Menu

  

    

 

imgonline com ua Resize cTyldxeTZVIXK3r 80Бүгүн, 22-ноябрда КР УИАнын президенти, академик Джуматаев Мурат Садырбекович Берлин Парламентинин депутаттары: ХДС фракциясынын иш башкаруучусу Дэнни Фраймарк, Трептов-Кёпеник округу боюнча ХДС фракциясынын төрагасы Майк Пэнн, К.Аденауэр  атындагы фонддун Борбор Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү доктор Томас Кунце баш болгон делегациясын кабыл алды, ошондой эле жолугушууга эл аралык бөлүмдүн башчысы  Чолпон Урушбековна Койчуманова да катышты.

Эки тарап мындан ары илим жаатында Германия менен Кыргызстандын ортосундагы биргелешкен кызматташууга макулдашып,  Эл аралык кызматташуудагы баардык багыттардын пайдубалын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

                        imgonline com ua Resize oRy8mLeIdZ imgonline com ua Resize Ndonpo3x8qoyq5E

Берлин Парламентинин депутаттары Кыргызстандын илим жана билим берүү тармагына кызыкдар экендигин жана колдоо көрсөтүшөөрүн, Улуттук илимдер академиясы мындай ишти ишке ашырууда мындан ары кызматташууга аянтча болуп каларына үмүттөнөөрүн билдиришти.