Menu

  

    

 

Ысык КолЫсык-Көлдө “Ысык-Көл Кыргызстандын табигый мурас объектиси катары” деген экологиялык семинар өттү. Иш-чаранын максатына илимий маалыматтар, экологиянын адамдын руханий калыптануусундагы ролу боюнча пикир алмашуу кирген. Атап кетсек, Ысык-Көл жаратылыш объектиси, ойлоонун жана чыгармачылыктын булагы, Ысык-Көлдүн социалдык мааниси жана көлгө карата экологиялык мамиле деген темада талкуу жүрдү. Жаратылыштын мурасы заманбап цивилизациянын системасында феномен катары маанисине баа берилди.

Семинар 28-июлда өтүп, ага философия илимдеринин доктору Сариева К.С., философия илимдеринин кандидаты, доцент Дыйканбаева Г.К., философия илимдеринин кандидаты Жунушова Г., философия илимдеринин кандидаты Шаршеналиева Т., ж.б. коноктор катышты.

Окумуштуу Калбүбү Сариева Ысык-Көлдүн кыргыз эли үчүн мааниси, адабияттагы, маданияттагы чагылдырылышы, бүгүнкү күндөгү абалы жана келечеги жөнүндө айтып келип, төмөнкүлөрдү кошумчалап кетти: “Албетте, биринчиден көлдү сактоо керек, туризм маселесин өндүрүү зарыл. Биздин көл минералга бай, пайдалуу жана дарылык сапаты жогору, ыйык көл. Ошондуктан көлдү күнүмдүк кызыкчылыкка, экономикалык пайдага гана  пайдаланбастан, келечек муундарыбызга сактоо ар бирибиздин ыйык парзыбыз”.

Ал эми философия илимдеринин кандидаты Тынара Шаршеналиеванын ою боюнча: “Чет өлкөлүк жаштар көлгө келе беришпейт, себеби өлкөдө 2 революция болду, мамлекетибиз кооптонуу сезимин туудурууда. Ал эми келген улуу муундар көлдүн касиетин, ыйыктыгын кадырлагандардан. Мында биз көлдү эс алчу, көңүл ачуучу жай катары гана даңазалабастан, кыргыз элинин философиясын, көлгө, сууга байланышкан  асыл ойлорун дагы келгендерге тааныштыруу максатын дагы көздөшүбүз керек”.