Меню

Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту


Институттун тарыхынан

1960-жылы Кыргыз ССРнин Илимдер академиясынын Геология институттуна караштуу Тоо иштери бөлүмүнүн негизинде Тоо иштери институту уюштурулган. Жер катмарынын жогорку бөлүгү жөнүндөгү илимий билимдердин өнүгүшүндө породалык массивдин табыгий чыңалуу талаасынын калыптанышын жана анын тоо-кен иштеринин кесепетинен келип чыккан өзгөрүүлөрүн изилдөө көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл буруу кажети келип чыкан. Тоо тектик массивдин геомеханикасы тармагындагы изилдөөлөр өнүгүп баштаган. Ошол кездеги илимий изилдөөлөрдүн өзгөчөлүктөрүн эске алууменен институт Тоо-тектердин физикасы жана механикасы институту болуп өзгөргөн.

2008-жылы институт Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүүрү институту болгон. Институттун курамында 6 лаборатория, “Геоприбор” илимий-инженерлик борбору жана “Геосервис” илимий-долбоорлоо борбору бар. 40тан ашуун илимий кызматкерлер иштейт. Алардын ичинде КР УИАнын 1 академиги, КР УИАнын 1 корреспондент-мүчөсү, илимдин 6 доктору жана 17 кандидаты бар.

Институтта «Геомеханика», «Геотехнология (жер астындагы жана ачыктагы)» жана «Пайдалуу кендерди байытуу» кесиптери боюнча доктордук (кандидаттык) дисертацияларды жактоо боюнча диссертациалык кенеш иштейт, ал жерде илимдин 150 дөн ашык кандидаттары жана 30 га жакын докторлор даярдалган.

Институт жыл сайын Кыргызстандын теоретикалык жана колдонмо механикасы боюнча комитети менен бирге “Механиканын заманбап көйгөйлөрү” (“Современные проблемы механики”) журналынын 4 санын чыгарат.

Институттун илимий ишкерлиги Кыргызстанга манилүү болуп эсептелген тоолу аймактарды өздөштүрүүдөгү жана өлкөнүнүн экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашырууда тоолуу казып алуудагы, энергетикадагы, транспортук инфраструктурадагы жана экологиялык туруктуулукуту камсыздоодогу көйгөйлөрдүү чечүүгө багытталган.

Азыркы малда институт 3 багыт боюнча комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзөт:

  • Тоо тектер массивинин геомеханикасы (геотехникалык объектилер жайгашкан аймактардагы тоо тектердин жана массивдердин чыңалуу абалын, касиеттерин баалоо;массивдердин геомеханикалык мүнөздөгүчтөрүн аныктоочу усулдар жана каражаттар; иштетилген мейкиндиктердин жана кендерди жер астында иштеп чыгуу тутумдарынын курамдык бөлүктөрүнүн туруктуулугу; карьердин капталдарынын, тоонун боорлорунун, жолдордун жана гидротехникалык курулмалардын жантаймаларынын туруктуулугу);
  • Жер казынасын өздөштүрүү технологиясы (пайдалуу кендерди иштеп чыгуу жана минералдык ресурстарды сарамжалдуу өздөштүрүү; кендерди тоолук-экономикалык баалоо);
  • Жаратылыш жана техногендик катастрофалардын кесепеттерин баалоо, болжолдоо жана алдын-алуу (математикалык моделдөө, экологиялык тобокелдиктерди баалоо, приборлорду жана аппараттарды жасоо, калдык сактагычтардын дамбаларынын туруктуулугу).

Жетишкендиктер

1998-жылдан 2013-жылга чейинки мезгилдин ичинде Геомеханика жана жер казынасын өздөштүүрү институттунда 2 илимий ачылыш аныкталган:

  • 1998-ж –Тоо тектериндеги калдыктуу чыңалуунун секирик түрүндөгү бошонуу кубулушу. Авторлору: Академик И.Т. Айтматов жана К.Т. Тажибаев,
  • 2013-ж – Уюлдашкан туурасынан таралган ультра үн толкундарынын ылдамдыгынын салыштырма чоңдугунун механикалык чыңалууга жараша өзгөрүү закон ченемдүүлүгү (Кушбакалинин закону). Авторлору: К.Т. Тажибаев, Д.К. Тажибаев, М.С. Акматалиева.

Институттун кызматкерлерине СССРдин, Кыргыз ССРнин, Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагындагы Мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылган:

  • СССРдин шахталарындагы тоолуу соккуларга каршы күрөшүү чараларнын топомун иштеп чыгуу үчүн академик С.Г. Авершинге – СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы;
  • Кыргызстандагы шахталарда эндогендик өрт менен күрөшүүнүн ыкмаларын жана каражаттарын иштеп чыгуу жана жайылытуусу үчүн С.П. Кузьминский жана Т.Д. Джороевко – Кыргыз ССРнин Мамлекеттик сыйлыгы;
  • Кыргызстандагы руда кендерди натыйжалуу жана коопсуздуу казып алуунун технологиясын иштеп чыгуу жана жайылтуу үчүн И.Т. Айтматов, Г.В. Секисов, АА.А. Ашимбаев, Н.А. Жуков, Н.Г. Ялымов, М.А. Яковлевтерге – Кыргыз ССРнин Мамлекеттик сыйлыгы;
  • Тоо тектер массивинин чыңалуу абалын изилдөөнүн негизинде руда кендерди жер астында казып алууда тоонун басымын башкаруунун ыкмаларын иштеп чыгуу жана жайылтуусу үчүн академик И.Т. Айтматовго – СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы;
  • “Тянь-Шандын калдык калың катмарындагы рудалык пайдалуу казып алынуучуларды болжолдоп баалоонун жана комплекстүү колдонунун илимий негиздери” илимий эгмектер тобу үчүн К.Е. Калмурзаев, М.К. Сартбаевтарга – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы;
  • “Жардыруу жумуштарыдагы өтө эффективдүү жана коопсуздуу технологиялары үчүн жаңы жарылуучу заттарды иштеп чыгуу, жасоо жана жайылтуу” эмгектердин топтому үчүн авторлор жааматынын ичинде С.Б. Барсанаевге – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы;
  • “Уран калдык сактагычтарынын радиациялык коркунучтарын жана алардын бифитоценоздордогу медициналык жана биологиялык процесстердеги таасирин болжолдоо, мониторинг жасоо” эгмектери үчүн Ю.Г. Алешин жана И.А. Торгоевко – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы;
  • “Кыргыз Республикасынын алтын кендерин натыйжалуу жана коопсуз казып алуунун илимий камсыздоосу” илимий эмгеги үчүн авторлор жааматынын ичинде корреспондент-мүчө К.Ч. Кожогулов, К.Т. Тажибаев, О.В. Никольская, Б. Толобековаларга – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы.

Институттун долбоорлору (2015-2017-жж.)

1-долбоор. Кыргызстандагы геотехникалык объектилердин абалын баалоо жана болжолдоо
Долбоордун жетекчиси КР УИАнын корреспондент-мүчөсү К.Ч. Кожогулов.
1-бөлүк Реологиялык жана гидрологиялык факторлорду эске алуу менен жер көчкүлүү жантайма боорлордун туруктуулуктарын камсыздоо ыкмаларын иштеп чыгуу
Жооптуу аткаруучулар: КР УИАнын корреспондент-мүчөсү К.Ч. Кожогулов, т.и.к Г.Н. Фалалеев, ф.-м.и.к. С.Б. Омуралиев
2-бөлүк Бүктөлмөлүү тоо аймактарындагы тоолуу карьерлердин каптал массивтеринин туруктуулугун баалоо усулун иштеп чыгуу
Жооптуу аткаруучулар: КР УИАнын корреспондент-мүчөсү К.Ч. Кожогулов, т.и.д. О.В. Никольская.
3-бөлүк Токтогул ГЭСнин босогосундагы тоо боорлорунун геомеханикалык мониторингин жасоо жана туруктулугун баалоо
Жооптуу аткаруучу: ф.-м.и.н. . Б.Ц. Манжиков
4-бөлүк Калдык сактагычтардагы дамбалардын бекемдүүлүгүн баалоо
Жооптуу аткаруучу: т.и.к. Б.А. Чукин
5-бөлүк Иштетилген рудниктердин аймагындагы тобокелчиликтерди башкаруунун маалымат-усулдук камсыздоосу
Жооптуу аткаруучу: т.и.к. Ю. Г. Алешин
6-бөлүк Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарындагы минералдык жана гидроэнергетикалык ресурстарын ири масштабда өздөштүрүүдөгү геоэкологиялык тобокелчиликтерди баалоо, коркунучтуу жаратылыш жана техногенндик процесстерди мониторинг жасоо жана долбоорлорду илимий коштоо.
Жооптуу аткаруучу: т.и.к. И.А. Торгоев
2-долбоор Кыргызстандагы кендерди сарамжалдуу өздөштүрүүнүн ыкмаларын иштеп чыгуу
Долбоордун жетекчиси КР УИАнын академиги И.Т. Айтматов
1-бөлүк Тоо долбоорлорун долбоорлодоо каражаттын жетиштүүлүгүн аныктоочу ыкмаларды жакшыртуу
Жооптуу аткаруучу: т.и.д. Б. Толобекова
2-бөлүк Кыргызстандагы көмүр кендерин комплекстүү өздөштүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу
Жооптуу аткаруучу: т.и.к. Д.К Тажибаев
3-бөлүк Кыргызстандагы руда кендерин өздөштүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу
Жооптуу аткаруучу: т.и.к. Р.Н. Ялымов
4-бөлүк Кыргыз Республикасындагы руда кендери үчүн тоо тектердин механикалык касиеттерин жана чыңалууларын аныктоо.
Жооптуу аткаруучу: т.и.д. К.Т. Тажибаев.
5-бөлүк Руда кендери жайгашкан тоолуу татаал рельефтүү тоо тектердин катмарлуу массивинин баштапкы чыңалуу абалын математикалык ыкмалар менен изилдөө
Жооптуу аткаруучулар: т.и.д. Б. Жумабаев, ф.-м. и.к. А.А. Аманалиев

Негизги илимий иштелмелер

  • “Тоо тектериндеги калдыктуу чыңалуунун секирик түрүндөгү бошонуу кубулушу” илимий ачылышы. Приоритети 1987-жыл. (Диплом № 90, рег. № А 109 24.04.1998., Москва)
  • “Уюлдашкан туурасынан таралган ультра үн толкундарынын ылдамдыгынын салыштырма чоңдугунун механикалык чыңалууга жараша өзгөртүү закон ченемдүүлүгү (Кушбакалинин закону)” илимий ачылышы. Диплом № А 571 12.04.13., Москва);
  • Кыргыз Республикасынын тоо боорундагы транспортук магистралдардын жантаймаларынын туруктуулуктарынын бузулушун алдын алуу боюнча усулдук сунуштар;
  • Тоолуу карьерлердин капталдарынын туруктуулуктарын болжолдоо карталарын түзүү усулу;
  • Аймактык жер титирөө маалыматтары боюнча убакыт, мейкиндик жана энергия болжолу;
  • Аспаптык геомеханикалык мониторингтин маалыматтары боюнча тоо боорлорунун туруктуулуктарын баалоосунун 4 деңгээлдүүболжолдуулук усулу;
  • Жер көчкү процесстерине мониторинг жасоочу аппараттардын комплектиси;
  • Кыргызстандын тоо өнөр жай аймактарындагы геоэколгиялык мониторингти уюштуруу жана алып баруу боюнча усулдук сунуштар;
  • Тектоникалык тоо соккулардын жана жер титирөөлөрдүн көлөмдүү борборлорунун теоретикалык модели;
  • Тоо тектердин динамикалык кыйроо жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жана массивдин участокторунун сокку коркунучун аныктоочу ыкмалар;
  • Тик төмөндөөчү калың көмүр катмарларынын жер астында казып алуунун жана кээ бир көмүр кендеринин (кен жерлерди) жер астындагы технологиялары;
  • Тоо тектердеги жана катуу чөйрөлөрдөгү калдыктуу чыңалууларды аныктоого түрткү берүүчү жана бузулбаган ультр үндүк ыкма;
  • Кыргыз Республикасынын патенттери менен корголгон, пайдалуу кендери айкалыш казып алуунун технологияларынын жана ыкмаларынын топтому;
  • Сандык моделдөөнүн негизиндеги геотехникалык объектилердин статикалык жана жер титирөөгө туруктууларын баалоо ыкмалары;
  • Руда кендерин жана тоо долбоорлорун оптималдуу баалоонун усулу;
  • Ар кандай сапатта камдсыздалган негизги пайдалуу кендерди биргелешип оптималдоонун усулу;
  • Көмүр жана руда пайдалуу кендерин өндүрүүдө казып алуу тутумдарынын негизги элементеринин оптималдык мүнөздөгүчтөрүн аныктоо.

Институттун ишмердүүлүгү жөнүндө

1960 жылы Кыргыз ССРнын Илимий акдемиясынын Геология институттуна караштуу Тоо иштери бөлүмүнүн негизинде Тоо иштери институту уюштурулган. Жер катмарынын жогорку бөлүүгү жөнүндөгү илимий билимдердин өнүгүшүндө породалык массивтин табыгий чыңалуу талаасынын калыптанышын жана анын тоо-кен иштеринин кесепетинен келип чыкан өзгөрүштөрүн изилдөө көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл буруу кажетиги келип чыкан. Тоо тектик массивтин геомеханикасы тармагындагы изилдөөлөр өнүгүү алган. Ошол кездеги илимий изилдөөлөрдүн өзгөчөлүктөрүн эске алып институт Тоо-тектердин физикасы жана механикасы институтунаатын алмаштырышкан.

2008-жылы Институт Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүүрү институтунаатын алмаштырган.

Институттун курамында 6 лаборатория, “Геоприбор” илимий-инженерлик борбору жана “Геосервис” илимий-долбоорлоо борбору иштешет. 50 жакын илимий кызматкерлер иштешет, алардын ичинде КР УИАнын 1 академиги, КР УИАнын 1 мучө-корреспонденти, илимдин 6 доктору жана 15 кандидаты.

Института «Геомеханика», «Геотехнология (жер астындагы жана ачыктагы)» жана «Пайдалуу кендерди байытуу» кесиптери боюнча доктордук (кандидаттык) дисертацияларды жактоо боюнча диссертациалык кенеш иштейт, ал жерде илимдин 150 ашык кандидаттаржана 30 жакын докторлор даярдалган.

Институт жыл сайын Кыргызстандын теоретикалык жана колдонмо механикасы боюнча комитети менен бирге “Механиканын заманбап көгөйлөрүү” (“Современные проблемы механики”) журналынын 4 номерин чыгарат.

Институттун илимий ишкерлиги Кыргызстанга манилүүболуп эсептелген тоолу аймактарды өздөштүрүдөгү жана өлкөнүнүн экономикалык өнүгүү стратегиясынын ишке ашырууда тоолуу казып алуудагы, энергетикадагы, транспортук инфраструктурадагы жана экологиялык туруктуулукуту камсыздоодогу көгөйлөрдүү чечүүгө багыталган.

Азыркы малда Институт 3 багыт боюнча комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзөт:

  • Тоо-тектер массивинин геомеханикасы (тоо-тектердин жана массивдердин касиеттерин жана чыңалуу абалын баалоо; аларды аныктоочу усулдарды иштеп чыгуу жана жакшыртуу;жер астындагы казмалардын,тоонун боорлорунун жана жолдордун жантаймаларынын, гидротехникалык курулмалардын жана карьердин капталдарынын туруктуулугун балоо; физикалык жана математикалык моделдөөлөр);
  • Жер казынасын өздөштүрүүнүн геотехнологиясы (кендерди тоолук-экономикалык баалоо жана долбоорлоо; пайдалуу кендерди иштеп чыгуу технологиясы);
  • Тоо өнөр жай аймактарынын геоэкологиясы (табигый жана техногендик кырсыктарды баалоо, болжолдоо жана алдын-алуу; экологиялык тобокелдиктерди баалоо;усулдарды, приборлорду жана аппараттарды жасоо).

Институттун негизги илимий жана маанилүү жетишкендиктери жөнүндө:

Негизги илимий иштелмелер:

  • Кыргыз Республикасынын тоо боорундагы транспорттук магистралдардын жантаймаларынын туруктуулуктарынын бузулушун алдын-алуу боюнча усулдук сунуштар;
  • Тоолуу карьерлердин капталдарынын туруктуулуктарын болжолдоо карталарын түзүү усулу;
  • Жер көчкүү процесстердин мониторингтөөчү аппараттардын себили;
  • Кыргызстандын тоо өнөр жай аймактарындагы геоэколгиялык мониторингти уюштуруу жана алып баруу боюнча усулдук сунуштар;
  • Тектоникалык тоо соккулардын жана жер титирөөлөрдүн көлөмдүү борборлорунун теоретикалык модели;
  • Тоо тектердин динамикалык кыйроо жөндөмдүлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жана массивтин участокторунун сокку коркунучтуулугун аныктоочу ыкмалар;
  • Тик төмөндөчү калың көмүр катмарларынын жер астында казып алуунун жана кээ бир көмүр кендерди жер астында газификациялоо технологиялары;
  • Кыргыз Республикасынын патенттери менен корголгон, пайдалуу кендерди айкалыш казып алуунун технолгияларынын жана ыкмаларынын топтому;
  • Руда кендерди жана тоо долбоорлорду оптималдулук баалоонун методикасы;
  • Ар сапаттуу камдыктагы негизги пайдалуу кендерди бирге оптималдоонун методикасы;
  • Катуу материалдардын серпилгичтигинин мүнөздөмөлөрүн аныктоо ыкмасы;
  • Тоо-тектердеги калдык жана таасир кылып жаткан чыңалууларды аныктоочу поляризацилык-акустикалык усул.

Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институттунда 2 илимий ачылыш аныкталган:

  • 1998-ж –Тоо тектериндеги калдыктуу чыңалуунун секирик түрүндөгү бошонуу кубулшу. Авторлору: Академик И.Т.Айтматов жана К.Т. Тажибаев.
  • 2013-ж –Уюлдашкан туурасынан таралган ультраүн толкундардын ылдамдыгынын салыштырма чоңдугунун механикалык чыңалууга жараша өзгөрүү закон ченемдүүлүгү (Кушбакалинин закону). Авторлору: К.Т. Тажибаев, Д.К. Тажибаев, М.С. Акматалиева.

Институттун кызматкерлерине СССРнын, Кыргыз ССРнын, Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагындагы Мамлекеттик сыйлыктары ыйгарылган:

  • СССРнын шахталарындагы тоолуу сокуларга каршы күрөшүү чараларнын топтомун иштеп чыгуу үчүн академик С.Г. Авершинге – СССРнын Мамлекеттик сылыгы;
  • Кыргызстандагы шахталарда эндогенндик өрт менен күрөшүүнүн ыкмаларын жана каражттарын иштеп чыгуу жана жайылтуу үчүн С.П. Кузьминскийге жана Т.Д. Джороевко – КыргызССРнын Мамлекеттик сыйлыгы;
  • Кыргызстандагы руда кендерди эффективдүү жана коопсуздуу казылып алуунун технологиясын иштеп чыгуу жана жайылтуу үчүн И.Т. Айтматов, Г.В. Секисов, АА.А. Ашимбаев, Н.А. Жуков, Н.Г. Ялымов, М.А. Яковлевтерге – Кыргыз ССРнын Мамлекеттик сыйлыгы;
  • Тоо тектермассивинин чыңалуу абалын изилдөөнүн негизинде руда кендерди жер астында казып алууда тоолук басымды башкаруунун ыкмаларын иштеп чыгуу жана жайылтуу үчүн академик И.Т. Айтматовго – СССРнын Мамлекеттик сыйлыгы;
  • “Тянь-Шаньдын калдык калың катмарындагы рудалык пайдалуу казып алынуучуларды болжолдоп баалоонун жана комплекстүү колдонунун илимий негиздери” илимий эгмектер тобу үчүн К.Е. Калмурзаевге жана М.К. Сартбаевге – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы;
  • “Жардыруу жумуштарыдагы өтө эффективдүү жана коопсуздуу технологиялары үчүн жаңы жарылуучу затарды иштеп чыгуу, жасоо жана жайылтуу” эмгектердин топтому үчүн авторлор жааматынын ичинде С.Б. Барсанаевге – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы;
  • “Уран калдык сактагычтардын радиациалык коркунучтарын жана алардын бифитоценоздордогуу медициналык жана биологиялык процесстердеги таасирин болжолдоо, мониторингдөө” эгмектер тобу үчүн Ю.Г. Алешинге жана И.А. Торгоевка – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы;
  • “Кыргыз Республикасынын алтын кендерин эффективдүү жана коопсуздуу казып алуунун илимий камсыздоосу” илимий эмгеги үчүн авторлор жааматынын ичинде мүчө-корреспондент К.Ч. Кожогулов, К.Т. Тажибаев, О.В. Никольская, Б. Толобековаларга – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы.

«Геомеханика» окуу китеби үчүн КР УИАнын мүчө-корреспондентти К.Ч. Кожогулов жана О.В. Никольская И.К. Ахунбаева атындагы академиялык сыйлыгын алышты.

Байланыш маалыматтары:

КР УИА Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту (ГжЖКӨИ)
720052, Бишкек ш., Медеров көч. 98,
Институттун директору: мүчө-корреспондент Кожогулов Камчибек Чонмурунович
Тел.: +996 (312) 54-11-15
Факс: +996 (312)54-11-17
Окумуштуу катчы: ф.-м.и.к. Аманалиев Алманбет Абасканович
Тел.: +996 (312) 54-11-17
e-mail: ifmgp@yandex.ru

www.igion.megaline.kg

 


Шилтемелер