Menu

  

    

 

IMG 20180806 WA0001Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институтунун директору, академик Алтай Борубаев жана аталган институттун «Топология жана функционалдык анализ» лабораториясынын ага илимий кызматкери, физика жана математика илимдерин доктору Бекболот Канетов Грецияда өткөн  «Topology and its Applications» эл аралык илимий конференциясына катышып келишти.

 Анда  академик  А. Борубаев  «A Lattice of compactifications of  uniformly continuous mapping»  деген темадагы,  ал эми Б.Канетов  «On strongly uniformly paracompact space» аталышындагы илимий докладын жасады.

 IMG 20180806 WA0002  IMG 20180806 WA0003

Конференция Грециянын Нафпактос шаарында 2018-жылдын 7-11 июль аралыгында өтүп, иш-чарага 50дөн ашуун өлкөнүн математиктери катышкан. Ошондой эле КР УИАнын жогоруда аталган эки окумуштуусу  Патрас  университетинин жетекчилиги менен жолугушуу учурунда аталган университетке лекция окуп кетүүгө чакырылган.