Меню

К.Тыныстановдун “Касым ырлар жыйнагы” түрк тилине которулуп, басылып чыкты


2021-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында алгачкы жолу түрк тилине которулган К.Тыныстановдун “Касым ырлар жыйнагы” китебинин бет ачаары өттү.

Иш-чарага КР УИАнын президенти, академик М.С.Джуматаев, КРнын Президентинин кеңешчиси А.К.Койчиев, Эл аралык Түрк академиясынын  президенти Дархан Кыдырали, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.А.Акматалиев, профессор З.К.Курманалиев жана КР УИАнын окумуштуулары катышты.

Белгилей кетсек, “Касым ырларынын жыйнагы” китеби алгачкы жолу түрк тилине которулуп, транскрипциясы менен тилдик изилдөөсү жүргүзүлдү. Мындан сырткары 1925-жылдан бери биринчи жолу арап арибиндеги түп нускасы жарыяланды.

 

 

 

 

 

 

 

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Ж.Абдрахмановдун архивдик документтери тааныштырылып, Эл аралык Түрк академиясынын  президенти Дархан Кыдырали изилдөөгө кошкон зор салымы үчүн окумуштууларды алтын жана күмүш медалдар, Ардак грамоталар менен сыйлады.


Шилтемелер