Menu

  

    

 

 С.ТоктомышевТехника илимдеринин доктору, профессор, академик Токтомышев Советбек Жайлообековичти 75 жаш кутман курагы менен куттуктайбыз!

    Советбек Жайлообекович 1943-жылы Чүй облусуна караштуу Москва районунун Предтеченка айылында жарык дүйнөгө келген. 1965-жылы Новосибирск мамлекеттик университетин бүтүргөн. Космостук изилдөө жана атмосфера физикасы тармагы боюнча адис.

200дөн ашуун эмгектин автору. Бишкек Политехникалык университетинде, Кыргыз Улуттук университетинде окутуучу катары эмгектенип, бир катар монография жана окуу куралдарын жазган. 

 КР УИАнын жалпы жамааты окумуштууну 75 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап, чың ден соолук, кажыбас кайрат, ишине албан ийгиликтерди каалайт!