Меню

КР УИАнын президенти ЭИТБнын директору менен жолугушту


2021-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев Эл аралык илимий-техникалык борбордун аткаруучу директору Дэвид Клив менен жолугушту. Ошондой эле жолугушууга ЭИТБнын аткаруучу директорунун орун басары Айдын Төребаев жана ЭИТБнын Кыргыз Республикасындагы аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Динара Керимбаева катышты. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Эл аралык илимий-техникалык борбордун мындан аркы тыгыз кызматташуусу, ошондой эле эл аралык илимий долбоорлорду, конференцияларды жана семинарларды уюштуруу маселелери талкууланды.


Шилтемелер