Меню

Куудул Бекназар Арзымат уулунун 140 жылдыгына арналган «Бекназар Арзымат уулу жана кыргыз элинин куудулдук өнөрү» аттуу республикалык деӊгээлдеги илимий-практикалык конференция


2021-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту жана «Токтогул» коомдук фонду тарабынан уюштурулган куудул Бекназар Арзымат уулунун 140 жылдыгына  карата «Бекназар Арзымат уулу жана кыргыз элинин куудулдук өнөрү» аттуу республикалык деӊгээлдеги илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш чарага КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев, КР Президентинин кеӊешчиси А.К. Койчиев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар  жана  куудулдар катышып  ой-бөлүшүштү.

Ошондой эле иш чаранын алкагында «Бекназар Арзымат уулу» аталышындагы китебинин бет ачаары да болду.


Шилтемелер