“Илимди өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон салымы” деген аталыштагы конкурс
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 618
Урматтуу жаш окумуштуулар!
КР УИАнын алдындагы Жаш окумуштуулар кеңеши 10-ноябрь “Илим” күнүнө карата “Илимди өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон салымы” деген аталыштагы конкурс жарыялайт. Конкурс 3 номинациянын негизинде өтөт:
- «Мыкты илимий макала»
- «Жылдын мыкты жаш окумуштуусу»
- «Жылдын ишмердүү жаш окумуштуусу»
Ар бир номинацияга 3 орундан берилет (бардыгы 9 орун) жана мындан сырткары дипломдор, кызыктыруучу белектер тапшырылат. Кайсы номинацияга өзүңүздөрдү татыктуу деп эсептесеңиздер, ошол аталышка туура келген төмөндөгү талаптар боюнча ишиңиздерди жөнөтсөңүздөр болот. Документтер 15-октябрга чейин кабыл алынат. Катышуучуларга ийгилик каалайбыз!!!