Меню

Академик А.Акматалиев: «Манас» эпосунун басылышы – маданиятыбыздагы тарыхый окуя»


УИАнын тил жана адабият институтунда «Семетей» эпосунун 6 томдугуна арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү.

Чогулушка Мамлекеттик тил комиссиясынан КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы, окумуштуу, тарыхчы жана тилчи Аалы Молдоканов, аталган комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аида Ишеналиева, «Саякбай» фондусунун мүчөсү Болот Берикбаев, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаева, кыргыз адабияты бөлүмүнүн башчысы Курманбек Абакиров, филология илимдеринин доктору Мырзабек Жумаев, Садык Тиллебаев, манасчылар Т.Бакчиев, С. Көчөрбаевдер катышышты.

Иш-чарада «Манас» эпосунун варианттарын жазып алгандардын зор эмгегине баа берилип, эпосту коргоп калууда жана жайылтууда салым кошкондордун аты аталып, ал эми катышкандар алдыда жасала турган иштер жөнүндө азыноолак кеп курушту.

Тил жана адабият институтунун директору, академик А.Акматалиев 6 томдукту басуудагы кыйынчылыктарды айтып: «Манас» эпосунун варианттарынын жарыкка чыгышы – жалпы кыргыз маданиятындагы чоң тарыхый окуя. Эпосту жазып калтырган К.Мифтаковдун, Ы.Абдрахмановдун жана башкалардын ысымдары кыргыз адабиятынан эч качан өчпөйт. Ушул ишти баштаган Самар Мусаев, Кеңеш Кырбашев, Эсенаалы Абдылдаев, Райкул Сарыпбеков, Огонбек Исмаилов агайларыбыз да убагында татыктуу бааларын алышат деп ишенем. Бул академиялык басылмалар институтубуздун уюшулганына 90 жыл толоорунда ишке ашып отурат» – деди.

Академиялык варианттарды басмага даярдаган институттун илимий кызматкери Айнек Жайнакова «Манас» эпосун басмага даярдоо иши жөнүдө айтып жатып төмөнкүлөргө токтолду: «Саякбай Каралаевдин вариантындагы «Манас» эпосу 84 000 ыр саптан, уландысы «Семетей» 316 000 ыр саптан туруп, көлөмү жагынан абдан чоң текст. Баса белгилеп кетсем, «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» үч илтиги лексикага өтө бай чыгарма. Ал эми кол жазмалардын кээ бири латын арибинде болсо, айрымдары араб арибинде жазылган. Мисалы, С.Каралаев айткан вариант боюнча магнитофонго жаздырылган кээ бир сөздөрдү биз ылайыгына жараша тууралап жазганга аракет кылсак, кээ бирин кол жазмада кандай болсо ошондой көчүрдүк. Бир сөз менен айтканда бул эмгек көп жыл ичинде зор мээнетти талап кылган эмгек болду. Менин тилегеним – улуу мурас элдин колуна тийсе болду. Себеби, буга чейин «Манас» эпосу чыга турган бир басмакана жоюлуп кетип басылбай калды эле. Буйруса акыркы жылдары «Манас» эпосунун бир нече варианттары жарык көрө баштады» – деп кошумчалады ал.


Шилтемелер