Меню

Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун азыркы кыргыз тили жана мамлекеттик тил бөлүмдөрү илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча отчеттук иш-чара өткөрдү


2022-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун азыркы кыргыз тили жана мамлекеттик тил бөлүмдөрү илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча отчеттук иш-чара өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлердин пландык иштеринин негизинде чыгарылган “Тил илими боюнча изилдөөлөр” жыйнагы жана республикабыздын эки аймагына жасалган социолингвистикалык илим-изилдөө экспедицияларынын натыйжалары боюнча баяндамалар жасалып, маалымат берилди.
“Тил илими боюнча изилдөөлөр” аттуу жыйнак – аталган эки бөлүмдүн үч жылдык изилдөө иштеринин жыйынтыгы болуп эсептелет. Жыйнак көрүнүктүү тилчилер менен катар жаш окумуштуулар даярдаган отузга жакын макаладан куралган. Жарыяланган материалдар жалпы тил илими жана түркология, азыркы кыргыз тили жана социолингвистика жаатындагы ар түрдүү илимий жана практикалык маселелерге арналган, алардын ичинде кыргыз стилистикасынын тарыхы жана бүгүнкү күнү, кыргыз тилинин лексикасы, фонетикасы, жазуусу жана терминологиясы, өлкөдөгү тил жагдайы жана мамлекеттик тилдин өнүгүшү менен маанилүү коомдук чөйрөлөрдө колдонулушу, тил окутуу жана котормо маселелери. Изилдөөлөрдүн бардыгы жаңы, заманбап көз караш менен, жаңыча усул-ыкмаларды колдонуу менен жазылып, тилдик фактыларга кылдат талдоо жүргүзүлгөн. Бул эмгек бүгүнкү күндө кыргыз тил илими мурунку арышынан жазбай, улуу муундагы залкар тилчи-окумуштуулардын иши уланып, институт жамааты тил жаатында үзүрлүү эмгектенип, албан жетишкендиктерге ээ болгонун айгине көрсөтүп турат.
Иш-чарада өткөн жылдын аягында мамлекеттик тил жана социолингвистика бөлүмүнүн кызматкерлери жасаган эки экспедициянын жыйынтыктары да каралды. Мамлекеттик тилибизди өнүктүрүү жана өлкөдөгү тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында бөлүмдүн кызматкерлери бир нече жылдан бери “Мамлекеттик тилдин коомдун маанилүү чөйрөлөрүндө колдонулушу” аттуу жалпы тема боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Тилдин эл арасында өкүм сүрүшүн, мамлекеттик тилдин өз расмий макамын канчалык деңгээлде аткарып келатканын аныктоо ошол тил колдонулган шарттарды, анда сүйлөп жүргөн тилдик жамаатты изилдемейин мүмкүн эмес. Ушуну эске алып, институттун жетекчилиги өткөн жылдын декабрь айында Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарындагы тилдик жагдайды иликтеп, калк ичинде сурамжылоо жүргүзүү максатында Токмок шаары менен Баткен облусуна атайын иш сапарларын уюштурган.
Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш, көп улуттуу Баткен облусу изилдөө үчүн тандалганы бекер эмес, себеби андагы тилдик жагдай көп кырдуу, кеп практикасы өтө кызыктуу болуп, бул жерден улуттар жана тилдер аралык катнаштар боюнча бай факты материал чогултса болот. Баткен облусуна сапар жасаган кызматкерлер – жетектөөчү илимий кызматкер, ф.и.к. Дыйканова Ч.К., кенже илимий кызматкерлер Абасова А. жана Мусулманкул кызы А. алдыларына Тил жана адабият институтунун эмгектери жана илимий жетишкендиктери менен тааныштырып, аймак жарандарынан сурамжылоо алып, тил жагдайы менен тил абалынын өзгөчөлүктөрүн аныктап келүү максатын коюшкан. Экспедиция учурунда облустун жана райондордун жетекчилерине жолугуп, алардан изилдөө уюштурууда жардам алышты. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына барышып, маек курушуп, обого жана басма сөз барактарына илим-билим жана тил маселелери боюнча сүйлөп чыгышты. Жер-жерлерге барып, элдин ар кайсы катмарларына кирген көп сандаган жарандар менен коомдук жана жеке тилдик турмуш, тил билүү жана тил тандоо, мамлекеттик тил колдонуудагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр туурасында сурамжылоо жүргүзүштү.
Институттун илимий кызматкери – Баястанова А. республиканын ири өнөр-жай борборлорунун бири, көп улуттуу шаар болгон Токмок калаасына барып келди. Ал жерден Токмок шаарынын Ички иштер башкармалыгына барып, Токмок шаарындагы жана ички иштер органдарындагы улуттук жана тилдик жагдай, мамлекеттик тилдин тергөө иштеринде жана иш кагаздарында колдонулушу жөнүндө маалымат алып, сурамжылоо жүргүзүп келди.
Экспедицияга барган кызматкерлердин чогулткан материалдары, ар тараптуу кылдат талдоого алынып, чыгарылган жыйынтыктар Кыргызстандагы тил жагдайын изилдөөгө жана тил саясатын жакшыртууга чоң салым кошот деп ишенебиз.


Шилтемелер