Меню

К. Молдокасымов: «Мамлекет үчүн улуттук лидер керек. Ошондо улуттук идеология өзүнөн-өзү пайда болот»


Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары улуттук идеологияны түзүү темасынын алкагында өзүлөрүнүн позициясын билдирди. Анда дээрлик 25 жыл бою айтылып, ишке ашпай келе жаткан улуттук идеологиянын үстүнөн иш алып бара турган атайын академиялык кеңеш түзүү сунушу айтылды.

Идеологияны түзүү маселеси “Улуттук идеологиянын калыптанышынын көйгөйлөрү, жолдору жана маселелери” деген аталышта дагы бир жолу талкууга алынды. Илимий конференцияны УИАнын Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн Философия жана саясий укук институту уюштуруп, иш-чарага академиянын окумуштуулары, философ, тилчи, адабиятчы жана тарыхчылар, ЖОЖдордун окутуучулары, илимий кызматкерлер катышты.

“Улуттук идеология зарылбы?” деген теманын айланасындагы талкууда ар кыл пикирлер айтылып, катышуучулардын айрымдары идеология эмес, кыскача идея гана керек десе, кээ бири өлкө башына идеялары күчтүү лидер келмейинче улуттук идеологияны түзө албайбыз деген оюн айтты. Өнүгүп, алдыда бара жаткан мамлекеттердин айрымдары улуттук идеологияны четке кагып, мультикультурализмди тандашкан жана ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрө албай туруп, идеологияны түзүүгө мүмкүн эмес дегендер, КРны бул тарабынан башка мамлекеттер менен салыштыргандар дагы болду.

Иш-чарада УИАнын Тарых жана маданий мурастар институтунун директору Аблабек Асанканов аталган маселеге сереп жасап, идеология эмес, жалпы журтка, коомчулукка түшүнүктүү боло турган, сиңип кете ала турган кыскача идеяны киргизүү сунушун айтты.

“Эгемендүүлүктү алгандан кийин коомдо вакуум пайда болду. Ошондон бери улуттук идеологияны түзүү идеясын ишке ашыра албай келебиз. Экс-президент Аскар Акаев “Манастын 7 осуятын” киргизип көрдү. Ал эми залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов ааламдашуу доорунда жалгыз “Манас” эпосу идеология боло албайт деген оюн айтты. Публицист Чоюн Өмүралиев идеология Манас эмес, ислам дагы эмес Көкө-Теңир болушу керек деп теңирчиликти сунуштады. Гезит-журналдарга байма-бай макалалар басылып, бир кезде “Кыргызстандын демократиялык кодекси” деген эмгек иштелип да чыкканы бар. Кыргыздар өздөрү кыргыз жарандыгына каршы болгонуна күбө болдук. Андыктан, балким, идеология эмес, жалпыга түшүнүктүү, кыска идея ишке ашып кете алат деген ойдомун” – деди.

Саясий илимдеринин доктору, профессор Жумагул Сааданбеков төмөнкүлөргө токтолуп өттү:

«Улуттук идея менен улуттук идеология саясий жана илимий чөйрөдө окшош түшүнүктөр катары каралып келген. Немец окумуштуусу Карл Дойч: «Өз мамлекетине ээ болуп, аны өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн колдоно алган эл гана улуттук эл болуп саналат» деп айтканы бар. Улуттук идеясыз – улуттук идеология болбойт, ал эми мамлекеттик идеология аны керек болгон учурда пайдаланат. Анын максаты – элдин сапатында, интеллигенцияга байланыштуу. Ошондуктан, билим берүү системасына, инновацияга, жаңы технологияга басым жасап, ЖОЖдордогу базалык сабактарга көңүл бурушубуз зарыл» – деди.

Ал эми белгилүү тарыхчы, публицист Кыяс Молдокасымов Кыргызстандын 25 жылдан бери улуттук лидери жок болуп жатканын айтты. Окумуштуунун пикири боюнча мамлекет үчүн улуттук лидер керек. Ошондо улуттук идеология өзүнөн-өзү пайда болот. Лидер менен идеология бири-бирин толуктап турушу зарылдыгын кошумчалады.

«Башка өлкөлөрдүн калыптанган улуттук идеологиясы болот. Улуттук идеологиясы жокторунукунда жок дегенде улуттук лидери болот. Ал эми бизде экөө тең жок болгону аз келгенсип, коомго таасир эте ала турган улуттук элитабыз дагы жок» – деген оюн билдирди.


Шилтемелер