Menu

  

    

 

IMG 362425-июлда УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунда Кореянын Маданият борборунун башкармачылыгы менен жолугушуу өттү.

Жолугушууда Корея менен Кыргызстандын ортосунда маданият мурастарын сактап калуу боюнча маселелер көтөрүлдү. Корея окумуштуулары археология эстеликтерин илимий изилдөө, объекттерди, табылган артефакттарды реставрациялоо жана консервациялоо, реставрация жана консервация үчүн лаборатория куруу ж.б. тармагындагы кызматташууну сунуштоодо. Бул азырынча мындай деңгээлдеги алгачкы жолугушуулардан болуп, алдыда документтерди даярдоо процесси жүрөт.

Делегациянын башчысы Чо Санг Ги мырза кызматташуу жөнүндө мындай пикирин билдирди: «Биз Кыргызстанга Корея мамлекети менен кызматташуунун алкагында келип отурабыз. Биздин максат – мурастарды реставрациялоо, консервациялоо жана сактоо. Мен апрель-май айларында Ысык-Көлдөгү коргондорго келип кеткенмин. Биринчи жолу ал жерге 2012-жылы келген элем. Менин оюмча мындай эстеликтерди эки мамлекет кызматташуу жолу менен сактап калуусу абдан маанилүү иштерден» .