Меню

Академик А.А. Акматалиев Кытайдагы “Манас” эпосунун изилдөөчүсү менен жолукту


2019-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Амантурович Акматалиев Кытайдагы “Манас” эпосунун изилдөөчүсү,  филология илимдеринин доктору Адыл Жуматурду уулу жана  тарых илимдеринин кандидаты Чолпон Субакожоева менен  жолугушту.

Жолугушууда институтта иштелип жаткан долбоорлордун негизинде жарык көргөн чыгармалар, мекеменин илимий-изилдөөлөрү, “Манас” эпосунун изилдениши жана алдыдагы пландар тураасында баарлашуу болду.

Академик А.А. Акматалиев өз сөзүндө Адыл Жуматурду уулу кыргыз адабиятын Кытай элине, окурмандарына, ошондой эле чет элдерге да аябай жайылтып келе жатканын айтып, окумуштуунун иштерине ийгилик каалап, бирге иштешүүгө чакырды.

Ошондой эле жолугушууда Адыл Жуматурду уулу өзү кытай тилине которгон 2 томдон турган “Кыргыз акындарынын антологиясын” жана дагы башка китептерин белеке берди.


Шилтемелер