Menu

  

    

 

imgonline com ua Resize A8GVlKFOsL5sZjXБүгүн, 23-октябрда Улуттук илимдер академиясынын Химия жана химиялык технологиялар институтунун 75 жылдыгына арналган “XXI кылымдын босогосундагы инновациялык илим” аттуу Эл аралык илимий конференция өттү.

Иш-чарада УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев куттуктоо сөзүн сүйлөп:

 “Институттун  илимпоздорунун макалалары дүйнөлүк басылмаларга, илимий журналдарга көп жарыялангандыгын, бул да болсо илимдин жетишкендигинин жыйынтыктары экенин белгиледи. Жалпысынан айтканда Химия институту академия үчүн чоң таяныч, келечеги кең тармак  экенин” - белгилей кетти.

Химия жана химиялык технологиялар институтунун директору, биология илимдеринин доктору Кайыркул Түнкатарович Шалпыков:

“Бүгүнкү күндө глобалдык өзгөрүүлөр доору жана кадрлардын ишкердик квалификациясын жогорулатуудагы инновациялык окутуулар биринчи даражадагы мааниге ээ. Инновациялык технологиялардын негизинде биздин институттун кызматкерлери   азыркы замандын талабына ылайык илимий эмгектерди изилдөөгө активдүү умтулушууда. Институт 75 жыл аралыгында Кыргызстанда эле эмес чет өлкөлөрдө иштеп жаткан көптөгөн таланттуу окумуштууларга жол ачып берди” - деген оюн билдирип, иш-чаранын катышуучуларын куттуктады.imgonline com ua Resize 68NbLxK9l66cPJ imgonline com ua Resize eHKxkZlawjaIGTd imgonline com ua Resize LWP088j3FX

Конференцияга Казахстандын, Россиянын жана Кыргызстандын окумуштуулары катышты.

Иш-чаранын алкагында Ыссык-Көлдүн биомассасынын аныктамасы, Кыргызстандагы нанотехнологиянын келечеги, табигый полимерлердин негизиндеги функционалдык материалдар деген темалар талкууланды.

Ошондой эле Химия жана химиялык технологиялар институтунун конференц-залынын ачылышы  болду.