Menu

  

    

 

IMG 8076 150КР УИАда Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдык салтанатты УИАнын жалпы жамааты уюштуруп, илимий-изилдөө институттарында эмгектенгендер өнөрлөрүн тартуулап, өз ара таймашышты.

Майрамдык иш-чара алас айтуу менен башталып, андан соң КР УИАнын Президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев Нооруз майрамы менен куттуктады : “Нооруз майрамыңыздар менен КР УИАнын жалпы жамааты жана келген коноктор! Жаңы жылда жаңы илимий максаттарды коюп, ал максаттар ишке ашсын. Ынтымакта бололу, жакшылыктар мол болсун! Академиянын илимий традициясын мындан ары дагы улантуучу жаштарыбыз көп болсун, баарыңыздарга ийгилик каалайм.”

Майрамдын кечеге келген конокторго кыргыздын улуттук тамак-аштары сунулду. Өнөрлөрүн тартуулаган кызматкерлерге уюштуруучулар тарабынан белектер тартууланды. Ошондой эле кыргыздын улуттук оюндары ойнотулду. 

IMG 7881 1 IMG 7884. 2jpg IMG 7889. 3jpg IMG 7892 4 IMG 7904 5 IMG 7920 6 IMG 7944 7  IMG 8076. 11jpgIMG 7992 7 IMG 8015. 8jpg IMG 8050. 9jpg IMG 8073 10 IMG 8112 12 IMG 8119 13