Menu

  

    

 

IMG 6621 8030-январда КР УИАнын Президиумунун кезектеги отурумунда мекеменин президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев Бурулкан Толобековага “Тоо иштери” адистиги боюнча профессору наамы ыйгарды.

Ошондой эле Айзуура Азырхановага философия илимдеринин кандидаты, Гулзада Аскалиевага техника илимдеринин кандидаты, Элмира Шабдановага химия илимдеринин кандидаты дипломун тапшырды.

Дипломдорду тапшырып жатып, президент М.С. Джуматаев окумуштууларга “илимде мындан ары да жигердүү эмгектенип, чыгармачылык ийгилик жарата берүүлөрүн” каалады.

          IMG 6622 IMG 6624 IMG 6627