Меню

КР УИАнын президенти КЭРнын элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту


2019-жылдын 20-ноябрында КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту.

Жолугушууда  эки тараптуу мамилелерди бекемдөө боюнча эки өлкөнүн ортосундагы илимий байланыштарды бекемдөө, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо, алдыдагы көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору тууралуу сөз болду. Ошондой эле,  КР УИАнын илимий кызматкерлерин өз убагында визалык колдоо менен камсыз кылуу маселелерин да талкуулашты.

КЭРнын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь иш сапарынын жемиштүү болгонун белгилеп, илим жана билим тармагындагы эки тараптуу кызматташууну бекемдөө үчүн колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошол эле учурда, КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев КР Улуттук илимдер академиясы КЭРнын Илимдер академиясы менен көп жылдардан бери  кызматташып келе жатканын жана эки тарап түзүлгөн келишимдерди биргелешип ишке ашырууга ишенээрин кошумчалады.


Шилтемелер