Меню

Алты окумуштууга Иса Ахунбаев атындагы академиялык сыйлык ыйгарылды


Иса Ахунбаев атындагы академиялык сыйлыктар бүгүн, 31-мартта, Жалпы жылдык Сессиясынын жыйынында тапшырылды. Аталган сыйлыктар Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичке, Ниязбеков Кубат Ибрагимовичке, Саткеева Айтбүү Жантайбековнага “Ич көңдөйүнүн жана кичи ойдуңдун айкалышкан ооруларын хирургиялык дарылоо боюнча эмгектер топтому” аттуу илимий эмгеги үчүн, Медведев Михаил Анатольевичке, Мамытова Бактыгүл Миталиповнага, Тургунбаев Нурлан Айтбаевичке “Птеригиум дартынын хирургиясы жана профилактикасы боюнча актуалдык суроолор” иш цикли үчүн ыйгарылган.

Аталган сыйлык боюнча чечим Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун 2017-жылдын 27-мартындагы №29 токтомунун негизинде чыккан. Иса Ахунбаев сыйлыгы талапкерлерге илимди өркүндөтүүдө жана жайылтууда кошкон олуттуу салымдары үчүн ыйгарылат.


Шилтемелер