Menu

  

    

 

100 02 08 at 07.11.112019-жылдын 6 - февралында КР УИАнын президенти, академик М. С. Джуматаев, КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б. Ю. Юсупов, Ош шаарынын вице-мэри    Н. С. Кадыров, ЖОЖдордун ректорлору, академиктер, корреспондент-мүчөлөр жана бөлүмдүн кызматкерлеринин катышуусунда КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн жылдык отчету өттү.

КР УИАнын Президенти, академик М. С. Джуматаев катышуучуларды КР УИАнын жалпы жылдык отчет жана алдыга коюлган пландары менен тааныштырып, жыл жыйынтыгына бийлик өкүлдөрүнүн катышып жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди. Мындай тыгыз байланыш илимий жааттагы жетишкендиктерге чоң таасирин тийгизээрин белгиледи.

            М.С.ДЖ 2019 02 08 at 07.07.38 2 5 2019 02 08 at 07.07.38 250 2019 02 08 at 07.07.36 

КР Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б. Ю. Юсупов: “илим – мамлекетти өнүктүрүп туруучу негизги тармак болгондуктан, мамлекеттик түзүмдөр УИАнын Түштүк бөлүмү менен биргеликте иш алып баруусу маанилүү”- деп баса белгиледи.

Жыйында КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн төрагасы м.и.д., профессор Ю. О. Тайчиев жана академия мүчөлөрү бөлүмдүн жылдык отчету менен тааныштырышты. Катышуучулар сын-пикирлерин жана сунуштарын билдирди.

           250 4 2019 02 08 at 07.07.376 2019 02 08 at 07.07.39 1 250 3 2019 02 08 at 07.07.38 1 

Белгилей кетсек, КР УИАнын Түштүк бөлүмүндө: А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту (ЖБИ), П.А.Ган атындагы токой жана жаңгакчылык институту (ТжЖИ), Гуманитардык жана регионалдык изилдөөлөр институту (ГжРИИ) бар. Ошондой эле бөлүмдө 180 кызматкер, алардын ичинде 5 академик, 2 корреспондент – мүчө, 23 илимдин доктору, 38 илимдин кандидаты эмгектенет.

2018- жылы кызматкерлер тарабынан 132 илимий эмгектер, алардын 38и чет мамлекеттик басылмаларда (РИНЦ – 36, Scorpus – 2, Web of Science – 4) жарык көргөн. А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту (ЖБИ) жаңы ачылыш үчүн 1 патент алган.