Азыркы Кыргызстандагы айылдык аялдардын ордун жана ролун изилдөө долбоору
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 217
КР УИАнын Борбордук Азиядагы Гуманитардык изилдөө борбору КР УИАнын жетекчилигинин жана Конрада Аденауэра атындагы Фонддун колдоосу менен азыркы Кыргызстандагы аялдардын ордун жана ролун изилдөө боюнча жаңы долбоорду иштеп баштады. Долбоордун алкагында өлкөнүн бардык аймактарындагы айылдык аялдардын абалы иликтенет. Натыйжасында китеп басылып чыгып, эл аралык илимий конференция өткөрүлөт.
Бул изилдөөнүн жетекчиси профессор, тарых илимдеринин доктору Койчуманова Чолпон Урушбековна.