Меню

“Кыргыз поэзиясында Б.Сарногоевдин феномени” аттуу Республикалык илимий-практикалык конференция


2022-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын поэзиясынын сап башында турган Эл акыны, көптөгөн сыйлыктардын лауреаты Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган “Кыргыз поэзиясында Б.Сарногоевдин феномени” аттуу Республикалык илимий-практикалык конференция өттү. Иш чараны КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту уюштурду.
Илимий жыйынга КР УИАнын президенти, академик М.С.Джуматаев, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.А.Акматалиев, КР УИАнын анык мүчөлөрү, корреспондент-мүчөлөрү, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, адабиятчылар жана жалпы эле окурмандар катышты.
Республикалык илимий-практикалык конференцияда жазуучу Б.Сарногоевдин чыгармачылыгы боюнча жүрүп жаткан илимий изилдөөлөр, жаңы көз-караштар талкууланды.
Байдылда Сарногоев – поэзия майданына 50-жылдардан тартып аралашып алгачкы ырлар жыйнагы 1952-жылы “Шумкар” деген ат менен жарык көрөт. Ага кирген ырлары автордун өзгөчө талантын ачып көрсөтүп, көпчүлүккө дароо таанымал кылат. 1956-жылы М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүрүп келип, 1959–жылдан баштап Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген.
Б.Сарногоевдин көптөгөн чыгармалары орус тилине которулган. 1986-жылы “Ашуудан берген отчетум” аттуу ырлар жыйнагы үчүн А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына ээ болгон. 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын эл акыны” ардактуу наамы берилип, 1996-жылы Казакстан Республикасынын эл аралык “Алтын көпүрө” сыйлыгы ыйгарылган.
Ырларында биринчи кезекте улуттун салты, маданияты, тили жана руху терең сиңдирилгени, ар бир сабынан кыргыздык мүнөз, кыргыздык бөтөнчөлүктөр көрүнүп тургандыгы жана юмордук белгилеринин күчтүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Ал төкмөлөр чыгармачылыгына жакын, нукура улуттук колорит менен жазган.
“Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн…
Кызыл эт кезден торолтуп
Кыялым көккө күүлөгөн,
Кыргыз деп келгем дүйнөгө
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн”. Акындын бул ыр саптары кыргыз улутунун, кыргыз тилинин, кааада-салтынын гимни катары ырдалып келе жатат.


Шилтемелер