Меню

Тоо физиологиясы жана медицина институту


Тоо физиологиясы жана медицинасы институту 1954-жылы УИАнын биринчи президенти академик И. К. Ахунбаевдин демилгеси менен ачылган (1967-жылга чейин аймактык медицина институту, 1967-2005 жж. Бийик тоонун физиологиясы жана эксперименталдык паталогиясы институту, 2006-2017-жж. Тоо физиологиясы институту деп аталган). Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын Президиумунун 2017-жылдын 25-январында чыгарылган № 25 токтомунун негизинде Улуттук Илимдер Академиясынын Тоо физиологиясы жана медицинасы институту (юридикалык жакты мамлекеттик катоо жөнүндө күбөлүк 17468-3301-У-Е 2017-ж 20-июль серия ГПЮ № 0026469) КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн медициналык проблемалар институтун Тоо физиологиясы институтуна кошуу жолу менен түзүлгөн.

Институттун миссиясы–бийик тоо аймагында жашаган жана иштеген элдин ден-соолугун жана социалдык коргоо жолдорун түзүү системасын иштеп чыгуу, тоо шарттарында адамдын ишмердүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу ыкмаларын, тоо аймактарынын туруктуу өнүктүрүү идеасын алдыга жылдыруу жана ишке ашыруу.

  Илимий ишмердүүлүктүн негизги багыттары:

  • Адамдын бийик тоо шарттарына адаптациясынын нейрофизиологиялык, иммунофизиологиялык жана психофизиологиялык механизмдери;
  • Тоонун жашоо үчүн жагымсыз шарттарында Адамдын организминин функционалдык абалын жана ден-соолугун оптимизациялоо ыкмалары жана методдорун иштеп чыгуу;
  • Республиканын тоолуу аймактарынын туруктуу өнүгүүсүнүн экофизиологиялык жана социалдык аспектери;

Институттун өнүгүүсүнө Кыргызстандын көрүнүктүү окумуштуулары – академик И. К. Ахунбаев, Кыргыз ССРнин ИАнын мүчө-корреспонденти Г. Л. Френкель, профессор М. А. Алиев, Е.И. Бакин, Ф. И. Гиммерих эӊ чоӊ роль ойношкон.

50-60-жылдары Институтта эндемикалык зоб, эхинококкоз, жүрөктүн эксперименталдык электрофизиологиясы жана орто жана бийик тоо шарттарынын соо жана ооруулуу организмге тийигизген таасири боюнча изилдөөлөр аткарылган.

70-80-жылдары профессор В. А. Исабаева жана өлкөнү эн ири экофизиологу профессор А. Д. Слоним жаратылыштык адаптациянын татаал формаларынын физиологиялык механизмдерин изилдөө иштеринин өнүгүүсүнө жаӊы импульс беришкен, аймактын негизги жаратылыш факторлорунун: айлана-чөйрөнүн температурасынын, гипоксиянын, суунун жетишсиздигинин организмге тийгизген таасири аныкталган.Тоо шарттарына адамдын жана жаныбарлардын адаптациясынын жалпы көрүнүшүн мүнөздөгөн, иммундук системанын, зат алмашуунун, демалуунун, кан айлануунун негизги көрсөткүчтөрүнүн өзгөчөлүктөрү аныкталган.

1988-1993 жж. Республикада биринчи жолу нейрофизиологиялык изилдөөлөр өнүгө баштаган. Прфессор С.И. Сороко жана анын окуучулары баш мээнин функционалдык абалы жана анын топографиялык өзгөчөлүктөрүн баалоо багытында уникалдык лаборатория ачышкан. Баш мээни карталоо ыкмалары жана биоадаптивдик башкаруу ЭЭГ-маркерлерин бөлүп алууга жана адамдын гипоксияга болгон индивидуалдык сезгичтигин компьютердик диагностика кылууга мүмкүндүк берген.

90-жж. Жана азыркы мезгилге чейин тоонун экстремалдык шарттарына адамдын физиологиялык жана социалдык көнүгүүсү, эмгектин оордугун жана кыйындыгын баалоо, эмгек ишмердүүлүгүнүн оптималдык режимдерин иштеп чыгуу, тандап алуу жана прогноздоонун жогорку-эффективдүү методдорун, тоонун жагымсыз шарттарындагы эмгекти социалдык-экономикалык компенсациалоону илимий жактан негиздөө проблемалары актуалдуу бойдон кала берүүдө (жетекчиси проф. А. С. Шайназаров). Бийик тоо шарттарныда жашоо, алыс жайгашуу,  жашоо-шарты начар болгону үчүн айлык акыга кошулуп төлөнүүчү үстөк коефиценттерди төлөө үчүн илимий негизделген методикалык көрсөтмөлөр иштелип чыккан жана Республиканын баардык тоолуу аймактарынын жаратылыш-климаттык жана социалдык-экономикалык шарттарына ылайык үстөк коефиценттери эсептелген, бул маалыматтар «бийик тоо шарттарында жашаган жана иштегендер үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» законунун фундаменталдык негизин түздү.

2000-жылдан тарта азыркы мезгилге чейин: борбордук нерв системасынын функционалдык абалын прогноздук баалоо жана бийик тоо шарттарында иштөөчү адистерди тандоо методдорун жакшыртуу максатында тоолуктардын ЭЭГ-типологиялык нормативдери иштелип чыккан. КРнын тоодо жашоочуларынын ЭЭГ-паспорттоо системасы иштелип чыкты, бул тоолуктардын БНСнын функционалдык абалын мүнөздөгөн, бири-бирине тыгыз байланышкан ЭЭГ-параметрлеринин комплексин баалоого мүмкүндүк берет.Тоонун экологиялык-климаттык факторлорунун кайталанма таасиринин жыйынтыгында, тоолуктардын БНСнын ийкемдүлүгүнүн жана туруктуулугунун төмөндөөсү байкалат. Мунун натыйжасында БНнын функционалдык бузулууларынын өсүүсү, тоолуктардын баш мээсинин адаптивдүүлүгүнүн төмөндөөсү байкалат (жетекчиси м.и.д. Г.С. Джунусова).

Тоолууаймактардын жашоочуларынын иммунитети, липиддердин перекистик кычкылдануусу (ЛПК) жана селендин концентрациясынын абалын изилденген. Бул зонада жашаган адамдардын канында, клетканын мембранасына терс таасирин тийгизген, липиддердин биринчилик жана экинчилик кычкылдануусунан пайда болгон уулуу заттардын көбөйүшү көрсөтүлгөн. Ошол эле убакта антиоксиданттык коргоо компоненттеринин иштелип чыгуусу басаӊдайт. Анын натыйжасында тоолуктардын иммундук системасынын алсыздануусу жана иммунопаталогиялык процесстердин ар кандай көрүнүштөрү байкалат. Иммунитеттин нормативдик көрсөткүчтөрүн жана HLA системасынын иммуногенетикалык маркерлерун камтыган маалымат базасы түзүлгөн. Бул иммундук статустун донозологиялык диагностикасын жүргүзүү жана иммунодефициттик абалды жакшыртуу боюнча сунуштарды айтууга мүмкүндүк берет (жетекчиси проф. К. А. Собуров).

Комплекстүү көп деӊгээлдүү индикаторлор методикасынын негизинде Кыргыз Республикасынын областарынын туруктуу өнүгүүсүн баалоо жүргүзүлүп жатат. Жалпы Кыргызстанда жана анын аймактарында жашаган элдин келечекте картайуу тенденциясынын демографиялык прогнозу эсептелип чыккан. Элдин санынын өзгөрүшүн прогноздук баалоо үч куруктуу топ боюнча жүргүзүлгөн (0-14 жаш, 15-59 жаш, 60жашжанаанданулуу), суммардык төрөлүү коеффиценти, аялдардын жана эркектердин жашоосунун узундугу 2025-жылга чейин (жетекчиси б.и.к. Г. И. Ибраимова).

Институт окуу процесси үчүн маалымат технологияларын иштеп чыгат, окуунун интерактивдик формасы үчүн медико-биологиялык маалыматтарды кайра иштетүүнүн заманбап методдорун үйрөтүү боюнча виртуалдык окуу көрсөтөмөлөрүн басып чыгарат. Врачка далилдөө медицины жана медико-биологиялык маалыматтарды иштетүүнүн негизги принциптерин үйрөтүүгө багытталган виртуалдык окутуу чөйрөсү түзүлгөн. Далилдөө медицина боюнча окутуу программасы КР ДсМ системасына киргизилген, ал ден-соолукту сактоо ресурстарын рационалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт. (жетекчисиб.и.к. А. А. Сорокин).

Ош областында жашаган балдардын жана тестиерлердин гепатит менен ооруусун изилдөөдө, өнөкөт гепатит оруу структурасында негизги орунду В жана С гепатити (32,2%) жана такталбаган этиологиясы менен вирустук гепатиттер (24%) ээлейт. Кыргызстандын түштүгү боюнча сибирь жарасынын жабыркаган зоналанырын мониторинги аякталды жана Ош областы боюнча сибирь жарасынын концетрациясынын жагымсыз зоналары такталган. Жергиликтүү штаммдардан бифидо- жана сүт-кычкыл бактериялары бөлүнүп алынган жана ичеги-карын трактынын ооруларын профилактика кылуу үчүн колдонуу жолдору иштелип чыккан.

Азыркы учурда Тоо физиологиясы жана медицинасы институтунда: нейрофизиология лабораториясы; иммундук системанын физиологиясы лабораториясы; ишмердүүлүктүн физиологиясы жана психологиясы лабораториясы; окутуунун инновациялык методдору жана билим берүү трансферти борбору; Медициналык проблемалар бөлүмү: экология жана микробиология лабораториясы, фармакология, токсикология, радиология жана морфология лабораториясы,клиникалык лабораториясы бар.

Бүгүнкү күндө КР УИАнын Тоо физиологиясы жана медицина институту “Калктын сапатына жана жергиликтүү жашоочулардын жашоо-шарттарынын алкагындагы ресурстук потенциалына тоонун экологиялык жана климаттык шарттарынын тийгизген таасирин баалоо “долбоору боюнча: 1) КРнын бийик тоолуу аймактарында жашаган элдин ден-соолугун комплекстүү баалоо иштерин, тоолуктардын нейрофизиологиялык статусу, психофизиологиялык жана иммунофизиологиялык өзгөчөлүктөрү, о.э. КР ЖОЖна билим берүүнү трансфертөө иштерин; 2) КРнын түштүк аймагындагы жашаган элдин ооруларын профилактика кылуу жана ден-соолугун баалооиштерин жүргүзөт.

2018-жылдын негизги жыйынтыктары:

  1. Маалыматтык базаны жана “аймактык ден-соолук паспортун” түзүү максатында, Ысык-Көл областынын (Жети-Өгүз району, Саруу айылы – деӊиз д. 1700 м жогору, Тоӊ району, Коргондуу-Булак айылы – деӊиз д. 2800 м жогору) калкынын популяциялык ден-соолугуна баа берүү үчүн биринчи жолу мониторингдик изилдөөлөр жүргүзүлгөн. БНС-н нейродинамикалык параметрлери изилденген, ЭЭГ боюнча баш мээнин башкаруу борбор механизминин (ББМ)-н типтери такталды. Ошондо, ЦМР-н I-тибине 10%, II-тибине-9%, III-тибине-81% караган. ЭЭГ-параметрлеринин туруктуулугунун анализинин негизинде, мээнин өзүн-өзү жөнгө салуу механизмдеринин туруктуулугунун эң чоң көрсөткүчтөрү мээнин ББМ-нин I-тибине кирүүчү адамдарда, ал эми эң кичине көрсөткүчү мээнин ББМнин III-тибине кирүүчү адамдарда кездешээри табылган. О.э. изилденген тоолуктардын 46%-де альфа-ритмдин дизритмиясы (тета- жана бета-ритмдеринин жана полиморфтук активдүүлүгүнүн фонунда) аныкталган, өзгөрүштөрдүн жогорку проценти (27%) мээнин ЦМР-н III-тибинде байкалат, бул десинхонизация, дезадаптациянын объективдүү белгиси болгондуктан, организмдин жашоо-чөйрөсүнүн факторлоруна толугу менен көнө албастыгын далилдейт.
  2. Бийик тоолуу шарттарда жашаган тоолуктардын (Ош облусу, Алай району, Талды-Суу айылы, 3200 м деӊиз деӊгээлинен жогору)  иммундук системасынын реакциясы изилденген.  Натыйжада, T-лифоциттердин санынын төмөндөөсү байкалат, бул иммунитеттин Т-звеносунун начар иштеп жатканынан кабар берет. Тоо шарттарында перифериялык кандагы кортизолдун деӊгээлинин өсүүсүнүн натыйжасында лимфоциттердин кайра таралуусу жүрөт. О.э. моноциттердин жабышуусу жана жайылышуу касиетинин  төмөндөшү, тоолуктардын организминин спецификалык эмес туруктуулугунун начарлоосуна алып келет.
  3. Ортостатикалык таасирге жүрөк ритминин вариабилдүүлүгүн баалоодо, регуляциянын тибине жараша дем алуу (HF), вазомотордук (LF), эрготроптук сегменттинустундогу (VLF) борборлордун реакциясы ар кандай болоору аныкталган.Регуляциянын автономдук контуру басымдуулук кылган бийик тоо жашоочулары (III-тип – 32%) вегетативдик баланстын оптималдык деңгээлин сакташат жана адаптациялык мүмкүнчүлүктөрдүн жетиштүү туруктуулугун сакташат. I-типтеги адамдар – 34% (борбордук башкаруунун орточо басымдуулук кылышы) тоо шартындагы иш-аракеттерин жөнгө салуу механизмдерин кыйынчылык менен жүзөгө ашырышат, ал эми II-типтеги адамдарда (11%)  дезадаптациялык абалдын  өнүгүүсү жүрөт.IV-типтеги тоо жашоочуларында (23%) басымга болгон вегетативдик реакция организмдин хроникалык чыңалуусу болуп турганын көрсөтөт, бул паталогиялык мүнөздө болуусу мүмкүн.
  4. Тоолуу аймактардардын социалдык, экологиялык жана экономикалык көрсөткүчтөрүн туруктуу өнүктүрүүнүн индикатордук системасы иштелип чыкты жана сунушталды. Аны аймактык социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө, ишке ашырууда жана жөнгө салуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу колдонулушу мүмкүн. Натыйжада туруктуу өнүгүүстадиясына жакын болуп Жалал-Абад (0,40 шарттуу бирдик) Баткен (0,44) Талас (0,44) Ысык-Көл (0,51) жана Чүй (0,52)  облустары эсептелет, ал эми Нарын (0,37) жана Ош (0.39) облустары өнүгүүнүн туруксуз стадиясында турат.
  5. Калктын жашоо муктаждыктары менен канааттануусу аныкталган, изилдөөлөр Ош облусунун Алай районунун тоолуу аймактарынын ар түрдүү аймактык ресурстарын кароо менен жүрүгүзүлгөн жанаЫсык-Көл жана Нарын облустарымененсалыштырылган. Алынган маалыматтар Гүлчөдө Сары-Ташка салыштырганда канааттануу  көрсөткүчү жогору экени байкалган.Түштүк аймагындагы алынган маалыматтарды, мурда каралган райондордун(Ысык-Көл, Нарын облусу)жыйынтыгы менен салыштырып көрүп –Түп→ Ат-Башы →Гүлчө  → Сарыташ багытында канааттануунун төмөндөшүбайкалат деп айта алабыз.
  6. Экологиялык жагымсыз шарттарга жараша калктын ден соолугунун абалынын өзгөчөлүктөрүн аныктоо максатында, өзгөчө булганган биогеохимиялык зоналарда жашаган, Майлуу-Суу шаарынын, Шекафтар жана Айдаркен айлдарынын калкы изилденген. Калктын жогорку майыптуулук деңгээли Майлуу-Суу шаарында, андан кийин Шекафтар жана Айдаркен айлдарыныда байкалат. Майыптуулуктун негизги себеби болуп радионуклиддер менен булганган сууну пайдалануу болуп эсептелет.
  7. Ич келтеменен ооруу жана анын таралышын мониторингдөөнүн натыйжасында, келтенин таралуусунун негизги жолу суу аркылуу болору аныкталган. Мындай көрүнүш Кыргызстанда гана эмес, Борбордук Азиянын өлкөрүндө да байкалат.

Байланыш маалыматтары:

Дареги: 720048, Бишкек ш., Анкара көч. (М. Горький) 1/5
Институттун директору:
д.м.нДжунусова Гульнар Султановна
тел. (312)  44-90-05;
Окумуштуу катчы: Айсаева Шадия Юсупджановна
тел.: (312)  44-92-16;
-mail: institutgfm@gmail.com

www.igfim.kg


Шилтемелер