Меню

Биология институту


КР УИА Биология Институту 1943-жылы СССР ИА Кыргыз филиалынын курамында негизделген жана республикада жалгыз таксономиялык жана экосистеманын артүрдүүлүгүн, айлана-чөйрөнү коргоону жана биологиялык ресурстарды туруктуу туура колдонуунун көйгөйлөрүн изилдеген фундаменталдык илимий жана маалымат берүүчү-методикалык борбор болуп саналат. 2018-жылы ага КР УИА П. А Ган атындагы Токой институтун бириктирген. Бүгүнкү күндө ал КР УИА Биология институтунун П.А. Ган атындагы Токойлорду изилдөө Илимий-өндүрүштүк борбору деп аталат. Институттун штатында 136 кызматкер, алардын ичинен 9 доктор (1 академик), 28 илимдин кандидаттары болгон 89 илимий кызматкер эмгектенет.

Институттун структурасы 13 лабораториядан: Флора, Микология жана фитопотолгия, Геоботаника жана жаратылыш аймактарын өзгөчө коргоо, Гельминтология, Энтомология жана паразитология, Омурткалуу жаныбарлардын зоологиясы, Ихтиология жана гидробиология, Биогеохимия жана радиоэкология, Экологиялык микробиология, Токой өстүрүүчүлүк жана селекция, Токойчулук, Токой экологиясы жана токойду коргоо, Токой чарба мекемеси жана экономикадан турат.

Биология институтунун карамагында: Илимий-өндүрүштүк «Ысык-Көл биологиялык станциясы» жана 3 чарбачылык – Ак-Суу токой чарба станциясы, Сары-Булак, Кара-Ой дендропаркы Биология институтунун Зоомузейи иштейт.

Биология Институтундагы илимий жана илимий-уюштуруучулук иш-аракеттер: «Өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн биотүрдүүлүгүнүн жана топурак кыртышынын глобалдык өзгөрүү жана антропогендик басымдардын көбөйүүшартында мониторингжүргүзөт.

УИА Биология институту Мамлекеттик программалардын алкагында төмөнкү приоритеттүү багыттар боюнча иш алып барат:

  1. Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө мониторинг жүргүзүүнүн илимий негизи.
  2. Сейрек кездешүүчү жана чарбалык мааниси чоң түрлөрдү жана экосистеманы коргоо жана рационалдуу колдонуу.
  3. Кайрадан түзүлгөн ӨКЖАды изилдөөгө катышуу жана иштеп жаткан ӨКЖАга мониторинг жүргүзүү.
  4. Башка аймактан кирген (инвазивдүү) түрлөрдүн Кыргызстандын аймагына таралышына, алардын ареалына жана коркунуч тобокелине баа берүү.
  5. Техногендүү-жаратылыш чөйрөлөрүнүн учурдагы абалына комплекстүү экологиялык, биогеохимиялык жана радиологиялык баалоо жүргүзүү.
  6. Топуракты тазалоо, асылдандыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо үчүн, деструктор-штаммдрдын негизинде микробдуу препараттарды иштеп чыгуу жана колдонуу технологиясын ишке ашыруу.

Институттун акыркы жылдардагы негизги маанилүү илимий жетишкендиктери.

  1. Түтүктүү өсүмдүктөрдүн илим үчүн 15 жаңы түрүнө жана 6 гибридине жана 1 кызыл кенеге баяндама жазылды.
  2. Кыргызстан үчүн биринчи жолу: – 4 тукум жана түтүктүү өсүмдүктөрдүн 20 түрү, – козу карындын 50 түрү, – курт-кумурсканын 2 түрү, – менен топуракта эркин жашаган жана фитопаразит нематоддордун 1 тукуму жана 19 түрү, – дафниянын 2 түрү жана коловратка 1, – хиромониддин личинкаларынын 6 түрү табылды.
  3. Кыргызстан үчүн: карагайдын түп шюттеси Lopnodermium piceae (Fuck.) Hoehn., сейрек кездешүүчү козу карын өтө чоң Криптомицес – Cryptomyces maxymus (Fr.) Rehm., мажүрүм талдардын кургоосуна алып келген, – сарымсактын даты Puccinia allii (DC.) Rudolphi.Сыяктуу жаңы оорулардын түрү аныкталды.
  4. «Беш-Таш» суу алабынын түтүктүү өсүмдүктөрүнүн флорасы изилденди, флоранын саны 710 түр.
  5. Ысык-Көл мамлекеттик коругунун козу карындарынын ар түрдүлүгү изилденип, 104 түр белгиленди. Корук үчүн – 24 түрү жаңы.
  6. Жапайы жаныбарлардын арасында гельминтоздук ооруулардын таралуусун аныктоо жана прогноздоо максатында: аркар, кулжа Ovis (Ovis) ammon, тоо эчки Capra (Ibex sibirica) жана эчкилерден Capreolus pygargus гельминттердин 6 түрү табылып өпкөнүн протостронгилез, боордун дикроцеллиоз, ичеги-карындын хастеллиоз сыяктуу гельминтоздук оорулары аныкталды.
  7. КР аймагында куштардын вирус тумоосунун циркуляциясына эпидемиологиялык мониторинг жүргүзүлүп, 3 миңге жакын жапайы суу-саз куштары изилденди. Эпидемия коркунучу жаралганда көбүрөөк коркунучка дуушар болгон кооптуу аймактар жана куштардын түрлөрү аныкталды.
  8. Өкмөттүк программа боюнча изилдөө жана коргоо максатында:

1) бүгүнкү күндө тоо текелердин жана тоо эчкилердин биологиясына байкоо жүргүзүү үчүн аркар менен кулжага радиокынжылар кийгизилген;

2) 5 илбирс –өзгөчө радиокынжыр менен камтылган.

  1. 2016-жылы уюшулган «Алатай» жана «Каначуу» МЖП омурткалуу жаныбарлардын инвентаризациясы жүргүзүлдү, жыйынтыгында 366 түр табылды. «Сарычат-Ээрташ» и «Хан-Тенири» ӨКЖАнын ортосундагы экологиялык коридор фотокылтак менен жабдылды.

10.Акыркы 30 жыл ичинде Казахстанда жана Орто Азияда боз келемиштин жайгашынын тарыхына анализ жүргүзүлүп жалпыланып, системалаштырылды жана учурдагы таркалуусу картага түшүрүлдү. Боз келемиштин санына, паразитофаунасынын тутумуна жана зооноздук инфекциялык оорууларды алып журүүсүнө жана алардын таратуусуна баа берилди. 4 автордук күбөлүк алынды.

11.Чуй, Кара-Дарыя, Талас дарыяларында жана алардын дарыя алабында (Чүй, Ош, Талас обл.) ихтиофаунанын жана дарыянын башка гидробионтторунун түрдүк курамын тактоо үчүн изилдөөлөр жүргүзүлдү.

12.Жаратылыш-техногендик Майлуу-Суу уран провинциясында экспозициалык дозанын (радиациялык фон) кубаттуулугу аныкталды, провинциянын карта-схемасы геоботаникалык жана радиоэкологиялык  экспозициялык дозасы ар деңгээлдерде түзүлдү.

  1. ГОСТко таандык ИСО/МЭК 17025-2009 “Калибровкалоо жана сыноо компетенттүүлүктүн жалпы талабына” ылайык (KG417 / КЦА. ИЛ. 139 13.11.2017-жылдан), биогеохимия жана радиоэколгия лабораториясы Кыргыз аккредитация борборунанэл аралык аккредитация алды.
  2. Институттун адистериаркылуу биологиялык жана экологиялык коопсуздук программасы боюнча акыркы жылдары карантиндик түрлөр аныкталды: америкалык ак көпөлөк (Hyphantria cunea); кара-боз карагай мурутчаны (Monochamus galloprovincialis pistor); мөмөлүүлөрдүн бактериялык күйүгү (Erwinia amylovora), Кара өрүктүн Шарк же чечек вирустук ооруусу (Рlum pox poty virus (PPV), картошканын жылтырак нематоду (Globodera rostochiensis), Ысык-Көл жана Чүй облустарында зооноздук инфекцияларынын очогунун таркалышы аныкталды. Окумуштуулар бул түрлөргө мониторинг жүргүзүп турат, алардын ареалын изилдеп, мындан тышкары алманын жана алмуруттун түрдүү сортторунун бактериялык күйүктөргө туруштугун изилдешет.
  3. КР УИА БИ БУУ «Атомдук биргелештик ХХI» проектиси менен 3 тараптуу меморандумга кол коюлуп, тармак алкагындабилим берүү программасынын магистратурасы төмөнкү багыттар боюнча: «Физика» «Радиоэкология» жана «Радиобиология» багыты боюнча жана «Экология жана жаратылышты колдонуу» «Радиоэкология» жана «Радиобиология» багыттары боюнча ишке ашырылды.

 

Биология Институтунун дареги: КыргызРеспубликасы,

720071, Бишкек ш., Чүй пр.265. Тел.: 39-19-47,39-20-68, 64-19-71.

E-mail.: kg.bio.ped@mail.ru

www.bpinankr.kg


Шилтемелер