Меню

М. М. Адышев атындагы Геология институту


Институттун тарыхынан

Институтта илимий изилдөөлөр 3 негизги багытта жүрүп жатат: Кыргызстандын регионалдык геологиясы жана пайдалуу кен байлыктары Тянь-Шандын регионалдык географиясы жана геоэкологиясы.

Азыркы учурда геологиялык багытта ийгиликтүү өнүгүүлөр уланууда:

  • Палеозойдун бүктөлмө-бырышталган облустарындагы кембрийге чейинкилик табигый (түзүмдөрүнүн) геологиясы боюнча;
  • метаморфдукформациялардынгеологиясыжана геодинамика боюнча;
  • металлогения жана кендин пайда болуусу боюнча.

Божомолдоо-металлогениялык куруулардын негизи болгон плейттектониканын негизиндеТянь-Шандын геодинамикасын изилдөө багыты да андан ары өнүгүүдө.

Кыргызстандын географиялык изилдөөлөр жаатында да алдынкы өңүттөр уланууда – гидрология, ландшафты изилдемей, геоморфология – булар аймактардын туруктуу өнүгүшүнүн шарттарын табууга (ачууга) багытталган.

Инженердик геология жана геоэкология боюнча изилдөөлөр да өздөрүнүн салттуу багыттарында уланууда: геоэкологиялык процесстердин чыгуу (пайда болуу) мыйзам ченемдерин иликтөө (байкоо) жана карталарга түшүрүү, табигый системалардагы, ошондой эле тоо-кен өнөр-жай комплекстериндеги рисктерди (коркунуч болуп кетүү мүмкүндүгүн) азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу.

Учурда, Геология институтунун лабораториялары комплекстүү долбоорду “Кыргызстандын минералдык-чийки зат ресурстарын жана айлана-чөйрөнү коргоону туруктуу өнүктүрүү боюнча актуалдуу геологиялык жана экологиялык тараптарын” иштеп чыгууда (2018-2020-жж.).

Институтта 4 лаборатория жана 1 бөлүмиштөөдө:

  • Тектоника жана стратиграфия лабораториясы,
  • Метаморфдук формациялар лабораториясы,
  • Металлогения жана кен пайда болуу лабораториясы,
  • Инженердик жана экологиялык геология лабораториясы,
  • География бөлүмү.

 

Аспиранттык жана докторлук изилдөөлөр

Геология институту Кыргызстандын жана жакынкы чет өлкөлөрдө жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн олуттуу салым кошот. 2005-жылдан баштап Геология институтунда төмөнкү адистиктер боюнча докторлук жана кандидаттык диссертацияларды жактоо боюнча Диссертациялык Кеңеш иштейт:

  1. Жалпы жана региондук геология – 25.00.01. (геологиялык-минералогиялык илимдер, доктордук жана кандидаттык диссертациялар);
  2. Геоэкология (тармактар боюнча) –25.00.36. (геологиялык-минералогиялык жана техникалык илимдер, доктордук жана кандидаттык диссертациялар);
  3. Метеорология, климатология, агрометеорология– 25.00.30. (Жер жөнүндө илимдер, кандидаттык диссертациялар).
  4. Геофизика, пайдалуу кендерди издөөнүн геофизикалык ыкмалары- 00.10. (геологиялык-минералогиялык илимдер, кандидаттык диссертациялар);

КР УИА Геология Институтунун китепканасы

Геология институтунун китепканасы 1977-жылы Кыргыз ССРнин Илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасынын фоддорунун негизинде түзүлгөн.Китепкана фонду 28 миң китептер, журналдар жана улантылма чыгаруулардан турат. Фонддо география, геология жана палеонтология боюнча маалыматтык жана илимий адабияттар камтылган. Китепкана дабаалуу библиографиялык фонд бар, анын ичинде 1917-жылдан 1990-жылга чейинки Борбордук Азиянын геологиясынын көрсөткүчтөрү.Чет элдик фонд 8000 экземплярдан турат, анын ичинде 19-кылымдын аягындагы палеонтология боюнча уникалдуу китептер.

Китепкана Геология институтунун гана кызматкерлерин эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун студенттерин, магистранттарын, аспиранттарын жана докторанттарын тейлейт.

КР УИА Геология Институтунун минералогиялык музейи

КР УИА Геология Институтунун минералогиялык музейинде Кыргызстандын жана башка аймактардын тоо тектеринин жана минералдарынын көптөгөн үлгүлөрү көрсөтүлгөн, ошондой эле рудалык археология экспонаттары (байыркы жер астындагы кен иштеткендеги тирөөчтөр, чырактар ж.б.). Геохронологиялык шкала байыркы өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн үлгүлөрү аркылуу көрсөтүлгөн.

Геология институтунунбашкыилимийжанаолуттуужетишкендиктери

Өткөн жылдарда жүргүзүлгө нилим-изилдөө иштердин маанилүү көрсөткүчтөрү болуп практикалык иштеп чыгуулардын төмөнкү тизмеси эсептелет:

  1. Кабактагы көмүр жана сейрек металлдар бассейнинин ачылышы жана изилдөөсү -Ф. Т. Каширин, К.К. Карабалаев, Ю.А. Ткачев, И.М. Ибрагимов ж.б.
  2. Актүз кен талаасындагы сейрек кездешүүчү металлдар кенинин ачылышы – С.Д. Туровский, В.Ф. Ким, У. Усманов ж.б.
  3. Жетим темир рудалуу бассейнин ачуу -В.Г. Королев, Б. Джолдошев, К. Сагындыков ж.б.
  4. Кара сланецтүү формациянын бир катар сейрек жана баалуу металлдарга карата өндүрүмдүүлүгү далилденген -М.М. Адышев, В. Шабалин, К.Е. Калмурзаев.
  5. Республика аймагынын алтын рудалык негиздөөсү, кендердин ачылышы менен тастыкталган -И.К. Давлетов, В.Т. Сургай ж.б.
  6. Бир катар алтын камтыган чачындылар жана алтындын негизги кендүү жерлери табылган -И.А. Мезгин, И.И. Войтович.
  7. Калай жана сейрек кездешүүчү металлдардын кендүү жерлери минералогиялык, технологиялык жактан картага түшүрүү жүргүзүлүп жана анын ыкмалары иштелип чыккан – С.Д. Туровский, Э.Б. Байбулатов, В.Ф. Ким, Ш.А. Абакиров, У. Усманов.
  8. Сарыжаз рудалуу талаасындагы графит кендүү жерди жана жез-молибден-вольфрам рудалуу зонасын ачуу – Э.Б. Байбулатов, В.Г. Королев, Ю.П. Рыков.
  9. Чаткалда, волластонит,откотуруштук берүүчү топурак, трепел, фарфор ташы жана башка рудалуу эмес пайдалуу кендерди ачуу – И.А. Мезгин, Д.Д. Дженчураев, Р.Дж. Дженчураева, И.И. Егошин.
  10. Таласта ванадий камтыган титандык-магнетиттик рудаларын ачуу – А.Б. Бакиров, К.С. Сакиев.
  11. Түштүк Кыргызстандын бир нече аймактарында мунай жана газ боюнча перспективалуу жерлерин негиздөө – М.У. Усубалиев, К.Т. Токтоналиев, В.В. Киселев, Р.А. Максумова.

ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА КЫРГЫЗ-КЫТАЙ БОРБОРУ

Илимий – техникалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Кытай борбору (мындан ары Борбор) 2011-жылы Металлогения жана руда пайда болуу лабораториянын негизинде Геология Институтунун бир бөлүмү катары түзүлгөн. КЭР Синцзян–Уйгур Автономдук районунун 305 – мамлекеттик программасы жана КР Улуттук Илимдер Академиясынын Геология институтунун ортосундагы кызматташуу келишиминин негизинде Борбор куралган.

Борбордун негизги максаты Тян-Шандын геология жана металлогениясы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү.

Борбордун жумуш тапшырмалары бул:

  • Геологиялык илим–изилдөө иштеринин деңгээлин көтөрүү;
  • Тажрыйба жана илим-изилдөө иштеринин натыйжалары менен бөлүшүү;
  • Биргелешкен илим–изилдөө долбоорлорун жана программаларын аткаруу;
  • Кыргыз–Кытай тоо-кен, геология жана башка мекемелердин жана компаниялардын кызматташуусуна салым кошуу;
  • Жаш геолог илимпоздорун Кытай университеттеринде окутуу.

2011-2018жылдары 15 тен ашык эл аралык геологиялык экспедициялар Кыргыз жана Кытай жерлеринде өткөрүлгөн. Тянь-Шаньдын геологиясы жана металлогениясы суроолору боюнча жумуш жыйналыштары жүргүзүлгөн. Геология институтунун ишмерлери Пекин шаарынын Геология институтунда жана башка мекемелерде аспирант жана докторанттарга 10 дон ашык лекицияларды окушкан.

Жаш илимпоздор Кытай университеттеринде окуп жатышат.

Борбордун жана баардык долбоорлордун каржылоосу Кытай тарабынан грант түрүндө берилет.

Борбор тарабынан жазалган иш аракеттер:

  1. 2015-ж. Тоо-кен иши жана тоо-кен технологиялар институтунун КР ББИМ жана Кытай Геологиялык университети (Ухань ш.) арасында түзүлгөн кызматташуу боюнча келишим.
  2. 2016-ж.Улуттук Илимдер академиясында КР илимий-техникалык маалымат борборун түзүү, КР УИА жана КЭРСУАРдын нүгүү стратегиясынын Институтунун ортосундагы келишимдин негизинде.
  3. 2016-ж. КР Айыл-чарба министрлиги менен КЭРСУАРдын илим департаментинин ортосундагы кызматташуу боюнча келишим түзүү.
  4. Кытайдын ар кандай илимий жана билимберүү мекемелеринин жана КР УИА Геология институтунун бир нече макулдашууларга жана меморандумдар корутундусу.м

Байланыш маалыматтары:

Кыргыз Республикасы
720040,  Бишкек ш. Эркиндик  пр. 30
Институттун директору: д.г.-м.нСакиев Кадырбек Сатыбалдынович
Тел.: (996-312) 66-47-37
Факс: (996-312), 66-47-37
Окумуштуу катчы: Бакиров Айзек Асанбекович
тел.: (996-312) 66-47-38
e-mail: geol_kg@mail.ru

www.ingeo.aknet.kg


Шилтемелер