Меню

Окумуштуу, саясатчы жана дипломат Ж.С. Сааданбековдун 80 жылдыгына арналган эл аралык конференция


2020-жылдын 2-мартында КР УИАда  окумуштуу, саясатчы жана дипломат Жумагул Сааданбекович Сааданбековдун 80 жылдыгына арналган “Евразиялык цивилизациянын алкагында саясат менен маданияттын өз ара катнаш диалектикасы” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияда окумуштуунун “Манас” эпосунун философиясы” аттуу китебинин бет ачаары да болду.

Салтанаттуу иш-чарага КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев, КР Президенттин Аппаратынын жетекчиси Д.А. Эсеналиев, КР Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси С.К. Ибраев, Эл аралык түрк академиясынын президенти Дархан Кадырали, Россия, Казахстана, Өзбекистан, Украинанын окумуштуулары, КР УИАнын анык-мүчөлөрү, коомдук жана саясий ишмерлер катышып, окумуштууну куттукташты.

КР Президенттин Аппаратынын жетекчиси Д.А. Эсеналиев КР Президенти С.Ш. Жээнбековдун атынан Ж.С. Сааданбековду 80 жылдык юбилейи менен куттуктады. КР Президенти өз сөзүндө Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунун өнүгүүсүнө зор салым кошконун, ошондой эле философия илими тармагындагы жетишкендиктерин, “Манас” эпосунун философиясы” эмгегинин маанилүүлүгүн белгилеп, бекем ден-соолук жана иштерине ийгиликтерди каалады.

Салтанаттуу жыйындан кийин конференция өз ишин  бөлүмдөрдө улантып, баяндамалар окулуп, талкууланды.


Шилтемелер