Меню

Академик ИМАНАЛИЕВ Мурзабек Иманалиевич дүйнөдөн кайтты


24 – февралда 86га караган курагында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын академиги, Россия илимдер академиясынын мүчө – корреспонденти, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты,

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор, физика – математика илимдеринин доктору, белгилүү илимпоз- математик ИМАНАЛИЕВ Мурзабек Иманалиевич дүйнөдөн кайтты.

М.И. Иманалиев Кемин районуна караштуу Кайыңды айылында 1931- жылдын 13 – сентябрында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз Мамлекеттик университетин 1950-жылы артыкчылык диплому менен аяктагандан кийин Москва Мамлекеттик университетинин жана Кыргыз Мамлекеттик университетинин аспирантурасында окуган, 25 жашында кандидаттык диссертациясын коргогон. 1957-жылдан баштап мугалим, КМУнун доценти, Фрунзедеги политехникалык институттун проректору болгон. 1964-жылы доктордук диссертациясын жактаган. М.И.Иманалиев 1965-жылдан баштап профессор, КМУнун кафедра башчысы. 1966-жылдан баштап М.И.Иманалиев 10 жылдан ашуун Республикалык илимдер Академиясынын физика-математика Институтун жетектеген. 1976-1979- жылдары ал КМУнун ректору, андан соң 1979-1986-жылдар Республикалык илимдер Академиясынын президенти болгон. 1984-жылдан 2016-жылга дейре Улуттук илимдер Академиясынын математика Институтунун директору. 1979-жылы Республикалык илимдер Академиясынын анык мүчөсү, 1981-жылы СССР илимдер Академиясынын (азыркы – Россия илимдер академиясы) мүчө-корреспонденти болуп шайланган. Ал Америкалык математикалык коомдун мүчөсү, «MathematicalReviews» журналынын редколлегиясынын мүчөсү болгон.

300дөн ашуун илимий эмгектерди, анын ичинде алты фундаменталдык монографияларды жарыкка чыгарган. Анын илимий эмгектери АКШ, Россия, Франция, Германия ж.б. өлкөлөрдүн белгилүү илимий басмаларында жарык көргөн, практикада, анын ичинде космостук жана согуштук техникалык сфераларда кеңири колдонулган. 50дөн ашык илимдин кандидаттарын, 20дан ашык илимдин докторлорун даярдаган жана алар мурунку СССРдин бардык мамлекеттеринде жана жакынкы чет мамлекеттерде ийгиликтүү эмгектенип жатышат.

М.И.Иманалиевдин ишмердүүлүгү математика илими үчүн актуалдуу болгон дифференциалдык жана интегро-дифференциалдык теңдемелердин теориясы жана алардын илимдин ар түрдүү тармактарына колдонуштарынын проблемалары менен байланышкан. М.И.Иманалиев ошондой эле эл агартуунун жана илимдин көрүнүктүү уюштуруучусу, жалпы орто мектептердин базистик математика курсунун кыргыз тилиндеги программасынын жана окуу китептеринин автору.

Илимий-уюштуруучулук, илимий жана педагогикалык ишмердүүлүгүндөгү жемиштүү иштери үчүн М.И.Иманалиевге «Кыргыз Республикасынын илимине эмгексиңирген ишмер» деген ардактуу наамы йгарылган, көптөгөн Мамлекеттик сыйлыктар берилген, алардын ичинде «Эмгек Кызыл Туу» ордени, СССРдин медалдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак грамоталары, I жана III даражадагы Манас ордени, Кыргыз Республикасынын Президентинин «XX кылымдагы өзгөчө илимий жетишкендиктери үчүн» ардактуу алтын медалы, Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагындагы Мамлекеттик сыйлыгы бар.

Ал мамлекеттин коомдук саясий иштеринде активдүү катышкан, СССР Жогорку Советинин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон.

Атактуу илимпоз, таланттуу математик М.И.Иманалиевдин жаркын элеси аны билгендердин жүрөктөрүндө түбөлүккө сакталат.

А.Ш.АТАМБАЕВ, С.Ш.ЖЭЭНБЕКОВ, Ч. ТУРСУНБЕКОВ, М.АБЫЛГАЗИЕВ, Ч.СУЛТАНБЕКОВА, Дж. РАЗЗАКОВ, О.М.ПАНКРАТОВ, Ф.НИЯЗОВ, А.ОСМОНАЛИЕВ, Г.КУДАЙБЕРДИЕВА, А.Э.ЭРКЕБАЕВ, А.А.БОРУБАЕВ, И.ОМУРКУЛОВ, А.БАТЫРБЕКОВ, Б. ТӨРӨБАЕВ, А. СУЛАЙМАНОВ, О. ТЕКЕБАЕВ, О. БАБАНОВ, Г.МОЛДОБЕКОВА, К.ЖУМАЛИЕВ, К.ИМАНАЛИЕВ, А.С.ИБРАИМОВ, Ч.У.АДАМКУЛОВА, А.АКМАТАЛИЕВ, Б.А.ТОКТОРАЛИЕВ, Ч.И.АРАБАЕВ, К.СУЛАЙМАНКУЛОВ, А.БАКИРОВ, Т.КОЙЧУЕВ, М.МАМЫТОВ, М.МАМАКЕЕВ, У.АСАНОВ, И.Т.АЙТМАТОВ, Р.Ж.ДЖЕНЧУРАЕВА, Ж.ШАРШЕНАЛИЕВ, А.КУТАНОВ, Б.КУДАЙБЕРГЕНОВ, А.ЖАЙНАКОВ, М.С.ДЖУМАТАЕВ, К.Ч.КОЖОГУЛОВ, У.КАРАГУЛОВ, К.АЛЫМКУЛОВ, П.С.ПАНКОВ


Шилтемелер