Меню

А.Жапаров: «Мен Имел агайдын чыныгы илимпоз экендигине көп жолу күбө болдум»


УИАда кыргыздын чыгаан этнографы, «Манас» жана башка дастандарды иликтөөчү, тарых илимдеринин доктору, профессор Имел Молдобавдин жаркын элесине арналган жыйын өттү. Окумуштуунун көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка толмок.

Жыйындын жүрүшүндө замандаштары Имел Молдобаевдин өмүр жолу, кыргыз тарыхына, фольклоруна, этнографиясын изилдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу эскеришти. Ошондой эле окумуштуунун атын КРнын борбордук, ири шаарларынын көчөлөрүнө берүү, этнография, фольклор илимин изилдеген жаш окумуштууларга И.Молдобаев атындагы сыйлык уюштуруу жана тарыхчынын жеке фондун түзүү демилгелери көтөрүлдү.

Ошондой эле учурдагы кыргыз таануу, маданият, фольклор таануу, этнография жана тарыхнаамага тиешелүү зарыл маселелер талкууга да алынды. Окумуштуунун өз мезгилинде башка чөлкөмдөрдү, элдерди түрө кыдырып изилдеген үзүрлүү ишин улантуу менен бирге көп жылдык, пландуу, ырааттуу этнографиялык, археологиялык, фольклор таануучулук жана башка эл аралык илимий сапарларды уюштуруу милдеттери сунушталды. Андан сырткары И.Молдобаевдин баалуу илимий эмгектерин мындан ары да басмадан чыгаруу жана интернет корунда кыргыз жана башка тилдерде жарыялоо, этнографиялык изилдөө, музей иштери боюнча заманбап усулдарды жана методологиялык ыкмаларды жаш этнограф, педагог-тарыхчы жана музей уюштуруучу адистерге жайылтуу зарылдыгы баса белгиленди.

Замандаштары илимпозду эскерип жатып, анын илимге кылган кылдат, өтө жоопкерчиликтүү мамилеси, адамдык сапаттары тууралуу да сөз кылышты.

Амантур Жапаров, И.Молдобаевдин шакирти: “Имел Молдобаев илимге ак дил менен мамиле жасачу” “Мен Имел агайдын чыныгы илимпоз экендигине көп жолу күбө болдум. Ал материалга зарыл болгон фольклордук саптарды которуп алып, котормо боюнча адистерге каратып алчу. Ар бир “майда” деп көңүл бөлбөгөн нерселердин баарын дыкаттык менен карачу. Себеби ар бир илимий текстке текстологиялык анализди башка да тексттер менен салыштырып, илимий иликтөөсүн салмактуу, тыкыр жасачу. Илимий иш-чаралардын кайсы түрү болбосун илимге керектүү өңүтүн таап, катышып келчү”.

Жылдыз Орозобекова, филология илимдеринин доктору, манастаануучу: “Ал кыргыздын тарыхын тарыхый издерде жана элдик оозеки чыгармачылыкта алгачкы изилдегендерден болгон. Атасак алп чыгарма – “Манас” эпосунун тарыхый издерин тарых менен айкалыштырып, салыштырып карап чыккан. “Манас” эпосуна биринчи ирет “Жаныш Байыш” эпосундагы этнографиялык элементтерди, тарыхый булактарды, кыргыздын каада-салтын, аң-сезимин жана кыргыздын дүйнөгө болгон көз карашын, философиясын иликтеп, сереп салган биринчи эмгегин жазуу менен келген. Имел агайдын фольклористика боюнча илимий эмгектери, “Манас” эпосун изилдөөдөгү илимий багыттары, көтөргөн маселелери бүгүнкү күндө да көптөгөн окумуштуулардын изилдөө темасы болуп келе жатат. Бул бараандуу окумуштуунун гана шыбагасына тийген көрүнүш – деди.

Иш-чарага кыргызстандык окумуштуулардан сырткары Орусия Федерациясынан – археолог, кыргыз таануучу, тарых илимдеринин доктору, профессор Юлий Худяков (Новосибирск ш.), Хакас Республикасынан тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор Бутанаев (Абакан ш.), Кытай Республикасынан филология илимдеринин доктору Макелек Өмүрбай уулу Кырмыштегин (Үрүмчү ш. КЭР), Түркиядан – Кастамону университетинин профессору Олжобай Каратаев (Кастамо ш.) жана башка археолог, этнолог окумуштуулар катышты.


Шилтемелер