Menu

  

    

 

Китеп 11-декабрда илимдер академиясынын академиги Михаил Николаевич Лущихиндин«Я не поэт…» (“Акын эмесмин мен...”) аталышындагы поэтикалык ыр жыйнагынын бет ачаары өттү.

Иш-чаранын алкагында Урал мамлекеттик агрардык университети менен Биотехнология институтунун ортосунда кызматташтык боюнча келишимге кол коюлду.

         Дженбаев  Договор  

Ошондой эле Михаил Николаевич Лущихиндин кызы Евгения Михайловна Лущихина тарабынан атасынын эмгек жолуна арналган тасма көрсөтүлдү.

- Алгач, атама арналган иш-чарага келгендерге, аны уюштургандарга ыраазычылык билдирем, ыракмат айтам. Атам мүнөзү жумшак, жөнөкөй адам эле. Ал мага лабораториянын жетекчиси гана эмес, жакын атам болгондуктан, атама болгон урмат коллективде бүгүнкү күнгө чейин сезилип турат. Мына, колумда анын ыр китеби турат. Аны эстегендерге, анын ыр китебин чыгаргандарга  мен терең ыраазымын. Атам ырларынын китеп болуп чыгарын эч качан ойлогон эмес болушу керек – деп, Михаил Лущихиндин ырларын окуп берди. 

                                            Лущихина

Бет ачаар «Звезда» ТРК ВС РФ” (Москва),  ААКнын, Урал мамлекеттик агрардык университетинин  (Екатеринбург ш.), «Урал - Евразия» эксперттик топтун (Екатеринбург ш.), КР УИАдагы Биотехнология институтунун демилгеси менен өткөрүлдү.