Меню

“Мамлекеттик тилдин мамлекеттик деңгээли” аталышындагы кеңешме-жыйын ѳттү


Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту 2019-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата “Мамлекеттик тилдин мамлекеттик деңгээли” аталышындагы кеңешме-жыйын ѳткѳрдү.

Кеңешме-жыйында иш-кагаздарындагы мамлекеттик тилдин орду, мамлекеттик тилдин иш-чараларда колдонулушу  маселелери каралды.

1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган Мамлекеттик  тил мыйзамы – Эгемендүү Кыргызстандын тил саясатын түптамырынан бери ѳзгѳрттү. Тил боюнча  кабыл алынган мыйзам жүзөгө ашырыла баштады.

Мамлекеттик тил жѳнүндѳгү мыйзамды кабыл алгандан бери аны ишке ашыруу  боюнча Ѳкмѳт тарабынан 40тан ашык документ кабыл алынган.

Бул аралыкта нормативдүү мыйзам чыгаруу базасын түзүү, аны ишке ашыруу максатындагы административдик-жөнгө салуучу чараларды кабыл алуу, орус тилдүү калкка мамлекеттик тилди үйрѳтүү үчүн каржы булактары каралып, окутула баштады.

1998-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия түзүлдү, кыргыз тилин ѳнүктүрүү фонду иштеп баштады, коомдук бириккен уюмдардын жалпы иши активдешти.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, министрликтерге, агентстволорго, жогорку жана орто окуу жайларына мамлекеттик тил боюнча адистик киргизилди.

Мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү максатында атайын мекемелер жана уюмдар ачылды. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында мамлекеттик тил багытында адистерди даярдоо башталды.

Бүгүнкү отурумдун максаты – министрликтердин жана Республиканын мамлекеттик мекемелеринин, журналисттердин, окумуштуулардын, жалпы мамлекеттик тил чѳйрѳсүндѳ эмгектенген адистердин топтогон тажрыйбаларын, калк менен болгон байланышын системалаштыруу жана механизмдерин иштеп чыгуу боюнча пикир алышуу, иш кагаздарын бир калыпка  салуу болду.

Иш-чарага министрликтердин, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, Улуттук банктын өкүлдөрү келип өз ойлорун билдиришти.


Шилтемелер