Меню

Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту


СССР Илимдер Академиясынын 1943-ж. негизделген Кыргыз филиалынын тутумундагы Тил, адабият жана тарых институтунун Тарых бөлүмүн А. Н. Бернштам жетектеп, анда Б. Д. Жамгерчинов, С. М. Абрамзон, 50-жылдары А. Г. Зима, С. Ильясов, К. Үсөнбаев, Т. Дүйшөмалиев, А. Каниметов ж.б. сыяктуу көрүнүктүү окумуштуу тарыхчылар иштешкен. Алгач институтта бир гана тарых сектору иштесе, 1956-жылдан тартып: Совет дооруна чейинки жана совет доорунун тарыхы сектору болуп бөлүнгөн. Совет доорун изилдеген тарыхчылар негизинен Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеңиши (Г.Зима), жарандык согушту чагылдыруу (т.и.к. С. Узбеков), жарандык согуш мезгилиндеги түштүк аймактардын социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүү маселелери (А. Н. Кунин), агрардык өзгөрүүлөр жана колхоздоштуруу (С. Ильясов, В. П. Шерстобитов, Т. Д. Дүйшөмалиев, Д. М. Будянский, Д.Нурмаматов), өнөр жайдын өнүгүшү (Ш. Х. Шириязданов, Б. Д. Чыймылова, С. А. Аттокуров, А. С. Ормушев), Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги Кыргызстандын тарыхы (С. К. Керимбаев, С. Т. Табышалиев), республикадагы улуттук-мамлекеттик жана маданий курулуштун ар кандай этаптары жана аспектилери (К. К. Каракеев, С. С. Данияров, А. К. Каниметов, И. А. Соктоев, Ж. С. Татыбекова, Д. М. Малабаев, А. Э. Измайлов) сыяктуу маселелерди ар тараптан изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.

Кыргызстандын салттуу маданияты, күнүмдүк тиричилиги жана чарбасындагы көйгөйлөр КирФАНдын окумуштууларынын изилдөө объектиси болуп калды. Белгилүү Кыргыз таануучу С. М. Абрамзон 1944-жылдары эле КИРФАНдын жыйынында Этнография бөлүмүн негиздөө идеясын көтөрүп чыккан. Бирок, 1989-жылы Институттун окумуштууларынын чечими менен бөлүмгө айланган Кыргыз ССРнин Тарых институтунун курамында өз алдынча сектор катары 1966-жылы түптөлгөн. 1990-жылдардын ортосунан 2014-жылга чейин археология жана этнология бөлүмү иштеп турган. 2015-жылдан бүгункү кунгө чейин этнология бөлүмү Улуттук Илимдер Академиясынын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун курамында Этнология бөлүмү өз алдынча структура катары өз ишин улантып келет. Бөлүмдүн илимий изилдөө секторун М. Т. Айтбаев, О. Айтмамбетов, А. Джумагулов, Т. Баялиева, И. Б. Молдобаев, А. З. Жапаровдор жетектеп келишти.

Кыргыз элинин жана Кыргызстандын байыркы доордон XIX кылымдын соңуна чейинки  тарыхын изилдейт жана Кыргызстандын тарыхы илиминин бул мезгилин изилдөөдө республикадагы жетектөөчү борборлордун бири.Бөлүмдүн изилдөөлөрү  жогоруда аталган мезгилдердеги саясий, экономикалык, этностук жана диний тарыхтын маселелерин камтыйт.Учурда бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан кыргыз элинин мамлекетүүлүгү жана коңшу элдер менен болгон алакалары, көчмөн экономика, кыргыздардын этногенези, диний ишенимдери маселелери активдүү изилдөнүүдө. Илимий кызматкерлер жогоруда саналган багыттар боюнча  эмгектеринин жыйынтыктарын эл аралык жана республикалык конференцияларда доклад түрүндө сунуштап,  мезгилдүү басылмаларда макала түрүндө жарыялашууда.

Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкен жылдардан тартып бөлүмдүн кызматкерлери Кыргызстанда Совет бийлигинин орношунун өзгөчөлүктөрү, улуттук интеллигенциянын кыргыз совет мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына тийгизген таасири, ошондой эле 1920-1930-жылдардагы коомдук-саясий жана социалдык процесстерге байланыштуу проблемалардын үстүндө (Ж. Жунушалиев, А. Жуманалиев, А. Кубатова ж.б.), кыргызстандыктардын Экинчи дүйнөлүк согушка катышуусу жана фашизмге каршы күрөшүүгө кошкон салымы, ошондой эле маданияттын өнүгүшүн (Т. Старусева) камтыган изилдөөлөр жүргүзүлдү.

Учурда жаңы илимий концепциялык ыкмаларды пайдалануу менен Кыргызстандын ХХ к. тарыхында мурда изилденбеген жана белгисиз болуп келген саясий репрессиялар, мамлекетти башкаруу маселелери жана инсандардын тарыхтагы орду сыяктуу маселелер изилдене баштады. Айрым изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, мисалы кыргыз парламентинин ишмердүүлүгү, Кыргызстандын саясий тарыхы, тышкы саясаты ж.б. (Нур уулу Д., Ч. Койчуманова, М. Закиров), Кыргызстан менен Россиянын маданий байланыштары (Т. Старусева) жөнүндө бир катар илимий монографиялар жана макалалар жарык көрдү. Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан (А. Жуманалиев, Э. Жороев, Г. Жоошбаева ж.б.) илимий, коомдук жана маданий иш чаралар өткөрүлүп, алардын жыйынтыктары жыйнак болуп жарыяланды. Мисалы, Шабдан Жантай уулунун медресесинин 100 жылдыгына арналган “Шабдан баатыр жана тарсуулуктар”, “История прокуратуры Кыргызстана” (Т. Старусева), “Политическая история Кыргызстана” (А. Джуманалиев), “Избранные труды. Вопросы развития науки в Кыргызстане”, посвященная 100-летию К. Каракеева, “Элге арналган өмүр”, посвященная 80-летию А. Масалиеву, “Эгемендүү Кыргызстанга 20 жыл”, ошондой эле 2016-жылы бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан даярдалган “Кыргызстан тарыхынын” 3-тому ж.б. китептер жарыкка чыкты.

1940-1950-жылдары активдүү экспедициялык иштер жүрдү, анын ичинде комплекстүү археологиялык-этнографиялык  иштер СССРдин Илимий Академиясынын курамында жүргүзүлгөн. 1960-1980 жылдары талаа материалдарын чогултуу максатында бир катар этнографиялык экспедициялар уюштурулган. Бөлүм түптөлгөн жылдардан тарта бөлүмдүн кызматкерлери төмөнкү багыттарда иш алып барышты:

– Этногенез, этникалык тарых;

– Айыл тургундарынын жашоо шарты жана маданияты;

– Социалдык салттуу институттар;

– Адат жана ишеним;

– Элдик маданиятты салыштырма-типологиялык изилдөө;

– Үй-бүлөдөгү салттуулук жана жаңычылдык;

– Фольклорду этнографиялык изилдөө;

– Кыргыздардын этнографиясы;

Жүздөгөн публикациялар, анын ичинде монография менен жамааттык эмгектер, алардын ичинен М. Т. Айтбаевдын «XIX  жана XX кылымдын башындагы кыргыз айылдарынын социалдык-экономикалык мамилелери», К. И. Антипинанын «Түштүк кыргыздарынын материалдык маданиятынын жана колдонмо жасалга корком өнөрүндөгү өзгөчөлүк», Д. О. Айтмамбетовдун «XIX кылымдын экинчи жарымы жана XX кылымдагы кыргыздардын маданияты», С. М. Абрамзон «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары», Т. Дж. Баялиеванын «Исламга чейинки ишенимдер жана анын кыргыз элиндеги саркындылары», И. Б. Молдобаевдын «Манас” эпосу кыргыз элинин руханий маданиятын изилдөө булагы», «Кетмен-Төбөлүк кыргыздардын маданияты жана жашоо тиричилиги», Э. Ж. Сулаймановдун «Кыргыздарда металл иштетүү салты», А. Асанкановдун «Азыркы кыргыз калкынын социалдык-саясий өнүгүүсү», А. С. Көчкүновдун «Кыргыз элинин этникалык салты (социалдык-маданий аспекттер жана генезисинин кээ бир суроолору)». Бөлүмдүн кызматкерлери Кыргызстандын тарыхы боюнча жалпы капиталдык эмгектерди  жазууда катышышты. 2016-жылы «Наука» басмаканасынан «Кыргызы»  (башкы ред. А. Асанканов, Брусина О.И., А. Жапаров) деген аталыштагы фундаменталдык жамааттык эмгек жарык көргөн.

Байыркы Кыргызстандын аймагындагы коло, эрте темир доорундагы жана эрте орто кылмдардагы байыркы этностордун социалдык-маданий ѳнүгүүсү (археологиялык маалыматтардын негизинде).

Тарых, археология жана этнология институтунун археология бѳлүмүндѳ азыркы күндѳ 4 илимий кызматкер эмгектенип келүүдѳ. Алардын ичинен 1 тарых илимдеринин кандидаты, бѳлүмбашчысы К. И. Ташбаева, 4 аспиранттын илимий жетекичиси, ошондой эле атайын диссертациалык кеңештин мүчѳсү. Бѳлүмдѳ кызматкерлердин аздыгына карабай, жыл сайын аска бетиндеги сүрѳттѳрдүн, байыркы коргондордун, мегалиттик комплекстердин, байыркы жана орто кылымга таандык турак жай жана шаар чалдыбарларынын үстүндѳ археологиялык изилдѳѳлѳрдү аткарып келүүдѳ жана ѳздѳштүрүлүп жаткан жер тилкелеринде эксперттик жумуштарын жүргүзүшѳт. Аткарылган жумуштардын жыйынтыктары илимий басмаларда жарык кѳрүп, ѳлкѳбүздүн ичинде жана чет ѳлкѳлѳрдѳ ѳткѳрүлгѳн конференция, семинарларда доклад жүзүндѳ баяндалат. Бѳлүмдүн кызматкерлери чет ѳлкѳлүк илимпоздор менен тыгыз мамиледе болуп, биргеликте илимий-изилдѳѳ иш аракеттерин алып барууда, мисалы мурда байыркы элдерге таандык Тян-Шанда табылган антропологиялык материалдардын негизинде, бѳлүм башчысы К. И. Ташбаева Норвегиялык окумуштуулар менен генетикалык изилдѳѳлѳрдү жүргүзүп келүүдѳ. Анын жыйынтыктары Лондондо жарык кѳргѳн. К. И. Ташбаева кѳп жылдары изилдеп жүргѳн Саймалы-Таш эстелиги боюнча документалдуу кинотасманы тартууда илимий кеңешчи катары катышкан. К. И. Ташбаева жана бѳлүмдүн кызматкери Л. М. Ведутова менен биргеликте Ысык-Кѳлдүн түндүк жагында жайгашкан Ѳрнѳк таш бетиндеги сүрѳттѳрдү изилдешкен.

Бѳлүмдүн ага кызматкери Л. М. Ведутова Ысык-Кѳлдүн түндүгүндѳ мегалиттик комплекстерди ачып, анын пайда болуусу, кайсыл байыркы элдер тарабынан курулгандыгын аныктоо боюнча изилдѳѳлѳрүн алып барууда. В. А. Кольченко тарабынан Красная Речка жана Новопокровское-2 шаар чалдыбарларында казуу иштери уланып келүүдѳ. Кольченко В.А. Мамлекеттик Эрмитаждын (РФ) кызматкерлери менен биргеликте, ошондой эле Шаньси пров. (Сиань ш.) Археологиялык институтунун кызматкерлери менен биргеликте алып барган жумуштарынын натыйжасында Красная Речка шаар чалдыбарынын пайда болуусун аныкташкан (ал мурда илимде V-VI, же VII кылымда эмес, VIII кылымдын аяк чени – IX кылымдын баш ченинде түптѳлгѳн, ошол себептен ал Невакет, же болбосо Жаңы Шаар деп аталса керек). Ортонку жана Тѳмѳнку Сырдарыянын аймагында жайгашкан Жетиасар деп аталган маданияттынын жаңылыктарын Новопокровка-2 эстелигинде да табышкан.Алай ѳрѳѳнүндѳ бѳлүмдүн кызматкери Э. К. Султанов жетекчилигинин астында казуу иштери жүргүзүлүп Кыргызстандын археологиясында мурда белгилүү болбогон жан типтеги эстеликтер ачылган. Ошондой эле эрте темир дооруна таандык элдердин эстеликтери казылып, алардын социалдык түзүлүшү боюнча жаңы маалыматтар алынган. Э. К. Султанов тарабынан ошондой эле Нарын, Ысык-Кѳл, Токтогул аймактарында коло дооруна таандык эстеликтер казылып, мурда илимге белгилүү болгон андрон тарыхый-маданий коомчулугуна таандык болгон эстеликтерден бир аз айырмалнган жаңы эстеликтер ачылган, алардын негизинде Кыргызстандын аймагында анрон урууларынын ѳзгѳчѳ локалдуу варианты бар экендиги аныкталууда. Жогоруда аталган жумуштарды терең изилдѳѳлѳрдүн натыйжасында Кыргызстандын тарыхында мурда белгилүү болбогон жаңы фактылар ачылышы мүмкүн.

Байланыш маалыматтары:
Дареги: Бишкек ш., Чуй пр., 265-а
Институттун директору: член-корреспондент Асанканов Абылабек Асанканович
тел.: +996 312 64-26-23;
+996 312 64-26-27.
Эл. адрес: institutistor@mail.ru


Шилтемелер