Menu

  

    

 

imgonline com ua Resize uBiWDVCiXbNnБүгүн, 1-ноябрда академик Адышев М.М. атындагы Геология институтунун 75 жылдыгына арналган илимий конференция өттү.

Иш-чараны Геология институтунун директору, геолого-минерологиялык илимдеринин доктору Кадырбек Сатыбалдынович Сакиев ачып, катышуучуларды куттуктады.

Конференцияда физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен-геологиялык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик Аскар Асанбекович Кутанов куттуктоо сөзүн айтып:

“Илимдер академиясы менен кошо Геология институту да түзүлгөн.  Ошол учурдан бери институтта көрүнүктүү окумуштуулар,  кесипкөй-адистер иштеп келе жатат. Көптөгөн илимий ачылыштар ачылып, карталар түзүлүүдө. Кыргызстандагы илим тармагына чоң салымын кошкон институттардын бири” - деп кошумчалады.                                                                                                                                                                                                                                                         imgonline com ua Resize 5zf2zUOcSeazRsbBimgonline com ua Resize Ufa0SInSrjeimgonline com ua Resize 7F9V7R14X8NLVMq

Ошондой эле КР УИАнын башкы окумуштуу катчысы, биология илимдеринин доктору Бекмамат Мырзакматович Жээнбаев КР УИАнын президентинин атынан куттуктап, институттун бир топ ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын түндүк регионундагы негизги геоэкологиялык көйгөйлөр, Тянь-Шандагы географиялык изилдөөлөр, ресурстарынын жалпы маселелери боюнча темалар талкууланды