Menu

  

    

 

У.БримкуловКыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, техника илимдеринин доктору Бримкулов Улан Нургазиевичти 70 жылдык юбилейи менен куттуктайбыз!

   Улан Нургазиевич 1948-жылы жарык дүйнөгө келип, 1969-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүрүп, 1972-жылы Москва энергетикалык институтун аяктаган. Эмгек жолун Фрунзе политехникалык институтунда окутуучу болуудан баштап, өлкөнүн алдыңкы ЖОЖдорунда ректор кызматын аркалап, КРнын Билим жана илим министрлигинде да эмгектенген. Кыргыздын так илимдер жаатында иликтеген окумуштуу - “Билим берүүнүн отличниги” наамынын, “Манас-1000” медалынын ж.б. сыйлыктардын ээси.

   КР УИАнын жалпы жамааты окумуштууну 70 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап, чың ден соолук, кажыбас кайрат, ишине албан ийгиликтерди каалайт!