Астанадагы Х Экономикалык форумдун алкагында Евразиялык улуттук университетте “Потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде Казакстандын улуттук экономикасынын диверсификациясын тездетүү жана атаандаштыкка болгон туруктуулукту жогорулатуу” аталашындагы жаш окумуштуулардын Эл аралык конференциясы болуп өттү.
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун директору Абылабек Асанканов Ирандын Мешхед шаарындагы "Астане де-Резави" көп тармактуу ишканасынын аналитика бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мехди Жалали менен жолукту.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.Акматалиевге кыргыз тили жана кыргыз адабиятынын өнүгүүсү, Кыргызстан, Түркия жана түрк элдеринин илимий жана билим берүү жаатында кызматташтыгына кошкон зор салымы үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ардактуу доктору наамы ыйгарылды.
17-июнда УИАнын Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык багында Кыргызстандагы Швейцариянын элчилиги колдоого алган «Си лабораториясынын» долбоорунун негизинде “Город: Made by...” онлайн-журналынын кезектеги санынын бет ачаары болду. Онлайн басылманын бул саны маданият жана искусствого, көркөм изилдөөлөргө жана коомдук-маданий процесстерди түшүнүүгө арналган.
Июнь айынын 19нан 22не чейин “Континенттер ичиндеги орогендердин геодинамикасынын жана геоэкологиясынын маселелери” аталышындагы Эл аралык VII симпозиуму өтөт. Иш-чараны Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту, Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту жана Кыргыз-Орус (Славян) университетинин институттары уюштурууда.
Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун окумуштуулар кеңешинде филолог-окумуштууларга “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын негизинде мамлекеттик тилди жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси менен аталган институттун 8 окумуштуусу, ардак грамота менен 18 кызматкери сыйланды.
Кыргыз Улуттук илимдер академиясында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата “Ыйман” фонду тарабынан чыгарылган “Чыгыштын чырактары” жана “Ислам агымдары тарыхы” китептеринин бет ачаары болду.
УИАнын Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык багында Брнодогу (Чехия Республикасы) Мендел атындагы университеттин доктору Радослав Вылк экстенсивдүү багбанчылык туурасында лекция окуду.
УИАнын президентинин милдетин аткаруучу М.Жуматаев Монголиянын Айыл чарба академиясынын вице-президенти Бамбаа Бадрч жана Сумьяга Гончинг менен жолугушту.
19-22-июнда Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын башкы илимий кызматкери, билим берүүнүн отличниги, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Акылбек Керимбековдун 70 жылдык маарекесине жана 45 жылдык илимий педагогикалык ишмердүүлүгүнө арналган III Эл аралык илимий конференция өтөт.
Байланыш 720071, Кыргыз Республикасы Бишкек ш., Чүй пр. 265-а Тел.:+996 (312) 392-366 (кабылдама) Факс: +996 (312) 39-20-62 +996 (312) 642-001 (маалыматтык бөлүм) +996 (312) 391-872 (редакциялык бөлүм)
Бардык укуктар корголгон Copyright 2016-2017 КР Улуттук Илимдер академиясы National Academy of Sciences of KR
Иш күндөрү: Дш., Шш., Шр., Бш., Жм. Иш убактысы: 08:30-17:30 Тыныгуу:12:00-13:00