Меню

УИАнын академиги Кайып Оторбаев 95 жашка толмок


КР УИАнын академиги, КР илимине эмгеги сиңген ишмер, география илиминин доктору, профессор Кайып Оторбаев тирүү болгондо 22-апрелде 95 жашка толмок. Ал бүт өмүрүн өндүрүштүк күчтөрдү өнүктүрүү жана жайгаштыруу боюнча көйгөйлөргө арнаган.

1962-жылдан 1965- жылга чейин Кыргыз ССР илимдер академиясынын Экономика институтунда директор, 1965-ж. Кыргыз ССР илимдер академиясынын Президиумунун корреспондент-мүчөсү жана башкы окумуштуу катчысы болуп шайланган.

1969-1978-жж. Кыргыз ССР илимдер академиясынын Экономика институтунда өндүргүч күчтөрдү эффективдүү жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы. 1978-ж. Экономика институту жана экономика-математикалык ыкмаларды пландоо боюнча республикалык мамлекеттик планды ишке ашырууда жетекчилик кылган. 1979-ж. Кыргыз Илимдер академиясынын анык мүчөсү болуп шайланып, ушул эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, 1990-ж. Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Президиумунун алдындагы өндүрүштүк күчтөр жана жаратылыш ресурстарын изилдөө боюнча комиссиянын төрагасы болот. 2015-ж. 22-февралында КР УИАнын академик ДЖ.Алышбаев атындагы Экономика институтунда директордун кеңешчиси болуп эмгектенген.

К.О.Оторбаев республикадагы экономикалык көйгөйлөрдү изилдөөгө зор салым кошкон. Анын ар кайсы жылдардагы экономикалык география тармагындагы изилдөөлөрү, республикадагы өндүрүштүк күчтөрдү өнүктүрүү жана рационалдуу жайгаштыруу, өндүрүштүк мекемелердин аймактык жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана комплекстүү өздөштүрүүнү калыптандыруудагы прогрессивдүү түрлөрү, экономикалык райондоштуруу, агрардык өнөр-жай комплекси, айлана-чөйрөнү коргоо, калктын географиясы, калыбына келтирүү, экономика илиминин тарыхын изилдөө жаатындагы эмгектери ага чоң аброй алып келген.

Өз убагында Нарын дарыясындагы гидроэлектростанция каскадын куруу идесы жемиш алып келген, себеби гидроэнергетика республикабыздын экономикасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Академик К.О.Оторбаевдин үн жыйынтыктары – төрт жүздөй илимий эмгек, анын 40 ашык монография жана китепчелердин ээси. Анын эмгектери англис, француз, немис жана испан тилдерине которулган.

Республикадагы жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоодо зор салым кошкон. Ал экономикалык-географиялык мектептин түзүүчүсү, экономист жана географтарды тарбиялаган, алардын ичинен 5 илимдин доктору, 20 ашык илимдин кандидаттары.

Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу катары 1941-1945-жж.. «Кызыл жылдыз», «Ата-Мекендик согуш» медалдары менен сыйланган. Илимге кошкон салымы үчүн «Эмгек Кызыл Туу Ордени”, II жана III даражадагы Манас ордени, Кыргызстандын Жогорку Президиумунун кеңешинин ардак грамотасы менен сыйланган.

Академик К.О.Оторбаев Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин эки жолку депутаты, көп жылдар бою республикалык дүйнөнү коргоо комитетин жетектеген. Билим берүү жана илимдин уюштуруучусу, коомдук ишмер суверендүү Кыргызстандын демократиялуу өнүгүшү үчүн көмөк көрсөткөн. Аны Кыргызстандагы регионалдык экономиканын түзүүчүсү деп атасак туура болот. 1954-ж Кыргыз ССР Илимдер академиясынын География институту тарабынан жакталган «Кыргыз ССРинин Жалал-Абад областындагы экономикалык-географиялык мүнөздөмөсү» темасындагы кандидаттык иши далил боло алат. Анын илимий ишмердүүлүгү регионалдык экономикага, өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүгө жана жайгаштырууга арналган.

Көрүнүктүү илимпоз, коомдук ишмер жана Кыргызстан спортунун ардактуу ардагери Кайып Оторбаевдин жаркын элеси ар дайым элибиздин эсинде сакталат.


Шилтемелер