Меню

“Пандемия шартындагы илим жана билим” темасында Эл аралык онлайн тегерек стол өттү


2020-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Конрада Аденауэра атындагы Фонду  тарабынан уюштурулган “Пандемия шартындагы илим жана билим” темасында Эл аралык онлайн тегерек стол өттү.

Тегерек столго КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев, Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик М.Ж. Журинов, Тажикстандын Илимдер академиясынын президенти, академик Ф.Х. Рахимов, Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын вице-президенттери Б.Т. Ибрагимов, С.З. Мирзаев, ошондой эле илимий-изилдөө институттарынын директорлору, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим департаментинин директору П.Б. Туркбаев, Конрада Аденауэра атындагы Фондун Борбордук Азия  боюнча регионалдык ыйгарым укуктуу өкүлү  Ронни Хайне, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору,  К.И. Скрябин  атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, Нарын мамлекеттик университетинин ректору, Талас мамлекеттик университетинин ректору, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору ж.б. катышышты.

 


Шилтемелер