Меню

Илимдин өнүгүү хронологиясы


1921-1927-жылдары

  • Таласта жана батыш бөлүктөгү Кыргыз тоо кыркаларында, ошондой эле Туркестан тоо кыркаларында биринчи жолу мамлекеттик геологиялык сүрөткө тартуу иштери (съемка) жүргүзүлгөн.
  • Сымап (Хайдархан), сурьма (Кадамжай) кендеринин бар экендиги аныкталган.
  • Кыргызстандын түштүгүндө радий кендерин текшерүү жүргүзүлгөн. Төө Моюн  кенинде СССРде биринчи болуп радий өндүрүү башталган. Ыссык-Көл чөлкөмүндөгү жана Чүй өрөөнүндөгү байыркы эстеликтердин, Бурана мунарасынын жана Манастын күмбөзүнүн абалы текшерилген .

1928-1933-жылдары

  • Сейсмикалык станция, жер кыртышы-ботаникалык бюро ИИИ аймактык Мамлекеттик музейдин базасында уюштурулган.
  • СССР илимдер академиясынын Памир-тажик отрядынын экспедицияларынын Республиканын бир нече райондорунун геологиялык түзүлүшүн чагылдырган жыйынтыгы жарыяланган.
  • Кыргызстанда көмүр кендерин изилдөө жана иликтөө өткөрүлө баштаган, Кызыл-Кыяда, Сүлүктүдө, Көк-Жаңгакта жана Таш-Көмүрдө көмүр казуу башталган.
  • Кыргыз АССРинин табигый коомдук-экономикалык шарттаргы ресурстарды изилдөө жүргүзүлгөн.
  • Ленинградда Кыргыз АССРинин өндүргүч күчтөрүн изилдөө боюнча биринчи жыйыны өткөн.
  • Жогорку молекулалуу кошулмалардын аралашмасы теориясына салым кошкон.
  • Биринчи жолу латын тамгасы менен кыскача орусча-кыргызча сөздүк жарыяланган.
  • Кыргыз жазуусу латын тилинен орус графикасына которулган.
  • “Кыргызча-орусча сөздүк” жарык көргөн (25 мин. сөз).

1947-1952-жылдары

  • Кыргызстандын түштүгүндө Чонкой ири сымап алынуучу кен ачылган, анын негизинде тоо-кен ишканасы түзүлгөн.
  • “Алатау” – аттуу бодо малдын жаңы тукуму чыгарылган. Бул иш Сталин сыйлыгына ээ болгон.
  • Геологдордун коллективине Кабак көмүр бассейниндеги ири запастагы Күрөң көмүрдүн ачылыш үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылан.
  • Койдогу брадзотага каршы ветеринардык практикага вакцина ойлоп табылган жана ишке киргизилген.
  • 11 томдон турган “Кыргыз ССРнин Флорасы” эмгегин басып чыгаруу башталган.

1957-1962-жылдары

  • Сейрек кездешүүчү жана баалуу металлдарды алуу үчүн каратоо түзүлүштөрүнүн перспективасы далилдеген.
  • Жетим темирруда бассейни ачылган.
  • Кыргыз ССР илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоолуу физико-географиялык станциясы дүйнөлүк гляциологиялык мекемелер тармагына киргизилген.
  • Биринчи болуп чоң көлөмдөгү “Орусча-кыргызча сөздүк” (академик К. Юдахин) чыгарылган. Бул сөздүк өлкөдө жана чет өлкөлөрдө популярдуу болгон, биринчи улуттук-орусча сөздүк болуп саналат.

1963-1968-жылдары

  • Актүз кен талаасында сейрек кездешүүчү металл-сейрек кездешүүчү кен ачылган. Республикада алтынкендеринин территориясы негизделген. Биринчи жолу жалпы союздук картанын курамдык бөлүгүнө кирген, “Кыргызстандагы сейсмикалык райондоштуруу картасы” түзүлгөн.
  • Жакшы жүн берүүчү кыргыз койлорунун тукуму түзүлгөн.
  • Илим жана техника жаатында Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгы уюштурулган.

1969-1980-жылдары

  • Биринчи жолу гидравликалык бургулоо тегеренип-сокмо түзүлүштөгү Сумсар кенинде сыноолордон ийгиликтүү өткөн.
  • Биринчи ата мекендик өзү жүрүүчү универсалдуу бургулоо агрегаты UBA-1 түзүлгөн. Тажрыйба-өнөр-жай агрегаттарынын партиясы жасалган жана Күрпсай ГЭСнин курулушунда, Чычкан жана Кайыңды карьерлеринде, Спитактагы жер титирөөдөн кийинки кыйроолорду калыбына келтирүүдө ишке ашырылган.
  • Илим жана техника жаатында шахтадагы тоо соккулары менен күрөшүү боюнча комплексин иштеп чыккандыгы үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.
  • СССРдин сугат каналдарына ири масштабдуу Маковский автоматынын затворун киргизүү башталган.
  • Акустикалык жана карап текшерүү мүмкүн болбогон жерлерде колдонуу үчүн машиналарды жана роботторду бургулоо боюнча теориялык жана практикалык иштерге илим жана техника жаатында СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
  • “Уран-234 жана Уран-238 табигый бөлүнүү кубулушу” аттуу илимий ачылыш жасалган.
  • Космонавтикада жана спортто колдонулуучу, адаптогендик азык кошулмалары “Гипкос”, “Гипрекс” жана “Даугил” иштелип чыккан.
  • Кыргыз линкольн “Киргилин” – койлордун жаңы тукуму чыгарылган.

1981-1987-жылдары

  • Өнөр-жай партиялык мобилдик бургулоо агрегаты UBA-1 жасалган, Күрпсай ГЭСнин курулушунда, Чычкан жана Кайыңды карьерлеринде ишке ашырылган.
  • Рудалык пайдалуу кендердин комплекстик колдонуу технологиялары иштелип чыккан.
  • Кыргызстанда ысык суу менен жабдуу үчүн күнүнө 4-5 тонна сууну өндүрүүчү биринчи өнөр жай тибиндеги эксперименттик гелиоустановка  иштелип чыккан.
  • Тоолуу шарттарда (радиотолкунун) радиоволн теориясын жайылтуунун түзүлгөндүгү жана пассивдүү ретрансляторлорду иштеп чыккандыгы үчүн илим жана техника багытында СССР Мамлекеттик сыйлыгыменен сыйланган.
  • “Пайдалуу казынды кендердин стратиграфиясы” цикли үчүн илим жана техника багытында СССР Мамлекеттик сыйлыгы сыйланган.
  • Чаткал волластонита кени, огнеупорных глин, фарфор ташы ж. б. пайдалуу бирок кен эмес казындылар ачылган.
  • Таласта уюткусу болжол менен 1,5 млрд. тоннаны түзгөн, ванадиеностук титан-магнетиттик рудасы ачылган.
  • Окумуштуулар Венераны үстүнөн изилдөө үчүн “Вега-1” жана “Вега-2” эл аралык космостук экспериментин өткөрүүгө жана даярдоого катышкан.
  • Сары Жаз кен талаасында жез-молибдендик руда аймагы жана графит кени ачылган.
  • Планетанын тоо-кен тукумун изилдөө үчүн “Венера-13” жана “Венера-14” илимий космикалык экспериментте бургулоочу грунтозабордык түзүлүштөр колдонулган.

1988-1990-жылдары

  • “Кыргызстандын геологиялык түзүлүштөрүнүн картасы” 1:500000 масштабы; “Кыргыз ССРинин тектоникалык картасы” масштабы 1: 500000; “Чектеш суулардын жана ССРдин геодинамикалык картасы” масштабы 1:2500000 карталардын бир катары жарыяланган.
  • GPS системаларын колдонуу менен Токтогул аянттындагы тектоникалык кыймылды баалоо максатында, Эл аралык “Тянь-Шань – Интеркосмос 88”  аттуу аэрокосмикалык эксперимент жүргүзүлгөн.
  • Жер астындагы рудалык кен чыккан тоо басымын башкаруу ыкмаларын иштеп чыгып жана ишке ашыргандыгы үчүн илим жана техника багыты СССР Мамлекеттик сыйлыгы сыйланган.
  • Физика институтунун “Голография” маселеси жөнүндө голографиялык эс тармагы боюнча илимий иши СССР илимдер академиясынын кенеши тарабынан жылдын мыкты иши деп таанылган.


Шилтемелер