Меню

БАШТЫ КӨТӨР, МАНАС БАБАМ ДУХУ БАР…


Баткен тарап алоолонуп от жанат,
Баатыр элбиз, Мекен коргоп кан тамат.
Ар-намыс бар, жерибизди бербейбиз, –
Душмандардан өч алабыз талкалап…

Башты көтөр, Манас бабам духу бар,
Эркиндиктин желбиреген туусу бар.
Башкалардын ичи күйүп жетпеген, –
Мөңгүлөрдөн агып турган суусу бар.

Кимиң барсың Мекениңди сүйбөгөн,
Манас духун алга алып жүрбөгөн.
Дүнүйөдө эч бир жерде өспөгөн,–
Баткеним бар Айгүл гүлү гүлдөгөн.

Жемиш багы мөмөлөрү түрлөнгөн,
Молчулуктун ырыскысы көрүнгөн.
Досчулукка, ынтымакка шек койгон, –
Кимиң барсың эки жакка бөлүнгөн.

Капысынан ок жаадырып атышты,
Ата-энелер, балдар боздоп калышты.
Тынч элибиз, тынчтык сүйгөн элибиз, –
Эмне кылат, тоону көздөй качышты.

Үрөй учуп, үйлөр нечен кыйраган,
Бешиктеги бала жүрөт ыйлаган.
Келиндер бар “эртең төрөйм” дегендер, –
Ичиндеги эмбрионду кыйбаган.

Аксакалдар жүрөгүнө дем жетпейт,
Энелердин көздөрүнөн жаш кетпейт.
Кулагыма ызы-чуулар угулат, –
Туруп калса бир мүнөткө аны эстей.

Жоокер чыкты душмандарга тайманбай,
Чолпонбайдай төшүн тосуп, кайрылбай.
Жоокер чыкты граната байланып, –
Дүйшөнкулдай танкка каршы жаңылбай.

Душманым сен, согуш азап билесиң,
Согуш ачып жүрөктөрдү тилесиң.
Толгонайды – Айтматовду окусаң, –
Аз да болсо акылыңа кирерсиң.

Элиң да бар Айтматовду сыйлаган,
Акындарың ырга салып ырдаган.
А сен болсо өз элиңе сыйбаган, –
Кайдан чыктың маңкурт болуп чырдаган.

Кылымдардан Манас духу сынбаган,
Эпос болуп миллион сап сыйбаган.
Кыргыз жерин, кыргыз элин коргогон, –
Ар-намыс бар көкүрөктү чыңдаган.

Жолотпойбуз жергебизге чет элди,
Эгемендик, Эркиндикке кез келди.
Урматтайбыз, ардактайбыз, сыйлайбыз, –
Өз жанынан бийик көргөн Мекенди.

Ичибизден ирибейли, бөлбөйлү,
Жаман адат, тышкы таасир – көнбөйлү.
Байыркы эл сактап келген нарк-насил, –
Үрөөн себип, өркүндөйлү, өсөлү.

Кылымдарда кылыч кармап биз келдик,
Кармаштарда жеңилбедик, биз жеңдик.
Ошентсе да Манас бабам өңдөнүп, –
Жан дүйнөбүз айкөл, терең, бир кеңдик…

Баатырлар бар – Чубак, Сыргак, Алмамбет,
Эр Табылды, Жаныш, Байыш, Курманбек.
Бүгүнкүлөр улап келет насаатты, –
Ошол үчүн өлкөбүз бек, улут бек.

Кошой ата, Бакай ата – башкалар,
Сиңип кеткен жан дүйнөгө баталар.
Саякбайдай “Манас” айтса күпүлдөп, –
Атын укса, ар бир душман жазганар.

Жоокерлер да баталарды алышкан,
Өлүм карай тике карап барышкан.
Кыргыз жери баарыбызга тең орток, –
Ар бир улут үйлөрүн да салышкан.

Баатырлар бар, өмүрлөрүн кечишкен,
Мекен жерин ата-энедей сезишкен.
Ойлонбостон кол салышкан коңшулар, –
Манас духун кайрый албай безишкен.

Кол салбадык, жоону артка кайтардык,
Душман мизин кайра келбес майтардык.
Жомоктордой улуу эрдик көрсөткөн, –
Жоокерлер бар эпос кылып айтарлык.

Эр жигит бар жоокерлерге кошулган,
Жалгыз башын баталгага коё алган.
Ар-намысы бийик болуп турганда, –
Ата-конуш, ата-журтка коно алган.

Үйгө келип, коломтодо от жагат,
Маанай тартып, шаттык менен күн чыгат.
Кубанычтан, сүйүнүчтөн жар салам, –
Тынчтык орноп ыңаалаган үн чыгат…

Сүйөм Мекен, жалган сөзгө берилбей,
Сенин баркың бизде калат сезилбей.
Кыргызстаным – баарыбыздын Мекени,
Сен бекем тур, түбөлүккө кемибей…

Оо, Мекеним, алыс жүрсөм сагынган,
Ата-энедей бир өзүңө жагынгам.
Дүнүйөдө сендей көрктүү табылбас, –
Ала-Тоону, Ысык-Көлдү тумар кылып тагынган…

Оо, жоокерлер, Манас духун сактаган,
Мекениңдин күткөн парзын актаган.
Силерсиңер келечектин тиреги, –
Мекениң бар “азамат” деп мактаган.

Абдылдажан Акматалиев
23-сентябрь, 2022-жыл


Шилтемелер