Меню

Илимий байланыш


Кыргыз-казак адабий байланышын изилдеп келген академик Абдылдажан Амантурович Акматалиев Нур-Султанда өткөн көрүнүктүү революционер акын Сакен Сейфулиндин 125 жылдыгына арналган Эл аралык конференцияга катышып, илимий доклад окуду. Эки элдин ортосундагы илимий байланышты изилдөөдөгү зор салымы үчүн Сакен Сейфулин төш белгиси менен сыйланды.

Академик А. Акматалиевдин 40 жылдан бери казак акын- жазуучуларынын чыгармачылыгына арналган “Эгиз элдин обону” (“Жазушы” басмасы, 1989) китеби жана 60 тан ашуун макалалары жарык көргөн. Ал Абайдын жана Жамбылдын 150, Мухтар Ауэзовдун 90, 100, 110 жылдыгына ж.б. жазуучуларга арналган эл аралык конференцияларда 100дөн ашуун доклад окууга жетишип, көп жыл бою диссертациялык кеңештерде мүчө жана журналдарда редколлегия түзүмүндө болгон.

 


Шилтемелер