Menu

  

    

 

1502019-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен уюштурулган улуу жазуучу академик Чынгыз Айтматовду эскерүүгө байланыштуу иш-чара болуп өттү.

       Улуу жазуучубуз Ч. Айтматовду эскерүү Ата-Бейит мемориалдык комплексинде гүл коюу аземи менен башталды. Андан ары таазим кылуу аземи Ч. Айтматовдун заманбап стрит-арт форматында тартылган сүрөтү алдында улантылды. Бул инсталляцияТокомбаев-Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган.

1 2 3

        Андан соң Ч.Айтматовго Улуттук илимдер академиясынын башкы имаратынын алдында эскерткич такта белгиси орнотулуп, иш-чараны Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Джуматаев Ч. Айтматовдун илимге кошкон зор салымы тууралуу эскерүү менен башталды. М.С. Джуматаев өз сөзүндө бул демилгени алып чыккан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлерине, академик Абдылдажан Акматалиевге ыраазычылыгын билдирди. Бул орун Ч.Айтматовдун дүйнөсүнө сүңгүп кирип, залкар жазуучубуз менен баарлашуу орундугу болсун деген каалоо-тилектерин айтып өттү.

5 6 4

        Ачылыш аземде “Устатшакирт-Умтул” театрынын жаш актерлору (№68-мектеп-гимназия, Бишкек) жазуучуну эскерип, “Биринчи мугалим” повести боюнча спектаклден үзүндү тартуулашты. Ч.Айтматовдун жаркын элесине арналган документалдуу тасма көрөрмандарга сунушталды.

         Иш-чарага жазуучунун үй-бүлөсүнөн Роза Айтматова жана ошондой эле жазуучунун чыгармачылыгына таазим кылган адабият, маданият, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, изилдөөчүлөр, окурмандар ж.б. катышышты.     Эске сала кетсек, залкар жазуучубуз Чынгыз Төрөкулович Айтматов 2018-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.