Menu

  

    

 

Лого Бот Сада 222Эртең, 29-сентябрда Э.З.Гареев атындагы УИАнын Ботаникалык багынын 80 жылдыгына арналган “Ботаникалык бакка 80 жыл. Жаңы дем!” аттуу шаардык майрам өткөрүлөт. Бул иш-чарада “Азиялык тоо багы”  деген аталыштагы Ботаникалык бактын бир бөлүгүн калыбына келтирүүнүн  генералдык планы көрсөтүлөт. 

Шаар тургундарын майрамдык концерттик программа, ошондой эле оюн-зоок сунушталат.

Анда:
- кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү;
- этнодефиле;
- экологиялык тамак-аш;
- балдар үчүн оюндар жана мастер-класстар;
- сүрөткө түшүү аймагы;
- эстрада ырчыларынын катышуусунда концерт;
- мааракелик тортту салтанаттуу кесүү программалары сунушталат.
            Майрам саат 10:00 баштап 16:00гө чейин УИАнын Ботаникалык багында (Ахунбаев көчөсү 1А) өтөт.