Menu

  

    

 

IMG 6498 8022-январда КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Андрей  Сергеевич Страчко менен жолугушту.

Жолугушууда илим тармагындагы жетишкендиктер, жаш илимпоздордун тажрыйбаларын өркүндөтүү жана аларды колдоо мүмкүнчүлүктөрү, кадрларды алмашуу, илимий изилдөөлөрдүн абалы жана келечеги тууралуу талкуулашты.

            IMG 6491 2 общий IMG 6499 общий IMG 6495 3

Ошондой эле Беларусь Улуттук илимдер академиясы менен КР УИАнын ортосундагы биргелешкен кызматташуу келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Жолугушууда А.С. Страчко Беларусь Улуттук илимдер академиясынын атынан академик М.С. Джуматаевге “Илимдер академияларынын Эл аралык кызматташтыгы. 25 жыл” деген китебин тапшырды. Китеп Илимдер академияларынын Эл аралык ассоциациясынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык юбилейине арналып чыгарылган.