Menu

  

    

 

IMG 6507 80Бүгүн, 24-январда КР УИАнын Коомдук илимдер бөлүмүнүн 2018-жылга карата илимий-изилдөөчүлүк жана илимий-уюштуруучулук ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчету болду.

Бөлүмдүн курамында 5 илимий мекеме жана борборлоштурулган илимий китепкана бар. Бул мекемелердеги жалпы кызматкерлердин саны - 266, илимий кызматкерлердин саны 241, алардын ичинен 5 академик, 17 корреспондент-мүчө, 40 илимдин доктору, 79 илимдин кандидаты эмгектенет.

2018-жылы Бөлүм боюнча 29га жакын монография, 126 окуу китептери жана окуу куралдары, 235 илимий макала жарык көргөн жана анын ичинен 60 макала чет өлкөдө жарык көргөн.

Бөлүм тарабынан бул отчёттук жылда 103 эл аралык, республикалык илимий форум, конференция, семинар, тегерек столдорду уюштурулган анын ичинен уюштуруу жана катышуу 165.

Бөлүмдүн алдындагы 6 диссертациялык кеңеште республикалык жана чет элдик ар кандай мекемелеринен даярдалган 10 докторлук, 41 кандидаттык диссертация корголгон.

Коомдук илимдер бѳлүмүнѳ тийиштүү 15 илимдин доктору жана 31 илимдин кандидаты ЖОЖда сабак берип, илимий тажрыйбасын ѳстүрүп келишет. Бюджеттен жалпы 40324,6 сом бөлүнгөн.

 Коомдук илимдер бөлүмүнүн 2018-жылы аткарган илимий-изилдөөчүлүк жана илимий-уюштуруучулук ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат менен КИБнүн төрагасы, академик Абдылдажан Амантурович Акматалиев тааныштырды.

                       IMG 6507 1IMG 6513 акматалиев IMG 6518

 Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту

 Илимий иш-аракеттердин негизги багыттары “Кыргыз адабиятын синхрондук жана диахрондук планда изилдөө” (2016-2020-ж.);

Кыргыз тилин синхрондук жана диахрондук планда изилдөө (2016-2020-ж.) деп аталган эки долбоордун алкагында изилдөө иштерин алып барышты.

Отчеттук мезгилде Институттун илимий-изилдөө ишинин календарлык планына ылайык биринчи долбоор боюнча “Манас” эпосундагы мифологиялык мотивдердин, “Манас” эпосундагы дидактикалык мотивдердин функциясы талдоого алынып, манасчылар Ш. Рысмендеевдин, Ы.Абдырахмановдун, Д.Козукеевдин, Садыковдун, А.Тойчубековдун, Иса Жумабек уулунун, У.Мамбеталиевдин ж.б. чыгармачылык портреттери, эпосту айтуудагы чеберчиликтери, алардын жалпылыктары жана айырмачылыктар, эпикалык поэзиядагы мифтик образдардын илимий булактары, акындар поэзиясындагы айтыш жанрынын стилдик бөтөнчөлүктөрү талдоого алынды.

2000-2015-жылдар ичинде профессионалдык адабият жанырында жарык көргөн көркөм чыгармалардын поэтикасына, образдар системасына тематикасына, кеңири изилдөөлөр жүргүзүлдү.

Экинчи долбоор боюнча байыркы кыргыз тили (фонетика, лексика, морфология, синтаксис); кыргыз тилинин академиялык грамматикасы (фонетика, лексика, морфология, синтаксис), “Мамлекеттик тил, бизнес жана бизнес иш кагаздарын жүргүзүүдө, “Ишкердик документтер жана алардын өзгөчөлүктөрү”, “Жазма документтердеги ар түрдүү ишкердик терминдеринин статистикалык өзгөчөлүктөрү, кыргыз тилин окутуу инфраструктурасындагы азыркы жагдай”   деген темалардын үстүндө изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Кол жазмалар бөлүмүндө архивдик материалдарды электрондук вариантка өткөрүү иштери улантылууда.

2018-жылдагы институттун жетишкендиктери: Отчеттук мезгилде Институт тарабынан жыл бою тил жана адабият маселелерине арналган 63 илимий макала, конференциянын докладдары жарыкка чыккан:

42 макала жергиликтүү басылмаларда жарыяланса,

21 макала чет өлкөлүк басылмаларда жарык көргөн.

         Пландан сырткары Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын негизинде адабият жана тил багыты боюнча 9 6китеп жарык көргөн.

2018-жылы Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Коомдук илимдер бөлүмү республикалык жана Эл аралык конференцияларды уюштуруп, илимий докладдарды жасашып, улуу жазуучу, академик Ч.Айтматовдун чыгармаларын пропагандалоодо чоң салып кошушкан. Ошондой эле “Ысык-Көл форуму”, “Көчмөндөр оюну”, Алтаистика форумунун илимий негизин Коомдук илимдер бөлүмүнүн кызматкерлери түзүшкөн.         Эл аралык илимий байланыштар жаатында Кыргызстандагы Түштүк Кореянын элчилиги, Дүйнөлүк эпостордун борбордук комитети (Кытай Эл Республикасы), Россия Федерациясынын элчилиги, Евразия университети (Казахстан), Түрк академиясы (Астана), Кастомону университети (Турция) ТҮРКСОЙ, М.Ауэзов атындагы Адабият жана маданият институту менен тыгыз байланышта болуп келе жатат.

Жыл ичинде институт тарабынан 3 республикалык, 2 эл аралык илимий-практикалык конференциялар уюштурулуп, жарык көргөн бир нече китептердин бет ачаарлары өттү.

Институттун алдындагы тил жана адабият боюнча Диссертациялык кеңештерде 5 докторлук, 10 кандидаттык диссертация жакталды. Анын ичинде институттун 1 кызматкери докторлук ишин коргогон.

                         IMG 6532 IMG 6545 IMG 6514 кд

 

Д. Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту

Илимий иш-аракеттердин негизги багыттары “Мамлекетти башкаруу проблемалары (ХХ– ХХI к. башы)”.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышынын жана өнүгүшүнүн байыркы доорлордон азыркы учурга чейинки тарыхы.

Кыргызстандагы учурдагы демократиялаштыруу процесстери, жарандык коомдун өнүгүшү.

Улуу Жибек жолундагы дүйнөлүк цивилизациялардын өз ара байланыштары, орто кылымдагы шаарлардын, шаарчалардын жана коммуникациялардын пайда болушу.

Кыргызстан элдеринин этникалык тарыхы, чарбасы жана маданий мурастары.

Борбордук Азиядагы дунгандардын тарыхын, маданиятын жана адабиятын изилдөө

2018-ж. каралган жеке пландык иштерди аткаруу максатында бѳлүмдүн илимий кызматкерлеринин айрымдары этнографиялык талаа экспедицияларына барышкан, айрымдары архивдерден, китепканалардан, интернеттен ж.б.у.с. булактардан маалымат, материал издешип тапкандарын анализдеп, системага салышты. Бул илимий изилдѳѳлѳрдүн кээ бир жыйынтыктары жарыка чыгарылган.

Илимий кызматкерлеринин изилдөөлөрү чет мамлекетте бааланууда, алар менен биздин кызматкерлер тыгыз илимий кызматташууда жана алар тараптан каржыланууда, мисалы: Кытай, Япония, Турция, Россия, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Таджикстан жана башка мамлекеттери менен.

Отчёттук жылда институт тарабынан 9 монография, 46 илимий макала, алардын ичинен 11 макала 1 монография чет элде жарык көргөн.

Массалык маалымат каражаттарында тарыхты пропагандалоо боюнча Институттун кызматкерлери көптөгөн интервьюларды, илимди жайылтуу иштерин алпы барышкан.

Институттун алдындагы Д. 07. 13. 013. Диссертациялык кеңеште 8 илимдин кандидатын жана 5 илимдин доктору чыгарылган.

        Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту

Илимий иш-аракеттердин негизги багыттары: Институттун кызматкерлери 2017-жылдан тартып 2021-жылга чейин пландаштырылган эки жаңы долбоордук ишти алып барышууда: «Кыргыздардын дүйнө таанымынын генезиси жана эволюциясы» (философия боюнча); «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн конституциялык өнүгүүсүнүн тарыхый-укуктук аспекти» (укук боюнча). Бул эки долбоор тең «Кыргыздардын коомдук-саясий жана философиялык ой-тутумунун тарыхы: байыркы замандан биздин күнгө чейин», - деген 5 томдук фундаменталдуу эмгекке байланган. Долбоорлор бюджеттик каржылоодо.

Институттун илимий-изилдөө ишинин календарлык планына ылайык биринчи долбоор боюнча философиялык-методологиялык, логикалык-гносеологиялык, табигый илимдик жана социогуманитардык булактар изилденди; кыргыздардын экологиялык маданиятын чагылдырган түшүнүк-категориалдык аппаратты системалаштыруу жүзөгө ашты; ар бир бөлүктөрдүн темасы боюнча философиялык-методологиялык материалдар калыпка келтирилди. «Улуттук салттардын экологиялык императивдери» аттуу бөлүмү жазылды. Бул иште улуттук-этникалык салттарды изилдөөлөрдүн негизинде кылымдардан бери калыптанып келген үрп-адаттар, принциптер каралат. Айтылган принциптерде улуттун табиятка болгон мамилеси, социо-экологиялык баалуулуктарга болгон ачыктыгы байкалат. «Кыргыздардын эстетикалык ой-тутумунун жаралышы» аттуу бөлүм боюнча эмпирикалык жана теориялык материал изилденип, 4 б.т. көлөмүндөгү бөлүк жазылып чыкты. Анда байыркы замандардагы жана тарыхый процесстин кийинки мезгилдериндеги эстетикалык-философиялык ойломдун түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндө айтылат. Институттун кызматкерлери илимий конференцияларга жана семинарларга катышууда. Өлкөбүздүн күч органдары менен байланыш калыптанган. Адистер экспертиза берүү ишин жигердүү ишке ашырууда. «Кыргызстандын көркөм өнөр маданиятынын өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү» деп аталган монографиянын дагы бир бөлүмүн басып чыгарууга даярдашты.

Экинчи долбоор боюнча отчеттук мезгилде талапка ылайык юридикалык-методологиялык, укуктук ж.б. илимий булактар колдонулду; изилдөөнүн максаттарын жана милдеттерин ачып берүүсүн шарттаган материалдар жыйналды; укуктук мүнөздөгү пайда болгон маселелерге теоретикалык изилдөө жүргүзүлдү.

Отчеттук мезгилде Институттун илимпоздору 2018-жылы 9 китеп жана 80ден ашуун илимий жана илимий-популярдуу макалалар, анын ичинде 30га жакын макала РИНЦтен жана чет элдик басмалардан жарык көрдү. Алар ар кандай жыйнактарда жана мезгил-мезгили менен чыгуучу басмаларда жарыкка чыкты.

Эл аралык илимий байланыштар жаатында СНГ жана алыскы чет элдик мамлекеттердин илимий мекемелери менен тыгыз байланыш улантылып келди: Россиянын, Украинанын, Казахстандын, Таджикистандын Институттары жана Польшанын, Турциянын, Кытайдын илимий Борборлору ж.б. менен активдүү кызматташты.

Институттун жетектөөчү илимпоздору тарабынан жогорку окуу жайларынын изденүүчүлөрүнө, аспиранттарына жана докторанттарына жетекчилик кылуу үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылып турат жана Институттун диссертациялык докторлук кеңешинде 2018-жылы 7 кандидаттык жана 1 докторлук диссертациялар ийгиликтүү жакталды.

 Дж.Алышбаев атындагы Экономика институту

Илимий иш-аракеттердин негизги багыттары: Институттун кызматкерлери 2017-жылы бекитилген төмөнкү илимий долбоор боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүштү. «Кыргызстандын экономикасы: SWOT-анализ жана аны өнүктүрүү максаттары» («Экономика Кыргызстана: SWOT-анализ и цели развития») деген илимий долбоордун алкагында “Туруктуу өнүгүүнүн заманбап теориялары жана моделдери”, “Реалдуу сектордун жана инфраструктуранын тармактарынын SWOT-анализи”, “Аймактардын финансылык жана социалдык чөйрөлөрүнүн SWOT-анализи”, “Кыргыз Республикасынын экспорт-импортунун SWOT-анализи” деген темалардын үстүндө иш алып барышты. Негизинен төмөнкүдөй жыйынтыктар чыгарылды:

Экономикалык өнүгүүнүн теориясынын жана стратегиясынын, адекваттуу институциялык чөйрөнүн калыптанышынын, экономикасы трасформацияланып жаткан өлкөнүн социалдык коопсуздугунун индикаторлорун анализдөө маселелери изилденип, реалдуу сектордун тармактарынын өнүгүүсүндөгү көйгөйлөрү менен бирге алардын алдын алуу амалдары жана ЕАЭСке кошулуу шартындагы тармактардын өнүгүү жолдору менен келечектери каралып чыкты.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги стратегиялык максаттарынын бири болуп экономика чөйрөсүндөгү (жаатындагы), анын ичинде реалдуу сектордогу, улуттук кызыкчылыктарды камсыздоо саналат.

Кызматкерлер тарабынан Кыргызстан менен ЕАЭС өлкөлөрүнүн ортосундагы экспорт-импортуна анализ берилип, Белоруссиянын, Узбекистандын жана Казакстандын экономикалык өнүгүү моделдери талдоого алынган.

ЕАЭСке ар бир мамлекет пайда табуу максатында, экономикалык таптын саясатчылдыкка үстөмдүгүн жүргүзүп, тең укуктуулук менен өз кызыкчылыктарын коллективдүү түрдө коргоо үчүн өз ыктыяры менен катышып түзүлгөн жаш уюм.

Отчёттук жылда Институт тарабынан 4 монография, 7 окуу куралы жана 25 илимий макала анын ичинен 5 макала чет өлкөдө жарыкка чыкты.

 Социалдык изилдөөлөр жана илимдин методологиясы борбору

Илимий иш-аракеттердин негизги багыттары: «Азыркы эгемен Кыргызстан: комплекстүү дисциплиналар аралык изилдөө» («Cовременный суверенный Кыргызстан: комплексное междисциплинарное исследование») (2017–2018-ж.), «Кыргызстандын региондорундагы улут аралык мамилелердин жана коомдук-саясий жашоонун туруктуу өнүгүү факторлоруна социологиялык анализ» («Социологический анализ факторов устойчивого развития межэтнических отношений и общественно-политической жизни в регионах Кыргызстана») (2016–2020-ж.).

Социалдык изилдөөлөр бөлүмү “Кыргызстанда жарандык иденттүүлүктү калыптандыруунун көйгөйлөрү, жолдору, чечилиштери” долбоордун үстүндө иш жүргүзүүдө. Аталган долбоор боюнча 2016-2018-жылдары “Кыргыз жаранынын” жарандык иденттүүлүгүнүн калыптанышынын факторлоруна анализ берилет.

2018-жылы ГАМСУМО жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясы менен бирдикте Кыргызстандын аймактарында жарандык иденттүүлүктүн маселелери боюнча социологиялык изилдөөлөр жүргүзүү пландаштырылган.

6 илимий макала, 4 монография чыгарышкан. Мындан сырткары, 27 эл аралык жана республикалык конференцияларга катышышкан.

 Борборлоштурулган илимий китепкана

Илимий иш-аракеттердин негизги багыттары: КР УИА БИКтин кызматкерлеринин жалпы саны 40, анын ичинен 3 илимий даражасы бар окумуштуулар. 2018-ж. БИКтин көп профилдүү ишмердүүлүгү   китепканага илимдин бардык тармактары боюнча басылмаларды топтоого; окурмандарга керектүү илимий маалыматтарды бүткүл дүйнөнүн илимий ресурстарынан адаттык жана электрондук жолдор аркылуу камсыздоого; китепканалык-библиографиялык кызмат көрсөтүүлөргѳ; окурмандарды китеп окууга кызыктыруу максатында ар кандай массалык иш-чараларды жүргүзүүгө жана фонддорду сактоого багытталды.

БИКтин фондун топтоо боюнча 2018-жылы БИК адаттагыдай эле 2 чоң багытта иш алып барды. 1-си БИКтин фондуна жаңы адабияттарды топтоп, илимпоздорду традициялык басылмалар менен жана дистанттык-аралык, электрондук варианттары менен камсыздоо. БИК болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, дүйнөнүн 15 мамлекетинен 41 шериктештер менен кызматташты. Натыйжада 4520 нуска жаңы илимий адабияттарды фондго топтоду. Алардын булактары КМШ мамлекеттеринин илимий академиялары жана Япония, Кытай, АКШ, Германия сыяктуу чет ѳлкѳлѳрдүн китепканалары менен илимий мекемелери болду.

Окурмандарды алыс аралыктагы электрондук документтер менен камсыздоодо БИК 2018- жылы дүйнѳлүк электрондук басылмалар жана айрым китепканалар менен илимий басылмаларды акысыз алуу үчүн ар кандай келишимдерди түздү.

Китепканалык- библиографиялык кызматты автоматташтыруу боюнча 2018-жылы БИК электрондук-санариптик китепкана түзүү иштерин улантты жана БИКтин сайты жаӊы толук текстүү маалыматтар менен толуктады.

Электрондук каталог жана кадимки картотекалар БИК     электрондук жана кадимки катологдорду толуктоону улантып, “Жаӊы китеп”, “Жаӊы чет тилдердеги адабияттар”, “Сейрек китептер”, “Журналдар”, “Диссератция жана авторефераттар” сыяктуу   маалыматты маалымдоо базаларына (ММБ) 748жаны библиографиялык жазылмалар киргизилди.

Массалык-маалымат иштери боюнча ар кандай кѳргѳзмѳлѳр жана   комплекстүү-массалык иш чаралар уюштурулду.

Сейрек учуроочу китепте рменен иштѳѳ. БИКтин фондунда 12 миңден ашуун сейрек китептер бар. 2018-жылы латын тамгасы менен жазылган 47 нуска санариптелип, алардын электрондук варианттары жасалды жана аларды паспорттоожазылды. Эл арасынан иликтеп издѳѳ жолу менен 4 нуска араб тамгасы менен жазылган сейрек китептер алынды.   Алардын айрылган барактарын чогултулуп, лабораторияда реставрацияланды. Баалуу китеп – Молдо Кылыч Шамыкан уулу, “Жер титирѳѳ тарыхы – ыр түрүндѳ” Казань, 1911. Китептин факсимилдик кѳчүрмѳсү Алма-ата шаарынан алынды. АКШ Блюмингтон университетинин илим изилдѳѳчүсү менен биргеликте араб алфавитиндеги кыргыз, татар, ѳзүбек, түрк(чагатай), араб жана фарс тилдеринде жазылган 41 уникалдуу сейрек китептер динаннотациялары жазылып чоӊ иш жасалган.