Меню

Математика институту


Институттун ишмердиги жана тарыхы

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын математика Институту – жетектөөчү илимдер борбору. 1955-жылы Республикалык Илимдер Академиясынын Президиумунун астында бөлүмдөр уюштурулган, 1960-жылы физика, математика жана механика Институту болуп кайрадан түзүлгөн. 1962-жылы математика жана физика Институту болуп аталган. 1984-жылы физика жана математика институтунун математикалык лабораторияларынын базасында математика Институту уюштурулган.

КР УИА Президиумунун 14.07.08 жылдын № 04-13 чечими менен Математика Институтуту теориялык жана колдонмо математика Институту болуп өзгөрдү.  КР УИА Президиумунун 13.11.16-жылдагы №137-ө/к чечими менен мурдагы аты Институтка кайтарылды.

Институттагы илимий-изилдөө иштер төмөнкүдөй төрт багыт боюнча ишке ашырылат:

– топологиялык усулдарды өнүктүрүү;

– асимптотикалык усулдарды өнүктүрүү;

– аналитикалык  усулдарды өнүктүрүү;

– экономикалык маселелерди оптимизациялоо теориясындагы математикалык усулдарды өнүктүрүү.

Институттун математиктери үзгүлтүксүз өзгөртүүдө сактоодо баардык мүмкүн болгон үзгүлтүксүз объекттердин касиеттерин окуп үйрөнүүдө жалпы топологиянын ар түрдүү түзүлүштөрүн изилдөөдө чоң ийгиликтерге жетишишти. Кыргызстанда академик  А. А. Бөрүбаев Борбордук Азияда биринчилерден болуп топология жана геометрия боюнча мектеп ачты, ал топологиялык мейкиндиктердин класстарын бирдейлештирүүнү изилдейт жана математиканын ар түрдүү багыттарында колдонулуучу үзгүлтүксүз чагылдыруунун жана топологиялык мейкиндиктерди кеңейтүүнүн жана топологиялык топторду толуктоолордун жаңы эффективдүү жолдорун тапты. Системалуу түрдө изилдөөлөрдүн негизинде топологиялык мейкиндиктердин жаңы касиеттеринин жана үзгүлтүксүз чагылдыруулардын жана алардын касиеттери, жана анын өзгөчөлүктөрүн окуп үйрөнүү, ошондой эле топологиялык мейкиндиктерди кеңейтүү жана топологиялык топторду толуктоолорду түзүүдөгү жаңы эффективдүү ыкмалардын табылышынын негизинде, Кыргызстан бир калыптагы топологияны изилдөө борбору болуп калды.

Институттун математиктери сингулярдык дүүлүүкөндүк теориясынын ар түрдүү аспектеринде, интегро-дифференциалдык теңдемелеринде жана далил боло алуучу эсептөө ыкмаларында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Мындай теңдемелер теориясын системалуу түрдө изилдөө жана анын артыкчылык өзгөчөлүктөрү Кыргызстанда кеңири таанылган интегро-дифференциалдык теңдемелер теориясы менен кошумчалары жаатында илимий мектептин ачылышына алып келди. Алынган натыйжалар ар түрдүү физикалык, биологиялык жана коомдук процесстерди изилдөөгө мүмкүндүк берет.

Жеке туундулардагы теңдемелер теориясында дурус коюлган маселелер жаатында да айтарлыктай натыйжалар алынды.

Дискреттик оптимизация колдонмо маселелери боюнча атап айтканда экономикалык процесстерди моделдөө жана аларды чыгаруу алгоритимдерин жана ыкмаларын иштеп чыгуулар боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы 37 доктордук жана 100 ашык кандидаттык диссертациялардын негизинде жатат.

Жалпы алгебра жана торчолор теориясы боюнча изилдөөлөр Орусия, Германия, Франция, Чехия, Польша, Сербия, Латвия жана АКШ университеттери менен биргеликте INTAS, COBASE жана  CRDF гранттарынын негизинде жүргүзүлөт.

Ар түрлүү билим багыттарындагы жана берилиштерди иштеп чыгуудагы объектерди интерактивдүү компьютердик чагылдыруу, атап айтканда математикалык лингвистика өнүгүүдө. Кыргыз тилиндеги сөз өзгөртүүнүн бирдиктүү алгоритими түзүлгөн жана ал алгоритмдин негизинде мамлекеттик тилди окуп үйрөнүү жана текшерүү боюнча компьютердик программа иштелип чыккан.

Институттун кызматкерлери 1000ден ашык илимий иштерин, алардын ичинен 30дан ашык монография, анын ичинде 5 англис тилинде жарык көрдү (Голландияда жана Японияда бир эле убакта 3, Венгрияда – 1, Германияда – 2, Орусияда -1) жарыялашкан, ар кандай конференцияларда 500 дөн ашык баяндамалар жасалган. Институт ири эл аралык иш-чараларды уюуштурууга катышышты, анын ичинде  Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин V конгресси (2014), Ысык-Көл эл аралык математикалык форуму (2015), «Татаал системдерди оптимизациялоо көйгөйлөрү» мектеп семинары (2004-2014-жж.).

2018-жылы «КР УИА математика Институтунун Жарчысы» журналы Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигинде каттоодон өткөн жана анын биринчи номуру жарык көрдү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика Институту өлкөдөгү математика илимдеринин жетектөөчү борбору болуп саналат. Мында 6 лаборатория иштейт жана 54 адам эмгектенет, алардын ичинен 39 илимий кызматтерлер. Алардын ичинен Улуттук илимдер Академиясынын академиги -1, КР УИА корреспондент-мүчөсү -1, 12 илимдин доктору жана 17 илимдин кандидаты. «КР ардактуу илимий ишмери» – 1 кызматкер, «КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер» – 2 кызматкер, «Илим жана техника жаатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» – 4 кызматкер. КМШ нын «Достук жылдыздары» мамлекет аралык сыйлыгынын ээси – 1 кызматкер, Сократ медалынын ээси – 1 кызматкер, Ишеналы Арабаев атындагы сыйлыгынын лауреаты -1 кызматкер, Иса Ахунбаев атындагы сыйлыгынын лауреаты -2 кызматкер. Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин Ардактуу президенти – 1 кызматкер, АКШтагы “Mathematical Reviews” серепчиси -1 кызматкер, Америкалык математика коомунун мүчөсү – 1 кызматкер.

Институтта аспирантура жана докторантура бар 1990 – жылдан баштап Институтта кандидаттык диссертацияны коргоо боюнча кеңеш иштей баштаган, ал эми 1993-жылдан баштап докторлук диссертация боюнча кеңеш иштей баштаган, азыркы учурда «Дифференциалдык теңдемелер», «Геометрия жана топология» адистиктери боюнча докторлук диссертация боюнча жана «Экономиканын математикалык жана инстументтик ыкмалары» адистиги боюнча кандидаттык диссертациялык кеңеш бар.

Институт эл аралык  конференцияларда баяндамаларды жасоо менен чет элдик илимпоздордун Институттун семинарлары жана конференцияларына катышуусу менен жакынкы жана алыскы чет элдердин илимий борборлору менен байланыш түзүп келет. Институт КМШ өлкөлөрүнүн тийиштүү мекемелери менен тыгыз байланышта, С. Л. Соболев атындагы математика Институту Орусия илимдер академиясынын СБ менен, РИА СБнүн математикалык геофизика жана эсептөө математика Институту менен , ОИА Ыраакы чыгыш бөлүндөгү Колдонмо математика Институту менен кызматташуу туралуу келишимдер түзүлгөн.

Институттун кызматкерлери А. А. Бөрүбаев, А. Асанов, А. Жусупбаев, С. Искендеров, А. Б. Байзаковдор орто мектептер жана жогорку окуу жайлар үчүн кыргыз тилинде окуу китептерин басып чыгарышкан.

Институттун кызматкерлери мектеп окуучуларына математика жана информатика боюнча республикалык олимпиадаларды даярдоого жана өткөрүүгө белсемдүү катышат.

Институттун көптөгөн кызматкерлери Ж. Баласагын атындагы КУУда, И. Раззаков атындагы КМТУде, Б. Ельцин атындагы КОСУде, И. Арабаев атындагы КМПУ де ж.б. университеттерде дарс окушат, ал эми ЖОЖ окутуучулары жыл сайын Институттун лабораторияларынын базасында тажырыйбадан (стажировкадан) өтүшөт.

Илимий изилдөө иштерин жүргүзүүдөгү топтолгон бай тажырыйба, илимий потенциал Институтка келечекке пландаштырууга мүмкүндүк берет:

  • жаңы фундаменталдык илимий натыйжаларды алуу үчүн изилдөөнүн негизги багыттарын андан ары өркүндөтүү;
  • жогорку квалификациядагы илимий кадрларды даярдоо;
  • жүргүлүүчү изилдөөлөрдүн практикалык багыттын күчөтүү.

Байланыш маалыматтары:
720071, Бишкек ш., просп. Чуй просп., 265а,
Институттун директору, академик Борубаев Алтай Асылканович
тел.: 64-26-82
Кабылдама: 39-20-63
Окумуштуу катчы: к. ф-м. н. Асанкулова Майрам Асанкуловна
тел.: 64-26-73
E-mail: mathnas@mail.ru

www.math.aknet.kg


Шилтемелер