Меню

Академиянын ажарлуу айымы


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгы жана 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы колдоо максатында 2023-жылдын 7-мартында “8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө” карата Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын профсоюздук комитети тарабынан “Академиянын асылзат айымдары” кароо-сынагы уюштурулуп, өткөрүлдү. “Академиянын ажарлуу айымы” баш байгесине, өзүнүн көп кырдуу таланты менен Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кадр боюнча адиси Кенжегүл кызы Айсезим ээ болсо, 1-орунга Биология институтунун илимий кызматкери Нурканбек кызы Айганыш ээ болду; 2-орунга Химия жана фитотехнология институтунун илимий кызматкери Шаршенбек кызы Анаркүл ээ болду; 3-орунга Мамлекет жана укук институтунун илимий кызматкери Төлбашиева Жаңыл ээ болду. Конкурстагы башка катышуучуларга тɵмɵнкʏдɵй наамдар ыйгарылды: “Мээримдүү айым” - геология институтунун илимий кызматкери Мирзаматова Перизат; “Талантуу айым” - Тоо физиологиясы жана медицина институтунун илимий кызматкери Турдубекова Мээрим; “Чебер айым” - Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкери Дакенова Насийкат менен Суу маселери жана гидроэнергетика институтунун илимий кызматкери Жолдошева Нурзада. Жеңүүчүлөр акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты.


Шилтемелер