Menu

  

    

 

1Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык багынын И.Ахунбаев көчөсүндөгү илим изилдөөчү аймактан орун алган Азия тоо багын кайра жаратуу жана өнүктүрүү концепциясы менен көпчүлүктү тааныштыруу максатында аталган илимий мекеменин илимий кызматкерлери Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышып келди. Ботаникалык бактын директору ал жөнүндө мындай дейт:

- Биз Ботаникалык бакта жасап жаткан иштер менен Кыргызстандын төрт бурчунан жана бүткүл дүйнөдөн келген конокторду тааныштырдык.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында бизди колдогон КР Өкмөтүнүн алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Рустамов А.А. менен жолуктук, БУУнун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело менен жакындан таанышып, биздин илимий мекеме жөнүндө маалымат бердик. Биздин оюбузча, ишибиз алга жылса, Ботаникалык бак дагы чет мамлекеттик туристтер келип, суктанып дагы, эли-жерибиз жөнүндө маалымат алып кеткендей жер болот.

2  3