Меню

Элеттик аялдар – эгемендүү Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуунун негизги багыты


2021-жылдын 17-19-августунда Ысык-Көл районунун Чок Тал айылында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Борбор Азиядагы Конрад Аденауэрд атындагы Фонду менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата “Элеттик аялдар – эгемендүү Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыз кылуунун негизги багыты” деген темада илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик М.С. Джуматаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин Генералдык катчысы Н.А.Муканова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн эксперти К.И. Баялиева, Борбор Азиядагы Конрад Аденауэрд атындагы Фондунун аймактык өкүлү Ронни Хайне жана окумуштуулар, мугалимдер, дарыгерлер, Кыргызстандын бардык региондорунан келген айымдар катышты.
Ошондой эле конференциянын жүрүшүндө эки тилде жазылган профессор Ч.У. Койчуманованын “Аялзаттын тагдыры – мезгил күүсүндө” аттуу монографиясынын презентациясы болду. Бир жыл ичинде КР УИАнын Борбор Азиядагы Гуманитардык изилдөөлөр Борборунун кызматкерлери Кыргызстандын бардык 7 облусундагы алыскы айыл жерлерин кыдырып, айыл тургундарынын жашоосу менен таанышып, фото жана видео тартуу иштери жүргүзүлүп, натыйжасында ушул монография жарык көрдү.
Азыркы учурда, республиканын аялдарынын жарымынан көбү айыл жеринде жашайт. Кыргызстандын келечеги – алардын жашоо деңгээлине көз каранды.


Шилтемелер