Меню

КР УИАнын президенти Казахстан Республикасынын Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолугушту


2020-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик М.С. Джуматаев Казахстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.А. Нурпейисов жана Казахстан Республикасынын Сенатынын депутаты Б.Т. Жумагулов менен жолугушту, ошондой эле жолугушууга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги А.Ж. Жайнаков жана КР УИАнын Эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Ч.У. Койчуманова катышты.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы илимий базаны чыңдоо боюнча эки тараптуу кызматташуулар талкууланды. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик М.С. Джуматаев илим жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташууну чыңдоо боюнча долбоорлорду колдоого даяр экендигин билдирди


Шилтемелер