Меню

Чыңгыз Айтматовдун айкелинин макети коомчулуктун талкуусуна коюлду


2019-жылдын 10-июнунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү күнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун демилгеси менен жазуучунун эстелиги курула турганы белгиленип, эскеркич-такта коюу аземи болгон. Мына ошол  жыйындан кийин эстеликти жасоого конкурс жарыяланып, келечектеги эстеликтин 3 макети  келип түштү. Аталган макеттер КР УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Окумуштуулар кеңешинде, КР УИАнын президиумунда коомдук ишмерлер, академиктер, айтматов таануучулар катышкан жыйындарда талкууланды. Мына ошол  макеттердин сүрөттөрүн жалпы коомчулуктун талкуусуна коюуга сунуштамакчыбыз.

 


Шилтемелер