгон укуктук жана экономикалык шарттарды түзөт жана эгерде бул мамилелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына карама-каршы келбесе, илимий-техникалык иштин субъектилери тарабынан эл аралык илимий коомчулуктар менен эркин жана тең укуктуу мамилелерди жүзөгө ашырышына көмөк көрсөтөт.

Эл аралык илимий-техникалык кызматташтык:

биргелешкен илимий изилдөө иштерин, кооперациянын негизинде техникалык жана технологиялык иштеп чыгууларды, биргелешкен илимий-техникалык программаларды жүргүзүү;

жалпы координациялоочу макулдашуулар боюнча изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү;

тараптардын бири чет мамлекеттин уюму же эл аралык уюм болуп эсептелген макулдашууда каралган иштерди аткаруу;

эл аралык илимий уюмдарды, борборлорду, убактылуу жамааттарды түзүү, илимий уюмдардын ишине тартылган чет өлкөлүк инвестициялар бажы жыйымдарынан бошотулат;

адистердин эл аралык жамааттарында, эл аралык институттарда жана эл аралык жана биргелешкен ишканалар менен уюмдарда биргелешкен изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү, илимий-техникалык иштин субъектилеринин ортосундагы келишимдердин негизинде илимий-техникалык продукцияга болгон менчикти пайдалануу;

илимий-техникалык маалыматтарды өз ара макулдашууну жүзөгө ашыруу, биргелешкен мамлекеттер аралык маалымат фондуларын, маалыматтардын банктарын пайдалануу;

эл аралык конференцияларды, конгресстерди, симпозиумдарды өткөрүү;

илимий-техникалык жана окутуучу кадрларды, студенттерди жана аспиранттарды бири-бирине жиберүү, ошондой эле адистерди биргелешип даярдоо аркылуу жүзөгө ашырылат.

Илимий-техникалык иштин субъектилери колдонуудагы мыйзамдарга ылайык эл аралык программаларды аткарууга катыша алышат жана чет өлкөлүк уюмдар жана фирмалар менен макулдашууларды түзө алышат, чет өлкөлүк жана эл аралык илимий коомчулуктарга, ассоциацияларга жана бирликтерге алардын мүчөлөрүнүн укугунда катыша алышат, чет өлкөлүк уюмдар жана фирмалар менен контракттарды түзө алышат, эл аралык симпозиумдарга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн чет өлкөгө бара алышат.

Кыргыз Республикасынын аймагында алынган эл аралык илимий иштин натыйжаларын республика акысыз пайдаланууга укуктуу.

Эл аралык илимий-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү чектөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

48-статья. Тышкы экономикалык иш

Илимий уюмдар мыйзамдарда белгиленген тартипте тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. Түшкөн валюталык каражаттар бюджетке алынып коюлбайт жана илимдин системасын өнүктүрүүгө жана анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалат.

49-статья. Чет өлкөлүк илимий уюмдардын Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүшү

Чет өлкөлүк илимий уюмдардын жана окумуштуулардын Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүүсү мамлекеттер аралык келишимдер, өкмөттөр аралык макулдашуулар, Улуттук илимдер академиясынын жана илимди жана илимий-техникалык ишти мамлекеттик башкаруу органдарынын эл аралык келишимдери тарабынан жөнгө салынат.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти   А.Акаев